Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Ушул жылдын 12-сентябрында кылымда бир келчү талант Рыспай Абдыкадыровдон айрылганыбызга 19 жыл толду.

Талантты тааныткан бир жан эле

Убакыттын учкулдугун кара. Кечээле 60 жылдыгын өткөрүп, ноталуу китебин жарыкка чыгарып, өмүрлүк жары Давлет Сманова эже жаныбызда жүрбөдү беле.

Давлет эже 2003-жылдын аягында каза болуп калды. Таланттын багына жаралган бир жан эле. Рыспайдын ысыгына да, суугуна да чыдап, эрке кыялын көтөрө билип, тоту куштай таптаган Давлет эже болгонун чогуу жүргөн эки жыл аралыгында жон терим менен сезген жайым бар.

Ошол күндөрдүн биринде “Карамат, Рыспай күндөлүк жазчу. Көзү өтөрүнө бир ай калганда Кара-Кулжадагы туулган жерине барып кайтканбыз. Ошондо белде туруп алып, көпкө ойлонду эле. Мени да тамашалаган. Ошол күндөлүгүн карап чык да, ошондогу сезимдерин күндөлүк катары кагазга түшүрбөйсүңбү?” деп калды. Анан кыймыл-аракетин бүт түгөлдөп, өмүр жолун айтып берди. “Рыспай бакыт издеп кетти деп жыйынтыктайлы” деп чечкенбиз ошондо. Айрым сөздөрүн күндөлүктөн алып, өмүр жолун кыскача баяндап, 1994-жылдын 6-августу деп коюп, Рыспайдын монологун түзүп, жазуунун ушул стилин тандап алганыбыз үчүн аябай сүйүнгөнбүз...

Мен бакыт издеп кеттим...

(Рыспай Абдыкадыровдун күндөлүгүнөн)


“Өзүмдү эч качан мындай сезген эмесмин. Түшүм да эсимден кетпей койду. Бассам-турсам тушайт да турат. Билдирбегенге аракеттенгеним менен кыраакы Давлет байкап калды окшойт. Анан калса обу жок тамашага салып койбодумбу. Береги биз турган Кызыл-Белдин ары жагы Алайдын Гүлчөсү, бул жагы - менин туулган айылым. Белден ашкандан кийин жол боюнда эски курулуш бар. Ошону пааналап, ачык асман алдындагы таңды тосолу деп Давлет менен кыздарымды араң көндүргөм. Жанында үймөлөктөнгөн чөп бар эле. Алдына кирип кеттим да, “чөптү үстүмө үй” дедим Давлетке. Дөмпөйгөн топурак алдында жаткан адам өзүн кандай сезерин билгим келген. Кара күчкө каткырымыш болгонум менен жүрөгүм адаттагыдан башкача туйлап алган ошондо.

***
Эмне эле баары сустайышат? Мурда келгенимде гүлдөр да күлүп турчу эмес беле? Алакан чапкылап, “Рыспай келди, Рыспай келдилеп” тосушчу тоолор да мостоюшат да. Мен эмне кылдым силерге? Шамал ыргалтса береги чөптөрдөн да дирилдеген ыр кайрыгы угулуп турчу эмес беле?

***
Эртеден бери ушул белден жездемдин келишин күтөбүз. Ал тээтиги Кара-Баткак жайлоосунан кымыз алып түшмөк. Андан ары жагы Сары-Кыр. Мен бала кезде кой жайып турчу кыр ошол. Өзүм кичинекей болгон үчүнбү, Сары-Кыр, Суук-Дөбөдөн өткөн бийик тоо жоктой сезилчү. Тырмышып, башына чыгып алып, үнүмдүн болушунча кыйкырар элем. Эң бийик чокуда мен гана жүргөндөй сезилер эле. Чайырдан комуз жасап дыңгыратып, балдыркандан сурнай кылып үйлөчүмүн.

***
Андан тээтиги жагы Тасма деп аталат. Жокчулуктун айынан ошол айылга барып жалданып иштегенбиз. Уйубузга жүк артып, апам жетелеп, Бокин акем экөөбүз тыпылдай басып бараткан жалгыз аяк жол да турат тигинде. Жадагалса ошол күнгө да, ошол жолдорго да кайрылып кете албаганымды карачы.

***
Тасманын бери жагы мен туулган Кызыл-Булак айылы. Бул жагында Мазар-Дөбө турат. Атамды алып кетишкенде мен бир жарым жашта экем. Беш бала менен калган апам чыркырып ыйлап, ошол Мазар-Дөбөгө дейре келиптир. Атамды алып кеткен кимдер экени, кайда кетиргени ушул күнгө чейин белгисиз. “Репрессияга туш болгон” деп бири айтат “согушка жөнөткөн” деп бирөө айтат. Издеп, сураштырып ала албай, сыздаткан бир арманым ушул болуп калды. Апам анда 37 жаш куракта экен. Согуштан кийин үмүт үздүк.

Кашкардан келген буурул ат,
Таманы ташка туурулат.
Беш жетимдин айынан,
Заманам жаман куурулат.
Асманда учкан боз торгой,
Боз торгой жүнүн тарасын.
Сизден калган беш жетим.
Кимдин көзүн карасын?,
- деп боздогон апама кошулуп биз дагы ыйлаганбыз. Анда мен алтыга чыккан экем. Ырларымдын муңдуу болуп калышы балким апамдын кошогунун таасиринендир. Мажордук ыр жаратайын дейм. Болбой эле минордук тональностко түшүп кетет.

***
Ана, Бүркүт-Уя деп аталчу аска. Мен, Ташмамат, Толубай үчөөбүз далай жолу балапандарды бырпыратып кармаганбыз, Бүркүттүн уясы турган башына дейре дайыма мен чыкчумун. Калганы жерде күтүп турушаар эле. Бир жолу балапандардын уясынан жыланды мыкчып алып, аскадан учуп кетейин деп араң калгам. Ошондон тартып уяга тийгенди да койдук.

***
Мазар-Дөбөнүн ары жагын Торойчу дешет. Колхоздун борбору болчу. Андан ары Кара-Кулжага өтөөр элек. Жөө баскан издерим, жокчулук азабын тарткан азаптуу күндөр калды ал жерлерде. Береги тоолор, көпкөк асман кубанычыма ортоктош болушту, кайгымды тең бөлүштү.

***
Азыр кара сур тартып асман да көзүмө башкача көрүнүп жатат. Тигинде Давлет небересин көтөрүп, бирдемелерди Сюитага айтып күлүп жатат. Ушул күлкүсүнөн айырбаса экен! Кызым Сюита мен балам десем, ал өз баласы менен алек. Үйдө жалгыз, эрке болгону менен токтоо болуп чоңойду. Ылайым бактысын берсин!

***
Кыздарымдын баарына элчилеп аталык милдетимди аткара албасам да кудайдан бакыт эле тилейм. Бакыт эмне? Аны издеш керек. Кол куушуруп отура берсе кудай бакытты капка салып оозун бууп алып келип бермек беле? Алты саның соо туруп бактысыз болбо. Мен дагы береги бейиштей жерди таштап бакыт издеп кетпедимби. Баспаган жерди басып, кыдырбаган жерди кыдырдым. Көрө албастык тузагына илинип, далай жолу чыркырап, бактысыз болуп турдум. Көрсө, ошонусу менен бактылуу турбаймбы. Ошондой ачуу-таттуу менен дүйнөң да кооз тура. А эмичи?

***
Эми болсо эртеден-кечке күткөнүм жездем Көчкөнбай. Ушу саам балдарын жибербей эле өзү келсе экен деп тилеп, көңүлүм дегдеп турат. Капарында кылдай кири жок жарыктык жездем экөөбүз өтө ынакпыз. Сүйлөсөм күлөт, ырдасам угат, Келген сайын берерге ашын таппай бапыраңдап калат. Күмүш эжем экөө 11 баланын ата-энеси. Андан улуусу Анархан эжем 25 жашында узап кетпедиби. Атамды го көрбөй, анчалык сезбепмин. Балдардын “жетим” деген көкөйгө тийген сөзү, апамдын жан сыздаткан кошогу, биздин кыйынчылыгыбыз Анархан эжемдин өлүмүндөгүдөй таасир калтырбаптыр азыр ойлосом. Эжемдин баскан-турганы,сүйлөгөнү, күлгөнү Жамал Сейдакматовага окшош эле.

***
Апамды болсо 82 жашында жерге бердик. Бир капталым анда бир эңшерилген. Эмнеге мынча өлгөндөрдү эстеп калдым? Жездем көрүнөбү? Бир караан келатат. Өзү эмес экен. Кап, жыйырма күндөн кийин кайра келем деп койсом небереси Акжолду жөнөтүп ийген тура. Келемби, келбейминби ким билет? Жүрөгүм эле туйлайт. Дайыма күлүп-жайнап коштошчу туулган жеримден бүгүн кетким келбей турат. Ансайын сугум артат. Бул эмнеси? Өзүмдү мындай сезчү эмесмин. Түшүм да эсимден кетпей койду...

1994-жыл, 6-август. Силердин Рыспай.
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG