Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

Москвада кыргызстандык жаш режиссер Бакай Эген «Мигрант» деген аталышта даректүү тасма тарта баштады. Тасмада жыйырма жылдан берки ички жана тышкы миграциянын Кыргызстанга, кыргыз элине тийгизген оң-терс таасири көрсөтүлмөкчү.

- Бакай, тасма тартуудагы негизги максатыңыз?

- Азыркы кыргыз коомунда мигранттар жөн эле кыргыздардын бир бөлүгү эмес, эки миллионго жакын мекендештерибиз. Демек, бул көрүнүш биздин узун тарыхтагы маанилүү бир учур болушу мүмкүн. Ошондуктан биз кыргыз чөйрөсүндөгү эң негизги, эң басымдуу болгон төрт көйгөйдү алып чыгалы деп жатабыз.

- Мисалы?

- Күйөөдөн ажырашкан келиндер, дин агымына түшкөн жаштар, кылмыш дүйнөсүнө аралашкан жигиттер жана миграцияда жүргөн кыргыз элитасынын ынтымаксыздыгы, биримдиктин жоктугу. Ушул төрт бөлүктөн турган, азыркы биздин коомду чагылдырган даректүү тасма болот.

- Тасманын бюджети канча? Ага тартылуучу каармандар барбы?

- Тасманын бюджети тууралуу азырынча так айта албайм. Баштапкы 300 миң рублди Орусиядагы кыргыз конгресси берди, бул сумма менен тасманы тартууга кириштик.

Ал эми каармандарыбызды издөөнүн үстүндөбүз. Эгер башынан өткөргөн тагдыры, жашоосу биздин талаптарга жооп берсе, тасмага тартылууга кызыккандардын бардыгы менен кызматташууга даярбыз. Ал Орусияда жүргөн мигрантпы, Казакстандабы, Кытайдабы, Америкадабы, айтор байланышып, сүйлөшүп көрөбүз.

Талап демекчи, биздин тасмага каарман болууну каалаган адамдар жогоруда биз айтып өткөн төрт бөлүктүн ичиндеги чөйрөдөн болууга тийиш. Анын башынан өткөргөн окуялары кызыктуу, таасирдүү, башкаларга сабак боло тургандай болуусу керек. Каармандарды тапмайынча, тасма башталбайт.

Бакай Эген "Эски дубалдар" тасмасын тартып жаткан учурда. 2011. Баткен.

Бакай Эген "Эски дубалдар" тасмасын тартып жаткан учурда. 2011. Баткен.

- Миграция темасына режиссерлор көп эле кайрылып жүрүшөт. Сиздин даректүү тасма алардан эмнеси менен айырмаланат?

- Ар бир мигрант өзүнчө дүйнө, окуя. Эгер эки миллион мигрант болсо, демек эки миллион тагдыр, окуя дегенди билдирет.

Биз айта турган ой – азыркы доорду алымча-кошумчасыз, туура, так чагылдыруу. Анткени миграция жараяны чоң көйгөй, бул деген ажырашкан тагдырлар, андан жетим калган миллиондогон балдар. Алардын келечеги, тарбиясы. Атадан насили, наркы жок, тарбиясы жок чоңойо турган балдардын келечеги кандай болот? Жыйырма жылдан кийинки кыргыз коомун кандай элестетебиз? Мына ушул көйгөйлөрдү баса белгилеген даректүү тасма болот.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG