Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Москвага келгениме 4 жыл, 128 күн болду. Эмнеге муну так билем? Анткени бир баштык кийим-кечемди көтөрүп алып, паспортумду кучактап, 2 баламды кайра-кайра өөп, сыртыман жайдары көрүнгөнүм менен ичимен сызып Бишкек – Москва рейси менен учуп кеткенден бери ар бир күндү санап келем.

Бирөө бизди мигрант дейт, башкалары гастербайтер дейт. Айрымдары үчүн биз “чёрныйбыз”. Бирок мен карапайым эле элеттик мугалиммин. Алган 3000 сом айлыгымды мурда алган карыздарыма таратып берип, кайра бозоруп, бирде жер тиктеп, бирде үмүттүү көздөр менен жалооруй карай карыз акча сурамай... “Айлык тийсе эле берем... Балама жылуу куртка алып беришим керек... Мүмкүн болсо берип тура аласыңбы...” Жалдырагандан тажадым. Балдарыма татыктуу шарт түзүп бере албагандан чарчадым. Белди бекем бууп, “ушул балдарымды кайра аман-эсен көрсөм экен” деген бойдон сапарга чыктым.

Мени эле бирөө Москвада күтүп туруптурбу? Москва мени үңүрөйүп тосуп алды. Асмандагы кара булут, бетке соккон шамал, сөөккө тийген суук. Үшкүрүп, “иштейм деп келгенден кийин артка кайтпайм” деп өзүмө убада берип таанышымдын үйүнө жөнөдүм.

Адегенде Москвадагы кавказ улутундагылардын ресторанына идиш жуугуч болуп орноштум. 1 ай иштеп, жаккан жоксуң деп, айлыгымды да бербей кетиришти. Анан тааныштар аркылуу дагы бир кафеге ашпозчу болуп кирдим. Тамак арттырып, акча үнөмдөп, ошол эле кафенин кампасында уктап жүрдүм. Үйгө тыйын-тыпыр да жөнөтө баштадым.

Адам баласы ушундай экен, дагы жакшыга умтулат экенбиз. Кайсы гана жерде иштебедим... Эмнени гана көрбөдүм... Кечке чарчайсың, эми уктайм деп жатсаң эле ой арбайт, санаа жеп койот. Балдарымдын кылык-жоруктарын эстеп алып түнү менен ыйлап чыгам. Эртеси күнү кайра бел байлайм...

2 жыл иштеп жүрүп жарандык алдым. Аны алгандан кийин каалаган ишке орношом деп ойлодум. Ошондой күндөрдүн биринде ашказаным катуу ооруп тез жардам менен ооруканага түштүм. Көрсө ашказанымдагы жарам кармаптыр. Эки ай ооруканада жаттым. 12 килограмм салмак таштадым. Кечке мисирейип терезени карап жатасың, “ушул мүнөттөрдө балдарым менен болсом эмне болот эле” деп үшкүрөсүң. Бирок алардын кийимин, тамагын, татыктуу келечегин ойлоп өзүңдү жооткотосуң. Анан жатып алып балдарым тууралуу кыялданам: алардын мектепке барганын, университетке тапшырып келгенде үйдө дасторкон жайганымды, алардын мага “апа, мына айлыгым, көйнөк кийип алыңыз” деп акча карматып жатканын, кудаларды тосуп жатканымды, неберелер менен көчөдө сейилдеп жүргөнүмдү, сырттан үшүп кетип ӨЗҮБҮЗДҮН үйүбүзгө кирип баратканыбызды элестетем. Ушундай кыялдар менен эле жашап калдым.

Билем, мендейлер толтура. Кыргызстандын жарымы эле сыртка чыгып кетпедиби. Кайра барып, 3000 сомго иштегим келбейт. Андан көрө жаманбы-жакшыбы ушул жерде жүрөм.

Илгери атам Москвага съездге катышуу үчүн келген. Бир айыл болуп узатканбыз. “Атам Москвага баратат” деп сыймыктангам. “Мен да бир күнү ушинтип Москвага окууга барып, Кремлди көрөм” деп кыялдангам. Ооба, Кремлдин жанынан көп өтөм. Бирок бир да жолу толкундануу сезими болгон эмес. Балким эс-дартым балдарымда, мекенимде болгон үчүнбү, же кайсы жерден канча үнөмдөп калсам деген ойлордун туткунунда калган үчүнбү...

Бирөө бизди мигрант дейт, башкалары гастербайтер дейт. Айрымдары үчүн биз “чёрныйбыз”. Бирок мен балдарынын татыктуу келечегин ойлоп, көр оокаттын айынан чет жерде жүргөн кыргыз аялмын.

Салима, Москва

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG