Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Түптө көгөрүп кеткен жаңы мектеп убактылуу жабылды


Көгөрүп кеткен дубал.
Көгөрүп кеткен дубал.

Ысык-Көлдүн Түп районундагы Балбай айылында жаңы мектептин дубалдары көгөрүп кетип, окуулар кечээтен тарта үч күнгө токтотулду.

Мектеп 2016-жылы 23-январда ачылган. Күбөлөрдүн айтуусунда, бир ай өтпөй эле дубалдар нымдашып, көгөрүп, майда курттар пайда болгон. Аны мектепти курган "Авангард Строй" курулуш компаниясынын кызматкерлери толук тазалап чыккан. Бир жыл өтпөй кайра дубалдары көгөрө баштаган.

Айрым окуучулардын ата-энелери нааразы болуп, балдарын сабакка жөнөтпөй коюшту. Район жетекчилиги комиссия түзүп, окуя иликтенип жатат.

Курулуш компаниясы үч жылга кепилдик бергендиктен кайра тазалоо иштерин жүргүзүүдө. (AsM)

XS
SM
MD
LG