Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Исмаилова: Жырткычтык мамиле дале уланууда


“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова адам укуктары, кыйноо маселелери боюнча ой бөлүштү.

- БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес Кыргызстанга келди. Кечээ сиздер менен жолугушууда Хуан Мендес Кыргызстандагы кыйноолорго карата баа бердиби?

- Бул көптөн бери күтүп жаткан окуя болчу. Биз аябай кубаттайбыз. Себеби мырза Мендес менен анын эксперттери кыргыз өкмөтү, президент уруксат бермейинче келе албайт эле. Ошондуктан жаңы президентке биз ийгилик каалайбыз. Анткени өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева кыйноо фактыларына көп көңүл бурду. Бирок ал өткөөл мезгил болчу.

Буга чейинки эки үй-бүлөлүк башкаруу учурунда бул системалар өтө чырмалышып кеткен. Ошонун кесепети менен бүгүнкү Кыргызстанда деле кыйноо фактылары абдан көп. Адамга жырткычтык мамиле бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат. Ошондуктан биз бүт акыркы жылдардагы баяндамаларыбызды өкмөткө да, Башкы прокуратурага да бергенбиз. Бирок эгемендүү сот болбогондон кийин кыйноолор күчөп, ошол кыйноо жасаган кызматкерлер жаза албай калганы үчүн кыйноолор масштабдуу болуп кеткен.

- Негизи БУУнун атайын баяндамачысы кайсы маселелерге көңүлүн бурду? Маселен, абакта жаткан өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров тууралуу сөз болдубу?

- Сөзсүз түрдө. Кыйноонун азабынан өмүрү менен коштошкон үч фактыны айтышты. Кыйноолордун 90 пайызы милиция кызматкерлери тарабынан жасалат жана башка дагы жабык институттарда бар. Мисалы, карылар үйү, психологиялык жабыркагандар жашаган жайларда жана өспүрүм балдар кармалган мекемелерде кыйноо, кулчулук жана ушунчалык мыкаачылык менен жасалган фактылар бар.

Ошондуктан бул фактыларга көңүл буруп, Кыргызстанда мыйзам кандай иштейт, өкмөт кыйноо жасагандарга кандай чара көрөт, жаңы президент кандай реформаларды жасайт деген суроолордун айланасында сөз болууда.

- БУУнун баяндамачысы убактылуу кармоочу жайларды кыдырып, кыйноого кабылгандар менен жолугушат экен. Бул адамдын сунуштары кыргыз бийлиги үчүн канчалык күчкө ээ деп ойлойсуз?

- Көптөн бери биз легитимдүү, таза шайлоо менен келген, эл мүдөөсүн аткарган адам келип, өзүнүн багыттарын айтат деген мезгилди күткөнбүз. Мырза Атамбаев Кыргызстанда мыйзамдуулук орнош керек деп айтты. Былтыркы июнь коогалаңынан кийин өмүр бою жазалангандар аябай көп болуп кеткен. Анын ичинде укук коргоочу Аскаров да бар.

Эгерде өкмөт өзүнүн рычагдарын мыйзамдуу иштетпесе, анда бул системага ишенич азаят. Натыйжада адамдар өкмөттөн да, милициядан да коркуп калат. Ушул кыйноолорго каршы аракеттер дагы түптөлөт деген ишеничтемин.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG