Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

“Аялзат” программасынын бүгүнкү чыгарылышында кыздын абийир баалуулугу жана аны сактоодо медицина кандай роль ойноп атканы тууралуу сөз болот.

Замандын өзгөрүшү менен азыр кыздын жыныстык органына пластикалык операция жасоо, тагыраагы, гименопластика медицинада кадыресе көрүнүш. Ал каражат табуунун кирешелүү булагына айланганын эмгек мигранттары басымдуулук кылган Орусиядан да байкоого болот. Кыргызстанда мындай операция кылган догдурлардын эмгеги 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин бааланса, Орусиядагы медицина борборунда бул кызматтын төмөнкү баасы 8 миң рубль.

Гименопластикалык операция жасаткан 24 жаштагы Периште ымандай сырын “Азаттыкка” айтып берди:

- Москвага келгениме беш-алты жыл болуп калды. Жаңы келгенимде сүйлөшкөн жигитим бар эле. Ал балага ишенсем, таштап кетти. Анан көп кыйынчылыктарды өткөрдүм башымдан, өзүмдү көпкө кыйнап жүрдүм. Бир күнү башка бойдок жигит менен таанышып, сүйлөшүп калдык. Ага “кызмын” деп койгом. Колумду сураганда кыздар менен кеңешип барып тиктирип, күйөөгө чыктым. Кыргыздардын медборбору бар экен, ошол жакка 9 миң рубль төлөдүм. Тойго үч күн калганда ошентип даярданып турмушка чыктым. Азыр экинчи балам боюмда. Жакшы эле жашап жатабыз. Күйөөм байкаган жок...

Үй-бүлө куруп, өз алдынча түтүн булатып, балалуу болушканына карабастан, Периште алигиче “күйөөм билип калса, кечирбейт” деген санаа менен жашап келет.

Анткен менен Москвада бул кызматка муктаж кыз-келиндер кыйналбайт деле. Жардам көрсөтүүгө ынтызар догдурлар четтен чыгат:

- Мен сага айтып жатам... Тиги кызды алып кел. Текшерип көрөйүн. Баарын өзүм түшүндүрүп берем. Операция стационарга окшогон жер бар, ошол жерде наркоз менен жасалат. Биздин борбордо операцияга керектүү шаймандар жок. Анан андай операция жасоого атайын шарт болуш керек да. Антпесе инфекция кирет. Ошон үчүн мен өзүм көрүп, анан чогуу иштешкендерге жиберем... Коркпой келе берсин, бул көптөн бери эле жасалып келатат. Мен өзүм беш-алты жылдан бери иштейм...

Мындай операциянын баасы мигрант кыз-келиндер үчүн 8-10 миң рублдан жогору. Пластикалык операциянын сакталуу мөөнөтү да төлөгөн акчасына жана кардардын талабына жараша бир жумалык же узак мөөнөттүк болуп бөлүнөт. Мындай кызматтар Москвада мигранттарды тейлеген медициналык борборлордун дээрлик бардыгында бар. Гинеколог Гүлзат Акматова муну жергиликтүү элде мындай маселе жоктугу менен түшүндүрдү:

- Бул жерде мыйзамсыз эч нерсе жок. Бул пластикалык операция. Ал кыз-келиндердин өз каалоосу жана чечими боюнча жасалат. Кааласа келет, догдурлар менен анонимдүүлүк тууралуу келишим түзүп, акчасын төлөп, операция жасатып кетет. Мындай жолго алар коомчулуктун кемсинтүүсүнө кабыл болбоо үчүн барып жатышат. Ошондуктан, биздин кыз-келиндер көп кайрылышат. Орустарда мындай нерселерге такыр маани берилбейт...

Кыз белгисин калыбына келтирүү операциясына ата-эне менен жетелешип келгендер да бар. Муну ата-эне адатта урук-тууган алдында кеп-сөзгө калбастын аргасы деп түшүндүрүшөт. Нике кыйылган түндөн кийин жаңы келиндин абийирин текшерүү кыргызда калыптаган адат экени жалпыга маалым. Бирок мындай салт шариятта жок деп Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Москвадагы расмий өкүлү Бакыт Тополоңов ишендирди:

- “Кыздык” текшерүү адатынын эч кандай шариятка байланышы жок, биздин эле элдик каада-салттарга кирет. Бул үйлөнүп жаткан кыз менен баланын ортосунда калчу иш. Башка бирөө келип, “бул мындай экен, андай экен” деп кийлигишпеш керек. Бирок экинчи жагы бар. Кыз бир бала менен мамиледе болуп, кийин башка балага турмушка чыгуу үчүн билгизбей, силер айтып жаткан операцияны жасатып жаткан болсо, бул болбойт...Шариятта жол берилбейт... Ошол эле учурда шариятта кыз баланы гана аялдыкка алуу керек деген шарт жок...

Болочок жубайы менен Москвада таанышып, баш кошкон Бахтияр Максүтов үй-бүлө жалган айтуудан башталбашы керек деген ойдо. Үйлөнөлү деген жаштар адамдык сапаттарга көбүрөөк көңүл бурушу керек.

- Үй-бүлөлүк турмушта ал көп нерсени деле чечпейт. Эл үчүн деп жашабастан, аялы-күйөөсү бири-бирин сыйласа болот. Мен кыздарды коргойм. Көбү алданып калгандыктан, ушунун айынан тагдырлары бузулуп жатат. Балдардын арасында көп сөз болот. Достор “антип салам, минтип салам” деп сүйлөй беришет. Ошондо кичине намыстанып кетесиң. Бирок үй-бүлө куруп, балалуу болгондо, өткөн-кеткен унутулат. Түшүнгөн адам бактылуу жашаганга аракет кылат, түшүнүксүз адам ушундай бир эле сөз чыккан болсо, аялын уруп-согуп, жашоо болбойт...

Кыргызстандачы?

Былтыр Кыргызстанда 9 миңден ашуун үй-бүлө ажырашкан болсо, быйыл алты айда алардын саны 5 миңге жакындаган. Адистер ажырашуулардын бир себебин жаш келиндин "таза эмес" чыкканы менен байланыштырат.

Ошентсе да, азыркы шартта ар кандай жагдайда абийиринен ажырап калган кыргызстандык кыз-келиндер өз бактысы үчүн күрөшүүнүн бир жолун медициналык жардамдан көрүшөт. Маселен, ысымын Мээргүл деп атаган селки “Азаттыкка” ушундай айлакердикке барганымда бактымды сактап калат белем деген өкүнүчүн билдирди:

- Жолдошум менен ажырашканыма үч жыл болуп калды. Экөөбүз чогуу алты жыл жашадык. Бирок күйөөм биз баш кошкон алгачкы түндү унута албай койду. Туугандар үчүн деп күйөөм колун кесип, шейшепти кызартты. Жеңелер эшикти шыкаалаган, достор шагырап арык боюнда күткөн күндү унуттурууга аябай аракет кылдым. Кабак-кашын карайм, эмне десе баарын жасайм. Кайнене, кайнеже, башка туугандарынын кийгилишүүсүнө, кагып-силккенине чыдап жүрдүм. Дагы көп сөз болбосун деп ишимди таштадым. Эки жылдан кийин бир уулдуу болдук. Бирок күйөөм бир нерсе болсо эле ошол теманы баштайт же ошону шылтоо кылып урушат. Башка кыз-келиндер менен да жүрө баштады. Акыркы ажыраштык. Баламды мага бербей койду, мени менен сүйлөштүрбөйт. Ортодо балам кыйналды.

Ал эми Саадат деген каарманыбыз мектеп жашында мугалимине алданып калып, кийин бети күйүп, турмушка чыга албай жашын өткөрүп жибергени үчүн өкүнөт:

- Мен жашоодо аябай катуу жанылдым, кээде туруп өлүп калгым келет, бирок апамды аяйм. Атасы жок чоңойдум. Аталуу балдарды көрүп, аябай суктанчумун. Ошондон пайдаландыбы билбейм, мектептеги агай мага дайыма жакшы мамиле кылчу. Көңүлүмдү көтөрүп, ата ордуна кеп-кеңешин берчү. 11-класста окуп атканда эмне болуп анын тузагына илингенимди билбейм. Абийиримден айрылып калдым. Агайым болсо ошондон кийин мени такыр тааныбаган адамга өттү. Азыр жашым 35те. Андан бери менин колумду сурап канчалаган жигиттер келди. Ар кайсы шылтоону айтып, макул боло албайм, апам, тууган-уругум деле таң калат.

Практикада бардык эле бийкечтерде мындай белги боло бербейт экен. Бул медицинада далилденген нерсе.

Ошентип, сөзгө тарткан бийкечтерибиз белгилегендей, кыргыз коомчулугунда “Кыз абийири кымбат”, “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген эрежени сактабай коюу каада-салтты бузуп, намысты булгоого тете иш. Турмуш курганда да жеңелери “неберелүү болдуңуздар” же “келинибиз эркек төрөдү” деп сүйүнчү алып, шейшепти көчөгө көтөрө чуркаган көрүнүштөр дээрлик бардык айылдарда кездешет. Тескерисинче, мунсуз той трагедия менен аяктаган учурлар да жок эмес. Буга айрыкча үйлөнүп жаткан жигиттер өтө астейдил карашат.

Бирок көп жигиттерден айырмаланып, жакында эле “Азаттыкка” ушул темада өз оюн жазып чыккан Данияр Айтман жар күтүүдө кыздын адамгерчилигине кароо керек деген ойдо:

- Биздин кыргыз коомунда аялдарга жасалган мамиле төмөн. Аялдарга ар кандай катаал жана акыйкатсыз мамилеге кабылат десем болот. Ошого карата пикиримди жазгам. Ал эми кыздын абийири тууралуу маселеде мен эч кимдин пикирин сурабайм. Көп адамдар, ал тургай билимдүү шаардык жигиттер да кыз белгиси барларды баалашат. Көптөрү ансыз үйлөнбөйм дешет. Бирок буга маани бербегендер, бул эң негизгиси эмес экенин түшүнгөндөр да бар. Мен да ошондой ойдомун. Кыздын жан дүйнөсү, мүнөзү, анын билими, адамгерчилиги “жука челге” байланыштуу эмес. Ошондуктан кыргыз аялдары мал болбосо деп жазгам. Эмнеге кыз ошол нерсе менен бааланышы керек?

Анткен менен, азыр баалуулуктар өзгөрүп, бул накыл кептерге маани берилбей калды деп сындагандар да чыгууда. Аялдардын укугун коргогон “Сезим” кризистик борборуна айрым кыз-келиндер дал ушул маселе боюнча кайрылышат. Борбордун башчысы Бүбүсара Рыскулова бул теманы бир тараптуу талдоо кыйын деген пикирде.

- Азыр баалуулуктар өзгөрдү. Бирок жигиттер баары бир сүйлөшкөндө деле, үйлөнгөндө деле ошого көңүл бурушат. Негизинен ар бир адам таптаза, биринчи болгусу келет. Ошондуктан баалуулуктар түбү менен өзгөргөн жок. Биздин ишибиз боюнча айтсам, ушундай болуп турмушка чыкса дагы өмүр бою психологиялык зомбулук кылып, “сен көчөдө жүргөнсүң”, “бузулган немесиң” деп айласыздан жашагандар бар. Кыздарга да кайрылып кетким келет, баары бир өзүбүздүн маданиятыбыз, менталитетибиз бар. Сактанып жүрүшсө эле жакшы болот эле. Дагы бир нерсени айта кетиш керек, практикада бардык эле бийкечтерде мындай белги боло бербейт экен. Бул медицинада далилденген нерсе. Капысынан болуп калса, алдап кетсе, зордуктап кетсе кыздар эч кимге айтпайт. Кыздар ачыгын айтыш керек. Анан медициналык жол менен калыбына келтирип деген калпыс болуп калат. Бул индивидуалдуу маселе...

Философия илимдеринин доктору, көптөгөн социологиялык иликтөөлөргө катышып келаткан профессор Мариям Эдилованын айтуусунда, кыз белгини сактоо узак мезгилдер бою чыгыш элдеринин кан-жанына сиңип калган салт болуп эсептелет. Кыз абийирин ченей турган бул белги адамдардын ортосундагы мамилелердин түзүлүшүн оң же терс таасирин тийгизип келген. Ошондуктан, бул көрүнүштү өзгөртүү жеңил болбойт:

- Бул кыргыздардын же Чыгыш элдеринин ырым-жырым, салт-санаасына сиңген көрүнүш. “Кызды кырк үйдөн тыюу”, “Кыз барган жерине кадыры, абийири менен барыш керек”, ага жооптуу эне, жеңе болуш керек деген кеп бар. Жеңе деген институт болгон. Менимче, муну көзөмөлгө алып, буга маани берүү да керек. Бирок өтө эле маани берип, аша чаап, катуу тартип койгон да болбойт деп ойлойм. Бул эки жаш ортосундагы сырдакана катары калышы керек.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыр тогуз айда 100дөн ашуун, быйыл 137 өспүрүм сексуалдык зомбулукка кабылган. Жашы жетелекте зордукталгандардын 70% кыздар. Мындай шартта кыздардын абийири кандай бааланат же жергиликтүү менталитетке карасак, алардын келечеги кандай болот деп суроо салгандар жок эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG