Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:10

​Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулганы менен мигранттардын “кара тизме” маселеси толук чечилбейт.

Бирок патент системасы, орус тили жана тарыхтан экзамен тапшыруу, миграциялык карта биримдикке кирген беш өлкө парламенттери документтер топтомун ратификациялагандан кийин жоюлат.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошуулусун, андан кийинки жеңилдиктерди биринчи кезекте мигранттар күтүүдө. Алардын айрымдары ЕАЭСке расмий кирген күндөн тартып жеңилдиктер иштей баштайт деп үмүт кылышкан. Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги бул боюнча түшүндүрмө берип, 8-майда Москвада кол коюлган документтер топтомун биримдикке кирген беш өлкө тең ратификациядан өткөргөндөн кийин гана жеңилдиктер иштей баштарын билдирди. Министр Айбек Азыранкуловдун белгилешинче, мигранттарды түйшөлткөн патент системасы да ошондон кийин жоюлат.

- Кыргызстандан алган бардык дипломдор, сертификаттар эч кандай кошумча тастыктоосуз Орусиянын бардык аймактарында жарайт. Башкача айтканда, ошол жакка барып, иштегенге мүмкүнчүлүк ачылат. Кыргызстан жарандары биримдикке кирген бардык өлкөлөр, Орусия, Казакстан, Беларус, Арменияда 30 күнгө чейин уруксат кагазы жок эле кирип-чыкканга шарт түзүлөт. 8-майда кол коюлган келишим беш мамлекетте толугу менен ратификация болгондон кийин патент системасы, орус тил жана тарыхынан экзамен тапшыруу, медициналык тактама деген нерселер жокко чыгат.

Орусиядагы мигранттар

Орусиядагы мигранттар

Кыргызстандын жарандары келишимдин негизинде биримдикке кирген мамлекетте эркин иштей алат. Белгилей кетүүчү жагдай, мугалимдер жана медицина тармагындагы адистер аты аталган өлкөлөргө барып иштесе, кошумча аттестациядан өтүшү керек. Эгер келишим мөөнөтү бүтсө же ал бузулса, 15 күн ичинде кайрадан жаңысына кол коюп же өлкөдөн чыгып кетиши зарыл. Ошондой эле бирдей укукта медициналык жардам алып, окуу жайларга тапшыра алат. Эмгек китепчеси ачылып, стажы жазылат.

Азыранкуловдун айтымында, азырынча мигранттардын пенсиясына байланыштуу маселе чечиле элек. “Кара тизме” да толук жоюлбайт.

- Кыргызстан ЕАЭСке толугу менен киргенден кийин деле “кара тизме” маселеси чечилбейт. Себеби бизге келген чет мамлекеттин жарандары Кыргызстандын мыйзамын бузган учурда Административдик же Кылмыш кодексине жараша чаралар көрүлөт. Керек болсо өлкөдөн чыгарылып, депортация болот. Бул деле ошондой. Айрым категориядагы адамдар, студенттер, жогорку квалификациядагы адистер, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири Орусиянын жараны болсо “кара тизмеден” чыгарылат. Одоно мыйзам бузбагандарды тизмеден чыгаруу мүмкүнчүлүгү ачылып жатат.

Эгер тогуз айдан ашуун мыйзамсыз жүрсө беш жылга, бир жылдан ашуун жүрсө 10 жыл Орусияга кирүүгө уруксат берилбейт.

Документ ратификацияланганга чейин Кыргызстандын жарандары Орусияга барбай туруп эле орус тили жана тарыхтан Кыргыз-Славян университетинин базасында окуп, экзамен тапшыра алат.

Эскерте кетүүчү жагдай, Орусияга ID карта менен барчулар миграциялык карта толтурушу керек, жалпы жарандык паспорт менен чек арадан өткөндөр толтурбайт. Орусиянын Миграциялык кызматынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Владимир Филипповдун айтымында, кыргызстандык мигрант Орусияда 90 күнгө чейин жүрө алат. Эгер ушул мөөнөттөн кийин дагы эмгек келишимин түзбөй же убактылуу жашоого ураксат албаса депортация болуп, өлкөгө кирүүгө үч жылга чейин тыюу салынат.

- 90-180 деген формула бар, башкача айтканда, 90 күнгө чейин жүргөнгө мыйзам жол берет. Эгер кыргызстандык жаран Орусияда узагыраак мөөнөткө кала турган болсо, ал эмгек келишимине кол коюп же убактылуу жашап туруу боюнча уруксат кагазын алышы керек. Эгер бул документтери жок жүрө берсе, өлкөдөн чыгарылат жана үч жылга чейин кайра кире албайт. Эгер тогуз айдан ашуун мыйзамсыз жүрсө беш жылга, бир жылдан ашуун жүрсө 10 жыл Орусияга кирүүгө уруксат берилбейт.

Москвадагы мигранттар, 2014-жыл

Москвадагы мигранттар, 2014-жыл

​Филиппов “кара тизмеге” байланыштуу аты-жөнүн өзгөрткөндөр билинип калса, катаал чаралар көрүлөрүн да эскертти. Анткен менен кыргызстандык мигранттардын күткөнү да дал ушул маселе болчу. Алар биримдикке кирген күндөн тартып патент жана “кара тизме” жоюлат деп күтүп жатышкан. Бул тууралуу Орусияда беш жылдан бери иштеп келаткан Минавар Алибаева “Азаттык” менен маегинде билдирди:

- Азыр 2,5 миң рублга бир жылдык документ жасай башташыптыр. Буга чейин 1,5 миң рублга үч айга жасап, бирок ошол эле учурда кирди-чыкты деген көйгөйлөр бар эле. Беларус, Казакстандын жарандары жумушка оңой кирет. “Кара тизме” дагы алынат деп көптөр күтүп аткан. Телефондон бир аз карыз болуп калсаң деле киргизип койо берет экен. Көптөр үч айга документ жасатып алып эле патент албай коюшту. Орточо айлык 30 миң сом болуп атса, ай сайын төрт миңден төлөгөн кыйын эле.

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 77 миң кыргызстандык “кара тизмеде”. Андан чыгарууну өтүнүп кайрылган төрт миң кишинин жарымы тизмеден чыгарылган. “Замандаш” ассоциациясынын өкүлү Азамат Айтбаев “кара тизмедегилердин” санын кыскартуунун жолдорун караштырууну сунуштоодо:

- Биримдикке киргенден кийин мигранттар үчүн үмүттөр акталды деп айтууга эрте. Анткени азыр эч ким жеңилдиктерди жон териси менен сезе элек. Мамлекет башчылардын Орусия менен түз мамилесин эске алып, мунапыс маселесин көтөрүп же жеңилдиктерди берүүнү ортого салуу керек. Анткени 77 миң кишинин көпчүлүгү жеңил, кээде өздөрү билбеген мыйзам бузуулар үчүн “кара тизмеге” кирип калган. Ошолордун мөөнөтүн кыскартып, айыппул аркылуу чечүүнү караштыруу керек. Көбү 8-майды күтүп, патент албай жүргөн. Азыр мигранттарга маалымат жеткирүү керек. Билбей калып дагы “кара тизмедегилердин” санын көбөйтүшпөсүн.

Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан жана Армениянын президенттери Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине биротоло кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге Москвада 8-майда кол койгон. Кыргызстандын биримдикке кошулуусу боюнча келишимдерди Жогорку Кеңеш 20-майда карай турган болду. Керектүү документтер бүгүн парламентке жөнөтүлдү. Парламент комитеттери 18-майдан тартып карай баштайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG