Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

Ажал деген айттырбай келет дегендей, бу жарыкчылыктан Турдакун Усубалиев аксакалыбыз узап кете берди. Аны менен кошо чоң тарыхтын бир беренеси, кыргыз тарыхынын орчундуу барагы түбөлүктүүлүктүн төрүнө кетти.

Ырас, 96 жашка караган бул Патриарх эле эмес, башка аттай-тоодой тарыхый инсандарыбыз тууралуу эч бирибизде бир беткей пикирибиз жок эле, мындан ары деле ошондой болот го. Бирок бүгүнкү күнү, улуу замандашыбыз менен коштошуп жаткан азалуу күндө ал тууралуу ак сөзүбүздү айтуу баарыбыздын атуулдук, инсандык парзыбыз го.

Эң биринчи кезекте Турдакун агабыз советтик доордун бараандуу символдорунун бири эле. Ал эми советтик доор дегенде алды менен В.И. Ленинди, эч качан галстук тагынбаган, боз кителин үстүнөн, мүйүз мүштөгүн оозунан түшүрбөгөн мурутчан Иосиф Сталинди, атактуу атом бомбасын, космонавт Юрий Гагаринди, бүт Союз жапырт карап отурган сыңар телеканалды, эч качан жумушсуздук деген эмне экенин билбеген зор мамлекетти элестетебиз. Ал эми Турдакун аганы айта турган болсок, анын бүт өмүрү курулуш, курулуш жана курулуш болуп жүрүп өтүп кетти го. Ошондуктан бүгүнкү азалуу күнү тартынбай айтсак болот го: Т. Усубалиев бул же тигил объектти эмес, бүтүндөй Кыргызстандын курган улуу инсандардын бири.

Турдакун агабыз символдоштурган СССР уникалдуу, өзүнчө бир кайталангыс мамлекет эле. Жетишкендиктери да, проблемалары да көп улуу империя болчу. Кайсы бир элдер үчүн, маселен, Прибалтика республикалары үчүн Союз эч бир пайдасыз, жагымсыз мамлекет эле деп айтышат. Бирок биз сыяктуу көп заман артта калып, чындап агарып-көгөрбөгөн калктар үчүн СССР табылгыс бир дөөлөт, колдон чыгаргыс шанс болгондугун кантип танабыз? Сыягы, мезгил баарын орду-ордуна коет, тарыхтын таразасы баарынан кылдат деген кеп ушундан улам айтылып калса керек. Ошол советтик чоң тарыхтын акыркы маанилүү барактары, болгондо да абдан кызыктуу мезгили - жаңы эле арабыздан узаган Турдакун Усубалиевдин саясий карьерасы менен, деле аң сезимдүү өмүрү менен тыгыз байланыштуу десек эч бир аша чаппайбыз.

1919-жылы Кочкордо туулуп, 1941-жылы - дал согуш башталган жылы - Фрунзедеги мугалимдер институтун аяктаган, ошол эле жылы партиялык карьерасын баштаган Турдакун ага согуш бүтөр жылы Москвага, КПСС Борбордук Комитетине инструктор болуп барган. Ошондон кийин болочоктогу кыргыз лидеринин саясаттагы турмушу тепкичтен-тепкичке өйдөлөп, жыйырмага жетпеген жылдын ичинде “Советтик Кыргызстан” гезитинин редакторунан Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин 1-катчысына чейин көтөрүлгөн. Ал эми Турдакун Усубалиев Кыргызстандын партиялык жетекчиси болгон жыл - 1961-жыл эле.

Ал убак СССРдин дүйнөдөгү экинчи супердержавага айланып, айтканы айткан, дегени деген болуп турган кез. Дүйнөлүк экинчи согушту жеңиш менен аяктаган Союз 1955-жылы Варшава келишими деген аскерий блокту түзүп, анын составында Албания, Болгария, Венгрия, ГДР, Польша, Румыния, СССР жана Чехословакия сыяктуу мамлекеттер бар эле. Башкача айтканда, СССРдин экономикасы катуу өнүгүп, натыйжада Кыргызстан сыяктуу союздук республикалар да кадимкидей ирдене баштаган учур болчу.

Турдакун Усубалиев Кыргызстанды ошол 1961-жылдан 1985-жылга чейин, башкача айтканда, дээрлик чейрек кылым башкарды. Бул чейрек кылым СССРдин экономикалык жактан да, саясий жаткан да эң бир гүлдөгөн доору эле. Бул доорду, айрыкча 60-жылдарды, азыр тарыхчылар Советтик империянын жеткен чеги, дүйнөнү солкулдатып турган таасирдүү учуру деп мүнөздөп, ал эми 80-жылдарды “сенек доор” (застой) деп да атап жүрүшөт. Бирок Кыргызстан үчүн Т. Усубалиев башкарган чейрек кылым кыргыз маданияты менен экономикасынын жылдыздуу жылдары, Союзга эле эмес, дүйнөгө аты угулган жемиштүү да, жеңиштүү да мезгили болгонуна азыр ким шектенет? Маселен, мен, адабиятчы жана тарыхчы катары, бул учурду “күмүш кылым” деп атап келем жана тарых тууралуу китептеримде ушул аталыш менен мүнөздөп жүрөм.

Дагы тактап айтсам, жалпысынан ХХ жүз жылдык кыргыз улутунун “алтын кылымы” болсо, ал эми Чыңгыз Айтматов алгачкы чыгармаларын жазып баштаган 50-жылдардан тартып 1990-жылга чейинки учурду кыргыз интеллигенциясынын, маданиятынын гүлдөгөн доору, Ренессанс жылдары деп атап келем. Ал эми мекенибиздин саясий тарыхын изилдеген окумуштуу бул чейрек кылымды Турдакун Усубалиевдин доору деп атары айтпаса да түшүнүктүү.

Бул убакыттын ичинде Т. Усубалиев эмне иш аткарган, Кыргызстанга кандай салым кийирген деген суроо туулат. Биздин кыскача жооп мындайча болмокчу: бул жылдар стабилдүү жана ыкчам экономикалык жана маданий өнүгүүнүн жылдары болду. Кыргызстан Союздун бюджетинен жардам алып жашаган чабал республикадан Союздун бюджетине өз салымын кошкон, өзүн-өзү баккан республикага айланды. Эң негизгиси биздин өлкө энергетикалык жактан толук бутуна турду. Атап айтканда, азыркы Нарын энергетикалык каскады курулду, Бишкек ТЭЦи ишке киришти. Кадамжайдагы атактуу сурьма комбинаты, Бишкектеги Ленин заводу, Канттагы цемент заводу Кыргызстандын экономикасына салымын кошо баштады.

Ал эми Усубалиевдин заманында курулган мекемелерди, азыр Бишкектин архитектуралык ажарын ачкан имараттарды санап отурсак чакан макалабыз жалаң тизмеге айланып кетиши мүмкүн. Азыркы Ак үй, Илимдер академиясынын имараты, Улуттук китепкана, орус жана кыргыз драма театрлары, "Айчүрөк" универсалдык дүкөнү, цирк…

Албетте, Турдакун агабыздын зор салымдарынын бири - Бишкек шаарынын ак мрамор менен кызыл гранитке оронгон борбордук аянты. Бул аянт азыр да биздин сыймыктануу сезимибизди жараткан зор аянт, патриоттук сезимибизди козгогон айбаттуу аянт, сөөлөттүү аянт.

Бирок ар бир коомдун өзүнө жараша парадокстору болот эмеспи, анын сыңары Турдакун Усубалиев да дал ошол борбордук аянтты кайра кургандыгы үчүн Москванын катуу жемесин угуп, уурулук же жемекейлик, жалкоолук же артта калуучулук үчүн эмес, дал ошол чектен тыш аракетчилдиги үчүн, Бишкекке чыныгы борбордун кебетесин бергендиги үчүн кызматтан кеткен…

Мынакей, Советтер Союзу кулагандан бери туура 24 жыл убакыт өттү. Ошол кезде төрөлгөн балдар азыр эр жетип, өздөрүнчө үй-бүлө курганга жетип калышты. Бирок ошол жаштарга мындан чейрек кылым баштагы саясий турмушту, социалдык проблемаларды, биздин ишенген идеологиялык постулаттарды сөз кылып берсең, оңой менен түшүнүшпөйт, ал түгүл “кантип ошондой болсун” ишенбей коюшу да турган иш.

Ушул чейрек кылымда Кыргызстан нечен экчелди. Убакыт дале болсо кимдин ким экенин көрсөтүп койду. Өлкөбүздү жетектеген жетекчилердин кимиси таза, кимиси жемекей экендиги акыры ачыкка чыкты. Ошол таза, эмгекчил, жетимиш жылдай саясатта жүрсө да элдин бир да мүлкүнө кара санабаган жетекчилердин бири Турдакун Усубалиевич Усубалиев атанды.

Азыр эми Кыргызстанды дээрлик чейрек кылым башкарган инсаныбыз менен коштошуп жаткан кезибиз…

Эмне дейбиз, улуу инсаныбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Анын жаркын элеси кийинки муундарга үлгү, ал эми аны көрүп-билип, керек болсо бирге иштешип калган адамдарга ар дайым сыймык болуп арабызда жүрө берет деп ойлойм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG