Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Ооруканада жаткандарды ким иштетип жатат?


Кыргызстандын Психиатриялык стационарларында сыркоолорду кул катары жумашашат. Бул тууралуу бир катар укук коргоочулар айтып чыгышты. Алардын айтымында, оорукчандарды талааларда иштетишет. Ал эми дарыгерлер оорукчандар өз ыктыяры менен ишке чегерилет деп түшүндүрүшөт.

Укук коргоочулар өлкөдөгү психиатриялык ооруканалардын бейтаптары дарыгерлердин, же болбосо аткаминерлердин жумушун кылып, үй тирлигине жардам берип жүргөнүн билдиришти.

“Мындай фактыларды далилдеш кыйын болууда” дейт психиатриялык стационарлардагы сыркоолордун укугун коргоо кызматынын жетекчиси Мэлор Мойдунов:

- Фактылар бар, бирок далилдеш кыйын. Мисалы, дарыгердин үйүндө оокат кылып жүргөнүн байкап, сураштыра келсең эле “өз ыктыяры менен келген, жардам берем деген” дейт. Сыркоо адам да ошондой деп айтат. Башка бизнесмендер деле жетекчилик аркылуу сүйлөшүп алып, адамдарды алып кетишет.

Бирок бул ойго Чүйдөгү Чымкоргон психиатриялык оорукананын башкы дарыгери Жаныбек Ажыбеков макул эмес.

- Реабилитациялык программа катары короонун ичинде иштешет. Бирок эч ким мажбурлап иштетпейт.

Ал эми психикалык жактан жабыркаган адамдардын ишке салынышына каражаттын туура эмес бөлүштүрүлгөнү, коррупция себеп болууда дейт “Психикалык саламаттык” борборунун жетекчиси Бурул Макенбаева:

- Ар бир сыркоо адамга айына мамлекеттен жыл сайын 7 миң сом бөлүнөт. Бирок ошонун 70 пайызы имаратка, оңдоп-түздөө иштерине кетет. Тагыраак айтканда каражат туура эмес бөлүштүрүлүүдө. Ошонун айынан коррупция күчөп, сыркоолор сыртта иштешүүдө. Азыр психикалык ооруканаларда абал өтө оор, түрмөдөгүдөн да жаман.

Акыркы мезгилде Кыргызстанда психикалык жактан жабыркаган адамдардын саны өсүп жатканы тууралуу психиатриялык ассоциациялар коңгуроо кагууда.

Жашоонун оордугу, жумушсуздук, стресс адамдардын психикалык саламаттыгына кесепеттерин тийгизип жатат дешет алар. Бирок алардын санын так айтуу мүмүн эмес. Эмне дегенде акча тартыштыгынан же башкалардан кысынгандан улам психикасынан жабыркагандардын баары эле бейтапканага кайрылышпайт.

XS
SM
MD
LG