Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Кадамжайдагы суу айдаган чаркпалек


76 жаштагы Абибилла Саманчиев уулу Бакыт куруп берген чаркпалектин жанында. Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Тегирмеч маалеси. 25-июль 2011

76 жаштагы Абибилла Саманчиев уулу Бакыт куруп берген чаркпалектин жанында. Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Тегирмеч маалеси. 25-июль 2011

Чаркпалек - бул суу сузгучтары бар дөңгөлөк. Ал арык же каналдан, өстөндөн, болбосо өзөндөн дөңсөө жерге суу чыгарат.

Чаркпалектин эзелки түрүнө суу сузуп алчу сузгуч же калак катары дөңгөлөктүн четине орнотулган калай челек, чоң темир чөмүч кызмат кылат. Мына ушул идиштен суу ноого тынбай агып турат.

("Чаркпалек" перс тилинде "аалам дөңгөлөгү" дегенди билдирет)

Кыргызстандын түштүгүндө акыркы төрт-беш жылда чаркпалектин жаңы түрү пайда болду. Ал сууну дөңгөлөктүн ичине кылдат оролгон шлангга топтоп, андан ары түтүккө катуу басым астында берет. Кара-Кыштак-Кызыл-кыя өстөнүндө ушундай бир нече чаркпалек бар.

Тегирмеч мааленин чаркпалектери

Исфайрам өрөөнүнүн оң өңүрүнөн орун алган Өлагыш кыштагынын үйлөрүн жайкысын жап-жашыл болуп бак-дарактар далдалап калат. Маале-маалеге бөлүнгөн кыштакта суу серап. Анткени үч чакырымдай созулган кыштактын бир тарабы Исфайрам дарыясына такалса, экинчи тарабын Кара-Кыштак – Кызыл Кыя каналы имерип турат.

Мына ушул каналдын Тегирмеч маале бөлүгүндө төрт суу сузгулуу дөңгөлөк же чаркпалек каз катар жайгашкан. Эң чоң суу дөңгөлөк Абдижамил Түгөловдун өстөндүн ылдый жак ныптасындагы 15 сотых жерин суудан кем кылбайт.
Абдижамил Түгөловтун чаркыпалеги. Тегирмеч маалеси.

Абдижамил Түгөловтун чаркыпалеги. Тегирмеч маалеси.


“Чаркпалегим каналдан айдаган суу 15 сотыхтай жерге үзбөй жетүүдө. Сууну ордунан бешмекке, жөөккө новаттап жылдырып-жылдырып жерди сугарабыз. Курулганына беш жыл болду. Ошол кездеги акча менен 6 миң сомчо кеткен”,-деди А. Түгөлов.

Абдижамил мырзанын бийиктиги 3,5 метрдей 7-8 калактуу чаркпалегин жоро-жолдоштору чогулуп, ашар жолу менен курушкан. Андыктан акча суу айдачу дөңгөлөктүн материалына гана кеткен. Бул чаркпалек жанаша жайгашкан эки чаркпалектен чоң болгону менен сууну аз айдайт. Себеби азыр дөңгөлөккө орнотулган төрт калай челектин үчөө калган. Алар бир мүнөттө 20 литрден кем эмес суу сузуп, ноого куюп турат.



Өлагыш кыштагынын Тегирмеч маалесиндеги чаркпалек


Андан 20 метрдей жерде Мирланбек мырзанын чаркпалеги каадалуу айланып жатты. Анын чоңдугу Абдижамил мырзанын чаркпалегиндей болгону менен сузгучтары үч эсе көп болгондуктан, сууну ноого мол айдайт.

Исфайрам-Сай суу бөлчү түйүндүн башчысы Азизбек Сатаровдун айтышынча, Кара-Кыштак-Кызыл-Кыя каналынын бул бөлүгүнөн жайдын күнү секундасына орто эсеп менен 1,8 куб метр суу агып турат экен.

Мирланбек мырзанын чаркпалеги. Тегирмеч маалеси.

Мирланбек мырзанын чаркпалеги. Тегирмеч маалеси.

​Ал эми Абибилла Саманчиевдин чаркпалегинин диаметри 2 метрден бир аз көбүрөөк. Ал бирок өзүнөн чоң үч чаркпалектен сууну каналдын өйдө жагындагы эзелим суу жетпес дөбөгө алда канча көп сузуп берет. Бул чаркпалектин берегилерден дагы бир айырмасы дөңгөлөккө шланг оролуп, анын этегине түбү электей тешик челек байланган. Тешиктерден кирген суу шланганын ичине чогулуп, дөңгөлөктүн ортосундагы окко орнотулган түтүк аркылуу абанын жана өзүнүн басымы астында агып кетет.

“Эгер дөңгөлөккө эки челек орнотсок, суунун басымы күчтүү болуп, чаркпалек сууну көп айдамак,-деп улантты сөздү 76 жаштагы Абибилла аксакал. "Суу бир чакадан секин агат. Эгер суу дөңгөлөктү кыдыңдатып тегеретип турса, сууну жүда тикке айдап турат экен. Жарым гектар жеримдеги макани (жүгөрү), картошканы ушу чаркпалектин жардамы менен нарыдан-бери кылып, сугарып турам. Жер тамилденип турат да. Бул жоктон көрө өйдө да.”

Абибилла аксакалдын чаркапалеги өзүнүн айтымында, май айынан сентябрдын акырына чейин кызмат кылат. Эмнегедир карыянын суу айдагычы кадимки насостой бышылдап жатты. Анын себебин аксакал: "Подшипниктин сальниги жээлип өлгөн да. Жука да. Бул чаркпалекти уулдарым былтыр куруп берген. Он миң сомдон ашык акча кетти. Бир метр шланга 60 сом турат. Шланг адегенде дөңгөлөктүн эки жагына оролгон болчу. Суунун басымы аз болуп, жакшы айланбагандыктан бирөөсүн алып салдык”,-деп түшүндүрдү.

Чаркпалектин иш принциби менен таанышкандан кийин ал мүнөтүнө Абибилла акенин багына канча суу айдап берерин билүү үчүн аксакалдын багын аралай 100 метрдей жүрүп, куурдун оозуна бардык. Кең чоргонун оозуна он литрлик темир чаканы тоссок, ага 13 секундда суу толуп ашты.

Исфайрам өрөөнүндөгү эң мыкты чаркпалек кимдики?

Абибилла аксакалдын бул өрөөндөгү эң мыкты чаркпалек кимдики деп сураганымда, Үч-Коргондон келаткан жолдун боюндагы Паяз деген өзбек кишинин чаркпалеги 200 метр дөңгө суу айдап турганын айтып, суктанып койду.

Тегирмеч маалеси

Тегирмеч маалеси

Гидроинженер Азизбек Сатаров да Үч-Коргон кыштагынан чыга бериштеги Кара-Кошун деген тумшуктагы Паяз аксакалдын чаркпалеги Исфайрам өрөөнүндөгү мындай жабдыктардын эң мыктысы экенин айтты: “Анын эки жээгине шланг оролгон. Үч жыл мурда курулган. Чаркпалек дөңгө күнүнө 50-60 тонна суу чыгарат.”

Азизбек мырзанын сөзүнө караганда, Паяз аке чаркпалекти курганга бардыгы 60 миң сом чамасында короткон. Ошондон кийин башка адамдар жаңы саамалыкты улантып кетишкен экен.

"Азыр чаркпалек Кызыл-Кыя-Кадамжай жолунун боюндагы суу тартыш айыл-кыштактарда да пайда болгон. Кожо-Каналы сууну Исфайрам дарыясынан Марказ жана Көк Талаа кыштактарына чейин жеткирет. Мына ошол жакта төрт чаркпалек курулган”,-деди Исфайрам-Сай суу бөлүүчү түйүндүн башчысы А. Сатаров. Ал чаркпалектин жаңы моделин 4-5 жылдай илгери Швейцариядан келген адистер Оштогу көргөзмөдө көрсөтүп, кийин жайылып кеткенин кошумчалады. А башка бирөөлөр дөңгөлөккө шланг оролгон чаркпалекти кимдир бирөө Кытайда барганда көрүп келип, жасаган дешет.

Ушинтип акыркы эки-үч жылда Кадамжай районундагы Майдан, Үй-Коргон жана Масалиев айыл өкмөттөрүнүн аймагында чаркпалектин жаңы түрлөрү пайда болду. Алар күнү-түнү чарк айланып, суу сузуп, бак-дарактарга жана тамарка жерлерди сууга чаңкатпай турат. Бирок Тегирмеч мааледеги төрт чаркпалектин катары көбөйбөйт. Себеби 13 секундда бир чаканы толтурчу чаркпалек курган жергиликтүү уста Бакыт жазда Орусияга иштегени кеткен. Качан кайра келет, ал белгисиз.
XS
SM
MD
LG