Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Казат Акматов демократияга чыйыр салган


Казат Акматовдун эстелиги
Казат Акматовдун эстелиги

Белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Казат Акматовдун дүйнөдөн өткөнүнө 14-сентябрда бир жыл болду. Бул күнү жазуучунун айкели орнотулду.

Анын айтылуу “Мезгил” романы орус жана кыргыз тилинде китеп болуп басылганы, “Мунабия” аңгемесинин негизинде тартылып жаткан кинотасма аягына чыкканы маалым болду.

Чыгаан жазуучуну эскерүү иш-чарасы бул күнү Байтикте анын айкелин ачуу менен башталды.

Замандаштарынын, калемдештеринин жана окурмандарынын катарында эскерүүгө катышкан Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскулов маркум Казат Акматовдун эки тилде кайрадан басылып чыккан “Мезгил” романын жазуучунун чыгармачылыгынын туу чокусу деп атады:

- Азыр эми биздин арабызда Казат Акматовдой кара сөздүн чебери жетишпей турганы сезилет. Экинчиден, Казат Акматов адабияттын ар кандай жанрында ийгиликтүү иштеди. Драмалары биздин көркөм маданияттын туу чокусу болгон театрларда коюлду. Сценарийлери боюнча көркөм фильмдер тартылды. Эми азыр анын “Мунабия” аттуу чыгармасынын негизинде жаңы тасма жаралды деп айтып жатышат. Демек Казат Акматовдун чыгармачылыгы жашай берет деп айтсак болот.

“Мунабия” аттуу чыгармасынын негизинде жаңы тасма жаралды деп айтып жатышат. Демек Казат Акматовдун чыгармачылыгы жашай берет деп айтсак болот.
Акбар Рыскулов

Казат Акматовдун “Мунабия” аттуу чыгармасынын негизинде тасма былтыр тартыла баштаган. Ал ушул күнү жыйынтыкталды. Көркөм тасманын режиссеру Таалай Кулмендеев чыгарманын өзгөчөлүгүнө токтолду:

- Өзүңөр билгендей чыгармада Мунабия менен Жанузактын үйлөнбөй калганынын себеби – аларга улуттук каада-салт, үрп-адат жолтоо болгон да. Элдин сөзү Жанузакка өз үй-бүлөсүн таштап башка аял алууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Ал эми азыркы мезгилде дин коомго терең кириши менен улуттук каада-салтка өз таасирин тийгизип жатат. Мындай айтканда эгер Жанузак же Мунабия динчил болсо анда экинчи аял кылып үйлөнүп алышмак. Мындан сырткары тасмада муундар ортосундагы көйгөйлөр да чагылдырылган.

Кулмендеевдин айтымында, "Мунабия" көрөрмандарга 23-декабрь - Казат Акматовдун туулган күнүнө карата тартууланат. Ошондой эле тасманы эл аралык сынактарга катыштырууга аракет көрүлүүдө.

Казат Акматовдун сөөгү кызы Мунабиянын жанына коюлган.
Казат Акматовдун сөөгү кызы Мунабиянын жанына коюлган.

Маркум жазуучунун көркөм мурасын жайылтуу боюнча иш жүргүзүп жаткан Казат Акматовдун уулу Азим Акматов буларды кошумчалады:

- Көзү тирүүсүндө эле Казат Акматовдун үй-бүлөсү анын беш чыгармасын Лондондон англис тилинде басып чыгара баштаган. Азыр сиздерге атамдын “Мезгил” романын белек кылдым. Бул эки тилде жарык көрдү. Негизи атам өзү ушул романын өтө жакшы көрчү. Кезинде бул чыгарма антиорусчул роман катары бааланып куугунтукка алынган экен. 1988-жылы Чыңгыз Айтматовдун киришүүсү менен орус тилинде жарык көрүп, мамлекеттик сыйлыкка татыганы жарыяланып, бирок анысы берилбей калыптыр. Мындан сырткары атамдын “Боз торгой” аттуу чыгармасы да орус тилинде жарык көрдү.

Казат Акматовду демократиянын атасы деп айткан туура. Себеби эгемендик алаар жылдары демократиялык коом курабыз деген жаштарга ата болуп туруп берди.
Турсунбек Акматов

Казат Акматов Кыргызстандын тарыхында коомдук-саясий иштерге да батыл аралашкан инсан катары калды. Ал 90-жылдардын башында КДК кыймылын түптөгөндөрдүн бири болгон. Укук коргоочу Турсунбек Акун Казат Акматовду – Кыргыз демократиясынын атасы деп атады:

- Казат Акматовду демократиянын атасы деп айткан туура. Себеби эгемендик алаар жылдары демократиялык коом курабыз деген жаштарга ата болуп туруп берди. Туу болуп турду. Бизди баласындай асырап турду. Акматовду биз кыргыз демократиясынын туусу, атасы катары эсептейбиз. Бийликтегилер бизди камайбыз, сабайбыз дегенде Акматов ортого түшүп, бизди баласындай асырап турчу.

КДКнын биринчи курултайы (солдон оңго): Өмүрбек Текебаев, Казат Акматов, Дүйшөнбек ажы Өтөнбай уулу, Жыпар Жекшеев,
КДКнын биринчи курултайы (солдон оңго): Өмүрбек Текебаев, Казат Акматов, Дүйшөнбек ажы Өтөнбай уулу, Жыпар Жекшеев,

Турсунбек Акун демократиялык кыймылдын ошол кездеги мүчөлөрү учурда "Казат Акматов" атындагы коомдук фонд уюштурганы жатканын, ал фонд маркумдун коомдук жана саясий ишмердүүлүгүн, көркөм мурасын жайылтууну максат кыларын кошумчалады.

Казат Акматовдун “Күндү айланган жылдар”, “Мезгил”, “Мунабия”, “Архат” романдарынын алды көптөгөн тилдерге которулуп, дүйнөлүк деңгээлде окурмандарын тапкан. Жазуучуну эскергени келгендерге Казат Акматовдун кыргыз жана орус тилинде жаңы жарык көргөн “Мезгил” романы белекке берилди.

Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, мамлекеттик ишмер Казат Акматов былтыр, 14-сентябрда 74 жаш курагында дүйнө салган. Ал 1941-жылы Ысык-Көлдөгү Бостери айылында туулган.

Казат Акматовдун "Азаттыкка" берген акыркы маеги. 11-июнь, 2014-жыл

Казат Акматов: КДКны кантип түптөдүк?
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:35 0:00

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG