Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, чет өлкөлөрдө былтыр эле эки миңге жакын кыргыз жарандары абакка кесилген.

Майда бейбаштыктан тарта баңгизат ташып, киши өлтүрдү делген кыргыз жарандары азыр дүйнөнүн 20 чакты өлкөсүндө темир тор артында отурат.

Кыргыз кыргызды сабап түрмөгө түшөт

Мирбек Абжапаров 2009-жылы Кыргызстандан Орусияга жумуш издеп келген. Ал Москвада таксист болуп иштеп, өзү менен кошо ала келген үй-бүлөсүн багып, андан артканын айылдагы ага-тууганына жөнөтүп, кыскасы четтеги миңдеген мигранттар сыяктуу эле өз арбайын согуп жаткан. Ошондой күндөрдүн биринде, тактап айтканда 2011-жылдын июль айында күтүүсүз жерден Мирбек кылмышкер катары кармалып, Орусияда темир тордун артына камалат.

Мирбектин кантип түрмөгө түшкөнүн анын иниси Нурлан Абдужапаров мындайча айтып берди:

- Менин байкем Москвада 2 жылдан бери таксист болуп иштечү. Ошондой күндөрдүн биринде чогуу жашаган бирөө бир жерде эки-үч сааттык жумушум бар деп таксисин жалдаптыр. Эч нерседен ою жок байкем аны айткан жерине алып барып таштайт. Тигил “күтүп тур, ал үчүн төлөйм” дегенинен күтүп турса, жалдаган кишиси бир адамды ээрчитип чыгыптыр. Анан аны машинеге отургузуп, кардардын айткан жерине айдайт. Анан ошол кишини салып кеткенин бирөөлөр көргөн экен, милицияга кабар бериптир. Анан милиция келип кармайт. Байкемдин "таксистмин, эч нерсе билбейм" дегенине карабастан эле адам уурдады деп беш жыл үч айга кесип жиберди.

Учурда Мирбек Абдыжапаров Москвадагы тергөө абактарынын биринде отурат. Мирбек сыяктуу чет өлкөдө кылмыш кылып же кимдир-бирөөгө алданып жаза тарткан кыргызстандыктардын саны жыл санап көбөйүп жатат.

Тышкы иштер министрлигинин акыркы маалыматына караганда, 2011-жылы эле дүйнөнүн 20 ашык өлкөсүндө 2000 миңдей кыргыз жараны камалган.

Аталган министрликтин консулдук кызматынын өкүлү Руслан Маткеримов кыргызстандыктар түрмөдө отурган өлкөлөрдү мындайча тизмектеди:

- 2011-жылы эле 2000ден ашык кыргызстандык чет өлкөлөрдө түрмөгө түштү. Алардын арасында Орусияда 1200, Казакстанда 280, Өзбекстанда 69, Тажикстанда 20, Беларуста 12, Кытайда 20, Украинада 8, Белгияда 13, Түркияда 9, Германияда 7, Чехия, АКШ менен Араб Эмираттарында 6, Индия менен Кореяда 3, Италия, Пакистан, Индонезия жана Иранда бирден жарандарыбыз темир тор артында жатышат.

Кыргызстандык мигрантттар чет жерде ар кандай себеп менен кылмышка кириптер болушкан. Европада маселен, көп учурда документи жок үчүн камалгандар арбын. Бирок андайлар бат эле кайра бошотулат. Ал эми Орусия менен Казакстанда оор кылмышка айыпталып кармалгандар өтө эле көп. Алар адатта уурулук, зордуктоо же болбосо ошол жактагы кыргыздар менен чыр-чатакка катышып, айыпка жыгылышат.

Министрликтин мындай маалыматын сегиз жылдан бери Москвада адвокат болуп иштеп, сотто кылмышка кириптер болгон кыргыздардын таламын талашып жүргөн Айниса Назарова да тастыктайт:

- Мен иштеген 8 жылдан бери көптөгөн кыргыздар камалып кетти. Алардын арасында күнөөлүүсү да бар, күнөөсүзү да толтура. Көпчүлүк кыргыздарды ар ким алдап, анан түрмөгө каматып койгон учурлар да арбын. Менин байкоомдо, түрмөгө кыргыздардын көпчүлүгү эле каракчылык, адам өлтүрүү менен түшүп калышты. Ал эми баңгизат менен кармалгандардын арасында кыргыздар жокко эсе.

Азияда маңзат ташып кармалгандар арбын

Орусияда баңги аткезчилигинен улам темир тор артына кеткендер сейрек болгону менен Кытай, Индонезия сыяктуу өлкөлөрдө андайлар дээрлик бардыгы баңгизат бизнеси менен шугулданат деген кинеге кабылгандар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Кытайдын Үрүмчү шаарындагы өкүлү Азат Эркебаевдин айтымында, баңги аткезчилиги Кытайда оор кылмыш саналган үчүн кармалган кыргызстандыктар өлүм жазасына да тартылышы мүмкүн:

-Түрмөдө жаткан кыргыз жарандарынын дээрлик көпчүлүгү, 85 пайызы маңзат менен кармалышкан. Негизи булар маңзатты жеткирүүчү катары пайдаланылгандар, маңзатты Кытайга алып киргенде кармалгандар. Ошондуктан эки берене, таагырак айтканда, маңзат аткезчилиги жана сатуу менен айыпталып жатышат. Бул Кытайдын Кылмыш кодекси боюнча эң оор кылмыштардын бири деп эсептелип, жазасы да оор. 50 граммдан ашкан маңзат менен кармалгандардын күнөөсү далилденсе өлүм жазасына тартылышы толук мүмкүн.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын элчиликтери бар ар бир өлкөдөгү түрмөгө түшкөн жарандардан кабар алып тураарын билдирүүдө. Алардын маалыматында, кыргызстандыктар кылмышка шектүү болгон күндөн тартып эле элчилик адвокат менен камсыз кылып, укугун коргоого болгон аракетин жумшайт.

Элчилик өкүлдөрү кырсыкка кабылгандар менен байланышта, аларга адвокат жалдайбыз дегени менен кылмышка шектелген кыргызстандыктардын көпчүлүгү кесилип кеткен. Маселен, Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын өкүлү Руслан Маткеримовдун айтымында, акыркы жылдарда кыргызстандыктар административдик иштерде гана утуп чыкпаса, оор кылмыш жасады дегендер акталган эмес.

Алардын катарында коомчулуктун назарын буруп, көп талкуу жараткан Жибек Сакеева аттуу кыргызстандыктын ишин айтууга болот. 23 жаштагы Жибек Сакеева 2010-жылдын октябрь айында Индонезия өлкөсүндө “маңзат соодасы менен шугулданган” деген айып менен кармалган. Аны сот алгач 10 жылга эркинен ажыраткан. Бул окуядан соң Кыргызстандын президенти баш болуп Жибек Сакееванын чет өлкөлүк кылмыштуу топтун курмандыгы болгонун айтып, Кыргызстанга алып келүүгө аракет кылган эле.

Бирок Кыргызстандын Малайзия жана Индонезиядагы элчиси Аскар Бешимовдун айтымында, мындай аракеттерден эч майнап чыккан жок:

- Мусулман өлкөлөрдө баңгизат абдан катуу кылмыш болуп саналат. Алардын кылмыш кодексинде өтө катуу жазалар каралган. Үч ай мурун Индонезиянын Жогорку Соту Жибек Сакееванын апеллациялык арызын карап, мурун 10 жылга кесилсе, дагы 2 жыл кошуп, анан 130 миң айып коюшту.

Четте түрмөгө түшүп калган жарандардын жакындары аларды Кыргызстанга алып келүү үчүн да мамлекет жетиштүү иштерди аткарбай жатканын айтышат.

Акыйкатчынын маалыматы боюнча, акыркы жылдары Орусияда түрмөгө түшкөндөрдөн 7 адам Кыргызстанга кайтарылып берилген.

Ал эми Башкы прокурор Аида Салянова болсо кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер тиешелүү келишимдерге кол коюлган бардык өлкөлөр менен жүрүп жатканын белгиледи:

- Экстрадиция боюнча бардык өлкөлөр менен иш аракет жүрүп атат. Биздин жарандар көбүрөөк Орусияда, Казакстанда, Кытайда, Түштүк Кореяда камалып олтурат. Башка мамлекеттер тиешелүү укуктук баасын бергенден кийин гана жазасын бизде өтөсүн деп өтүнө алабыз.

Анткен менен Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү чет өлкөдө кылмыш жасап, камакка алынган кыргызстандык жарандар саны айтылгандан көп болушу мүмкүндүгүн божомолдойт. Себеби, Кыргызстан менен дипломатиялык байланышы жок өлкөлөрдөн мындай маалыматты алуу кыйынга турат. Ошентип, чет өлкөлөргө мигрант болуп кетип, кылмышка кириптер болгон кыргызстандыктардын айрымдары гана элчилик, министрлик тарабынан жардам ала алса, кээ бирлери такыр эле белгисиз бойдон калууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG