Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Бажы биримдигинин мигранттарга пайдасы жок


Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн президенттери, 24-октябрь, 2013-жыл
Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн президенттери, 24-октябрь, 2013-жыл

Кыргызстан Бажы биримдигине кошулаар менен мигранттардын абалы жеңилдейт деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу 4-ноябрда Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө айтылды.

Мүчө мамлекеттерге өз жаранындай кирип-чыгуусу үчүн Кыргызстан бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу керек.

Кыргызстан Бажы биримдигине кошулаар менен Орусияга же Казакстанга кирип чыгууда, ал жакта жумушка орношууда тоскоолдуктар жоюлат деген туура эмес. Бул тууралуу өкмөт башчынын кеңешчиси Олег Панкратов билдирди. Ал мындай жеңилдиктерди күткөндөр адашып жатканын, жарандарга чек аранын жоюлуусу үчүн Кыргызстан бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүүсү керектигин белгиледи.

- Бажы биримдиги – бул биримдиктин келишимдеринин топтому. Ал мүчө өлкөлөрдүн арасында товарлардын эркин өтүүсүн камсыздайт. Бажы биримдигине киргенден кийин мамлекеттик чек аралар ошол боюнча калат, жарандардын кирип-чыгуу эрежелери өзгөрбөйт. Бирок биз биримдикке кирүү үчүн мүчө мамлекеттерге сунуштарды айтканда мигранттарга айрым жеңилдиктерди кошо сурап жатабыз. Балким бирдиктүү экономикалык аймакка кирбей туруп, мигранттарга жеңилдик сурайбыз. Балким ал - эки өлкө ортосундагы келишим түрүндө болушу мүмкүн.

Бажы биримдигине каршы акция. Украина, 6-октябрь, 2013-жыл
Бажы биримдигине каршы акция. Украина, 6-октябрь, 2013-жыл
Бажы биримдигине кирүү үчүн жол картасы ушул жылдын аягына чейин камдалып бүтөөрүн кыргыз өкмөтү билдирген. 2014-жылдын соңуна чейин биримдикке кирип калуу мүмкүнчүлүгү айтылып келет. “Андан кийин гана мигранттардын эркин кирип- чыгуусу карала баштайт” дешет адистер. Мурдагы миграция министри Айгүл Рыскулова жакынкы аралыкта андай мүмкүнчүлүктү күтпөйт, бир жагынан анын терс жактары да бар дейт:

- Коңшу Казакстанга же Орусия менен Беларуска биздин жарандар эркин кирип- чыга алса муну жеңилдик деп билебиз. Бирок Бажы биримдигине киргенде алгачкы этапта бул маселе каралбайт деп ойлойм. Ал аткарылган күндө да башка коркунуч бар. Текшерүүсүз өтүүгө, документсиз ишке орношууга эшик ачылып калса, баары кете баштайт. Анда Кыргызстанда кандай адистер калат? Бул жактагы жумуш ордун ким толтурат? Кыргызстандын эмгек базары эмне болот?

Орусия, Казакстан же Буларуска эркин кирип-чыгуунун жыйынтыгында Кыргызстандан адистердин кетип калуусу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин да кооптондурат. Министрлик алдындагы жумушка орноштуруу борборунун директору Нурдин Тынаев учурда ансыз да жумуш орду тартыш болгондуктан сыртка агылуу күчтүү дейт. Жылда 18 жашка толгон 100 миң адамдын көпчүлүгү сырттан жумуш издөөгө мажбур.

- Эмгек миграциясы өлкөнүн эмгек базарындагы чыңалууну азайтат. Мисалы, бизде жумушчу күчү жумуш орундарына караганда ашыкча. Ошондуктан баары кетүүгө аракет кылышат. Бирок өлкөнүн бардык аймагында дегенге болбойт. Мисалы, Баткен сыяктуу алыскы аймактарда жумушчу күчү көп деле эмес. Ал жакта жалаң жаш балдар менен кары-картаңдар калган.

Дүйнө жүзү боюнча көчүп жүргөн 250 миллион адамдын бир миллиону кыргызстандыктар. Алардын 80 пайызы Орусияда. Кыргызстанда тышкы миграция дегенде Орусия эске келет. Ал жакта жүргөндөрдүн жумушка орношуусу боюнча Орусиянын Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлү Владимир Филиппов буларды билдирди:

Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар
- Ооба, ар кандай пикирлер айтылды. Бирок алып карасак, тогуз айда Орусияда 133,5 миң кыргызстандыкка расмий түрдө жумушка уруксат берилди. Алардын 65 миңи юридикалык жак катары, 68 миңи патент аркылуу алышты. Патент үчүн чектелген орун жок экенин кошумчалай кетейин. Эмгек базарында чет өлкөлүк жарандарга чектелүү квота берилерин баарыбыз билебиз. Ошол 133,5 миңдин 70 пайызы Москвада, калган 15 пайызы Москва облусунда иштегенге уруксат алып жатышат.

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар жөнөткөн каражат Кыргызстандын ички дүң продукциясынын дээрлик 27 пайызын түзөт. Эмгек мигранттары кайсы бир деңгээлде өлкө экономикасына салым кошкон менен укуктук, социалдык маселелерди кошо ээрчите жүрөт.

Жүз миңдеген адам сыртка жумуш издеп агылса, Кыргызстан 13 миң орунду чет өлкөлүк кызматкерлерге берүүдө. Андан сырткары алдыдагы Бажы биримдигине кирүү сыяктуу окуялар миграцияда башка маселелерди жаратат. Булардын баарына алдын ала прогноз жүргүзүү, азыркы кырдаалды так билип, маалыматтарды чогултуу үчүн президенттик аппараттын алдында миграция боюнча эксперттик топ иштеп баштады.

XS
SM
MD
LG