Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын дээрлик жарымы кыз-келиндер. Арасында бөтөн жерде жүрүп, жердештеринен запкы көргөндөр да кездешет.

Өздөрүн “патриоттор” деп атап, кыз-келиндерди ур-тепкиге алып, интернетке видеосун чыгарган кылмышкерлер тууралуу мурдатан маалым. Алардын жазасыз калганын көрүп, эми алардын жолун жолдоочулар көбөйгөндөй.

42 жаштагы кыргызстандык Гүлшан айым зордуктоого аракет кылган зөөкүрдөн качып, 7-кабаттан кулап кеткен Канайым Абсамат кызынын энеси. Аны Москвадагы шаардык ооруканалардын биринде кызына келген кезинде жолуктурдук.

- Үч күндөн бери телефону өчүк болду. Тирүүбү, өлдүбү деп катуу бушайман болдук... Үч күн дегенде ооруканадан чалышып, “кызыңыз ооруканада нейрохирургияда жатат, келиңиз, сүйлөшөлү” дешти...

Эне 20 жаштагы кызы студент экенин, окуусунун акчасын чогултууга кээде кафеде, андан тышкары бирөөлөрдүн үйүн жыйнап иштерин айтып берди. Адаттагыдай эле телефон аркылуу үй тазалоо иши боюнча сүйлөшүп, берилген дарек боюнча барган Канайым зомбулукка туш болгон.

Догдурлардын уруксаты менен Канайымга кезигип, ал-акыбалын сурадык:

- 7-кабаттан 6-кабатка секирип кетем деп ойлогом, бирок аралыгы алыс экен. Анан шашып кетип, кармана албай калдым. Жерге же цементке түшкөнүмдү билбейм. Телефонумду жумуш тууралуу сайттарга жайгаштыргам, ошол жактан чалган.

Учурда Канайымга кол салган 31 жаштагы кыргызстандык Шавкат Акимов Орусиянын Кылмыш кодексинин 131-132-беренелери боюнча камакка алынды.

Метрого түшкөнүбүздө топ-тобу менен жүргөн кыргыз балдар тигиле карашып, сынашып, туура эмес мамиле жасайт.

Ал эми жамбаш сөөгү катуу жаракат алган Канайымдын кийинки тагдыры белгисиз. “Догдурдан бутуна туруп кетеби же майып болуп калабы деп сураганга оозум барбай жатат”, - дейт өзүн бекем кармаган эне. Анын Канайымдан тышкары дагы төрт баласы бар.

- Жумушту да таштадым. Бирок кеч болсо дагы барышым керек... Эмне кыларымды да билбейм. Канча болсо дагы даарылануусун көтөрөм. Догдурларга дарылай бергиле деп айтканы келдим. Түндө саат экиде ойгонгон боюнча уйкум жок, ар кайсы нерсени ойлоп жатам. Кызымды бутуна тургузуш керек деп, өзүмдү карманганга аракет кылып жатам. Тирүү калганына шүгүрчүлүк келтирем...

Канайым Москвада мекендешинен запкы көргөн жалгыз кыз эмес. Ушул жылдын сентябрь айында эле ушул өңдүү дагы бир кылмыш иши катталган.

Жазасыз калган зөөкүрлөр

“Кыздарыбызды тыйып алабыз” деп, жердеш кыз-келиндерди ур-тепкиге алып, жылаңачтап видеого тартып, интернетке жайылткан, өздөрүн "патриоттор" деп атап алган кылмышкерлердин жолун жолдоочулар табылгандай. Министрликтин өкүлү Аскат Алиев мындай иштер четтен чыгып жатканын айтат.

- Бул жерде уюшкан топ жок. Тажик, өзбек улутундагы балдар менен жүрбөгөн күндө деле кызды топ-тобу менен зордуктап, денесине залака келтирип, анан видеого тартып алып коркутуп, опуза кылышууда.

Алиев кылмышкерлерди таап, өз жазасын берүүгө кыз-келиндерден арыз түшпөй жатканын белгилейт.

Москвада окуган Айгерим эми көчөдөн кыргыз жигиттерин көрсө кача турган болгон. "Бөтөн жерде жүргөндө жигиттерибизден коргоо көрбөй эле, кордук көрүп жатканыбыз өкүнүчтүү", - дейт ал.

- Менин жатаканам окуудан алыс болгондуктан кечинде үйгө группалаштарым менен чогуу барам. Ар кайсы өлкөдөн келген балдар-кыздар бар. Метрого түшкөнүбүздө топ-тобу менен жүргөн кыргыз балдар тигиле карашып, сынашып, туура эмес мамиле жасайт. Бул өз улутубузду чаңгандык эмес. Бирок көчөдөн орус, өзбек же тажик улутундагы балдар эч нерсе кылбайт, өзүбүздүкүлөр эле ышкырып, жаман сөздөрдү айтып, жаман абалда калтырышат. Кадимкидей корком.

Кептин баары тарбияда

Кыргыз диаспорасынын өкүлү Жамиля Бегиеванын пикиринде, мындай көрүнүштөрдүн бардыгына үй-бүлөдө жана мектепте таалим-тарбиянын өксүгү себеп болууда.

- Коомдо үлгү кылып таянар тоо, руханий өзөк жана идеология жок. Өз абийирин өзү төгүп, эч ким эч нерсе айта албайт. Турмуштан бир жыгылгандан кийин кайра тура албай кеткендери канча, намысынан өз өмүрүн кыйып алгандар канча... Мунун баары таалим-тарбиядан. Аны эч ким чоң турмушка даярдабагандыгында болуп жатпайбы.

Зордук көргөн кыз-келиндердин кийинки турмушун улап кетиши үчүн өз убагында психологиялык жардам көрсөтүлүшү керектигин айтат социалдык психолог Виктория Галяпина.

- Диаспоранын ичинде коомдук уюм, же мамлекеттик органдардын ичинде болобу, зомбулукка учураган аялдар үчүн атайын кризистик борборлор ачылыш керек. Көпчүлүк учурларда чет жакта жүргөн жарандар ал өлкөнүн мындай кызматтарына баргандан качышат. Буга тил маселеси, жарандын миграциялык статусу жана башка нерселер себеп болуп калат. Ал эми ишенимдүү анонимдүү кызматтар болсо, алар өз убагында жардам алып, өздөрүн коргоп калуунун жолдорун билип калышмак.

Орусияда миграциялык кызматтын акыркы маалыматы боюнча, 510 миңге чукул Кыргызстандын жарандары катталса, алардын 200 миңден ашууну кыз-келиндер.

Абсамат кызы Канайымга жардам берүүнү каалагандар үчүн энеси Гүлшандын номуру: +7 926 367 50 34

"Сбербанк" картанын номери: 4081 7810 4382 9614 1651 (банк эсеби), 4276 3800 9842 1576​ (Гүлшан Абдиманапова М. картасы)

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG