Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Эшимканов элден башкача жашап кетти


"Ушак жанрынын" удулу
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00
Түз линк

Мелис Эшимканов "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүсүнүн коногу. 7-сентябр, 2011-жыл

Кыргызстанда белгилүү журналист жана саясый ишмер Мелис Эшимканов каза тапты. Бишкектеги менчик оорукана 48 жаштагы Эшимкановдун жүрөгү токтоп калганын тастыктады. Бул инсан Кыргызстан эгемендик алган өткөн кылымдын аягында кыргыз журналистикасында жаңы салтты баштап, сөз жана басма сөз эркиндигинин кыргыз коомунда кыртыш алышында айтаарлык эмгек сиңирген.

Быйыл Мелис Эшимкановдун мүчөл жылы экенин жана кыялы мурдагыдан өзгөрүп кеткенин анын жакын санаалаштары эстеп отурушат.

90-жылдары бул инсан советтик жасалма жана тажатма журналистикадан заматта карапайым элдин сөзү менен сүйлөгөн гезитти чыгарып, жумурай журтка дүң салган.

Катардагы чиновниктерден тарта мамлекет башчысына чейин таң атпай “Асабаны” алдырып окуп, өзүнүн жаман жагы чыкпай калса, жеңилденип дем алышчу дешет. Ошентип ал бийлик коррупциясын ашкерелөө салтына из салды десек да болот.


Эшимканов дегенде сакадай бойлуу, маңдайы жарык, сүйлөсө сөзүнөн учкун чачыраган адам көз алдыга тартылат. Анын гезиттерин жабышты, өзүн далай коркутушту. Бирок Эшимканов кайратынан жанбай, башкасын чыгарып, мейли гезити ашкере ачуу, кээде мазактоо орун алса да, ошол иш-аракети менен сөз жана басма сөз эркиндигин коргоп, көкжалдык кылды.

Эшимканов саясатка даң салып чыкты, көпчүлүк депутаттар сыңары өз бизнесин калкалаганга ыраазы болуп, момпоюп да, компоюп да жүрүп алган жок.

Президент Бакиевдин үй-бүлөлүк саясатын бетке чаап айтып, көркөм айтканда, анын азабын колуна берчү. Бирок 2008-жылы капыстан эле Бакиевдин уулу Максим менен ынак болуп кетип, элдин баарын бир чети таң калтырып, бир чети жаман көрүнгөн.

2010-жылы апрелден кийин Мелис Эшимканов, өзү айтмакчы, “самолюстрация” менен алектенип, саябанга чыкпай калды.

“Азаттыктын” мындан мурдагы “Ыңгайсыз суроолоруна” катышып, өзү из салып кеткен элдик журналистика ушак деңгээлине түшүп кеткенин мойнуна алганы бар.


Эшимкановдун саясатта, журналистикада, адабиятта, карапайым турмушта достору, санаалаштары көп эле, аны жаман көргөндөр, алтурсун жектегендер да аз эмес эле. Бирок мени таң калтырганы: душманы да аны урматтап, коюн-колтук алышып жүрө берчү. Саясатчылардын кайсы бири “Мелис канча кыйдылык кылса деле жаман көрө албайм, бул эмне касиет даарыган киши экенин билбей койдум” деп агынан жарылганын кулагым чалган.


Иши кылса, кыргыздын дагы бир чыгаан уулу арабыздан кете берди. Кудайым кыска өмүр буюрган Эшимкановду канча мактабайлы, канча жамандабайлы, ал көпчүлүккө нуска болгудай иштерди жасаганга үлгүрдү. Эмне дейбиз, өлүм улук деген ушу турбайбы. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Эскертүү: Мелис Эшимканов катышкан "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүсүн бул жерден көрүңүз.
XS
SM
MD
LG