Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:14

Бул күндөрү дүйнөнүн чар тарабында жашап, иштеп жана окуп жаткан кыргызстандыктар киндик кан тамган жерине келип, канткенде Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөр катарына кошобуз деген маселени ортого салып талкуулаганы турушат.

"Арай көз чарай" талкуусуна сырттан келген замандаштар чакырылды: Германиядан келген Кайрат Итибаев, Австриядан келген Райхан Айзенхут, Африкадан келген Айжан Абдешова.

“Азаттык”: Окурмандарга кыскача маалымат берсеңиздер, жашап жаткан өлкөдө эмне менен алектенесиз, канча жылдан бери ошол жактасыз?

Райхан Айзенхут: Мен Австрияда 1996-жылдан бери жашайм. Ал жакта музыкалык мектепте скрипкадан сабак берем, оркестрде. Ар кандай ансамблде ойнойм.

Айжан Абдешова: Мен Борбордук Африкадагы Бурунди мамлекетинде тоо-кен байлыгын чалгындоо компаниясында башкы директордун орун басары болуп иштегениме эки жыл болду.

Кайрат Итибаев: Мен Германияда Соода жана өнөр жай палатасында иштейм. Андан сырткары Чехияда докторантурада сырттан окуйм.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуздар:





Токон аттуу угарман: Бийликтен жемкорлор кеткенде гана мамлекет оңолот. Буга кандай карайсыңар?

Кайрат Итибаев

Кайрат Итибаев

Кайрат Итибаев: Германияда көргөн тажрыйбамды айтайын. Мыйзамдуулукту орнотуш бир жылдын гана маселеси эмес. Көп жылдар талап кылынат. Сиз айткан маселеге кайрылсак, акча алып кармалгандар болсо чекесине коррупционер деген белги коюп, сүрөтүн билбордорго илдирип койсо жакшы иш-чара болмок деп достор менен сүйлөшкөндө тамашалап калам.

Дагы бир маселе. Биздин элчиликтер протоколдук жана консулдук иштен башка иш алып барышпайт. Инвестиция же сооданы активдештирүү боюнча да иштер жүрбөйт. Албетте каражат жок, бөлүнбөйт. Деги эле Тышкы иштер министрлигин реформалаш керек.

“Азаттык”: Айжан, сиз Африкада тоо-кен чалгындоо тармагында иштейт экенсиз. Кыргызстанда бул багытта айрым маселелер чыгып, жергиликтүү тургундар инвесторлорду иштетпей жолун бууган, келишим мамлекеттин кызыкчылыгын эске алынбай түзүлүп калган учурлар кездешип калып жүрөт. Сиз иштеп аткан Бурунди өлкөсүндө бул маселе кандай чечилет, жергиликтүү тургундар менен байланыш кандай?

Айжан Абдешова

Айжан Абдешова

Айжан Абдешова: Африкада тоо-кен байлыктары көп. Бул багытта 1963-жылдан бери белгиялык компания иштеп келген экен. Система жолго салынып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн да мыйзамдар катуу.

Кыргызстанда кандай кемчиликтер болуп жатканын мен деле көрүп жатам. Бизде инвесторлор келгенде талапты катуу койгону менен кайсы жерден туура алып кетишти билбей жатышат деген ойдомун.

Негизинен Кыргызстанга пайда алып келе тургандай болушу керек, бирок инвесторлордун жолун торобой, алардын суроосуна жооп бере тургандай жагдай түзүлүш керек.

Бурундиде биз мамлекет, администрация менен жакшы иштейбиз. Алар “баланча суммада инвестиция алып келгиле, беш жылдык планыңарды көрсөткүлө. Эгер бул долбоор жакшы болсо, анда колдойбуз”, - деп айтышат. Түзүлгөн келишимге жооп бере алышат. Келишим эң аз дегенде эки жылга түзүлөт. Эгер ошол компания жакшы иштесе, келишимди дагы узартып, бирок жергиликтүү калктан жумушка алуу милдеттендирилет.

“Азаттык”: Райхан айым, Кыргызстанда маданият жакшы көңүл бурулбай калды. Адамдын жан-дүйнөсү жакыр болсо, өлкө байыбайт деген сөздөр көп айтылып жүрөт. Сиз да ушундай абалды байкадыңызбы?

Райхан Айзенхут

Райхан Айзенхут

Райхан Айзенхут: Ооба, маданиятка аз көңүл бурулуп жатканына мен көп жылдан бери капа болуп жүрөм. Мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп менен байланышып турам. Бирок бул жылы келгенде аталган мектепте жакшы өзгөрүүлөр болуп жатканын көрдүм, уктум. Балдарга мындан дагы көп көңүл бурулуп, өсүшүн каалайм.

Чет өлкөдө, ошонун ичинде Австрияда бала төрөлгөндөн баштап башкача мамиле жасалат. Эгер Кыргызстанда балдары тентектик кылса, уруп койгон учурлар көп эле кездешет. Австрияда баласын урганын билсе жоопко да тартылат. Балдар биздин келечегибиз, ошондуктан аларды бапестеп өстүрсөк келечегибиз да гүлдөп өсөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG