Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Мостойткон Москва...


Ээси жок күндөлүк

Айылдашым Орусиядан келатам, шаарда тааныштарым жок күтүп алчы дегенинен темир жол бекетине бардым. Мурун жол чаңытып топ тээп эле жүрчүбүз, интернет аркылуу кат алмашып турчубуз, анда да тамашалашып дайыма күлдүрүп турат, ал эми жашоодо таптакыр өзгөрүп кетиптир. Бою узун, токтоо, үнү да жоон. Кайра айылга кетчү таксиге чогуу бардым.

- Сага эмне белек алуумду билбей студент экениң эсиме келди. Анан алар көп жазышат эмеспи деген ой менен блокнот ала келдим – деп үч дептерди колума карматты. Сүйүнүп аларды барактай баштадым. Бирөөсүндө жазуулар бар экен.

- Мунун ичинде жазуу бар экен, сеники го – деп кайра өзүнө сундум.

- Жок, ал меники эмес. Кимдики экенин билбейм. Орусияда батирде ар жерде жатканынан салып коюшса керек. Керек деле эмес, кайда алып бармак элем. Сен таштап саласыңбы?

Айылдашым таксиге отуруп жөнөп кеткенде аты-жөнү жазылбаган күндөлүктү барактай баштадым...

Москва тосуп ал, мен жакында барам

Мектепти тезирээк бүтсөм экен деген окуучулардын катарын толуктасам да «Ак жол сага, бүтүрүүчү» деген мугалимибиздин сөзүн укканда бир аз чочуламайым башталды. Эми жогорку билим, өз алдынча жашоо, чоң турмуш башталды…

Орто мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайына тапшырууга кам уруп жүргөм. Шартка байланыштуу ал планым эмдиги жылга калды. Менден улуу байкем шаарда окугандыктан каражат жагынан тартыштык байкалаар эле. Классташтарымдын бир бөлүгү окууга, бир бөлүгү Орусияга кетишти. Үйдө бош жүргөндө эмне кылмак элем, бекерчиликтен тажаганда Москвага барып иштеп келүүнү чечтим. Эми бул чечимди ата-энеме угузушум керек:

- Ата, апа мен Москвага барам, иштейм, - дедим бир күнү чай үстүндө.

- Москва!? Эмне дейт мунуң. Сага эмне жетпей жатат? – деди апам.

- Баары эле жетиштүү. Барып иштеп эл, жер көрүп дегендей. Анүстүнө досторумдун баары эле кетишти го. Жакшы эле иштеп жатышат. Сагын акем курулуштан жаңы объект алдым, келе бер деди.

Ары айтып, бери айтып жатып экөөн араң көндүрдүм. Акыркы сөздү атам алып:

- Барсаң барып кел. Биз деле эл барган Москвага барып келгенбиз. Өзүң айткандай эл көрөсүң, нан бекер келбесин түшүнөсүң. Бөтөн жерде жүргөндөн кийин жеңил оокатка көнбө, жакшы жүр, - деп батасын берди.

Мен буга ушунчалык сүйүндүм, Москва тосуп ал, мен жакында барам!!!

Силер бала бакчада жүрөсүңөр

Сагын акем көп жылдык тажрыйбасынын арты менен бригадирликке жеткен. Бегай жеңем салон иштетет. Мурун кафеде ашпозчу болуп иштечү экен. Батирди акемдер алган, ага Кыргызстандын ар тарабынан келгендерди киргизишкен.

Бүгүн курулушка бардым. Жаш экендигиме карап аяштыбы “оор жүк көтөрбө, жашсың” деп майда-барат иштерди дайындашты. Тамактануу маалында жакындан тааныша баштадык. Бирөөсү айылда жумуш жоктугунан келгенин айтса, экинчиси университетте мугалим болуп иштеп, айлык аздыгынан келген экен. Ал байке “Кыргызстанга барганда каалаган окуу жайыңа өткөрөм” деп убада бергенге да үлгүрдү.

- Сенин жашың канчада?-деп сурады менден.

- 18.

- Карачы жашоону. Кызык ээ. Жылдап билим алып, жылдап мээнет кылып, акыры келип курулушта сени менен иштеп атам. Биз биринчи келгенде жашаган жерибиз жок, жер төлөдө, астыбызга кагаз төшөп жатаар элек. Сен болсо турмуш оңолгондо келдиң. Эми экөөбүздүн айлыгыбыз бирдей. Сүйүнгүлө, силер бала бакчада жүрөсүңөр.

"Силерге орустардын эскиси деле болот"

Кечээ жумуштан келсем жеңем батирде жашаган отуз кишиге чогулуш өткөрүп жатыптыр. Мындай чогулуш мектепте болчу. Дубалды кирдетпе, ажаткананы таза карма, кечки саат 10дон кийин тынчтык бер. Кызыгы жеңемдин «бала келдиңизби, бала чай ичиңиз» дегенине көнүп алган экем. Баары коркуп карап турушат, мен жаңы жеңемди көрүп таң калдым. Башым ооруп атат, тамак жасагыла деди. Мен кесме бышырдым, казан кармап көрбөгөн жаным майды көп куюп коюптурмун. «Бул силерге айыл эмес, үнөмдөгүлө, бирөөнүн тамагын жеп аткандан кийин. Бүгүн ким тамак жасаса ошол ичсин»,- деп мага майын калпып куюп берди. Акем сен айлык алганча муну кийип тур деп бут кийимин берген эле. Эртең менен жумушка жөнөөрдө кийип жатсам, жеңем чечип алды. «Силерге ким койду жаңы кийимди. Орустардын эскиси деле болот» деп башка батинкени карматты.

Эстен кеткис жекшемби

Бүгүн жекшемби. Айылдаштарыбыз дем алыш күндөрү чогулуп, волейбол ойноорун угуп сүйүндүм. Бир айдан бери окшош күндөрдү баштан кечирип, тажай баштадым эле. Оюн кызыктуу өттү. Бирок чогуу жашаган бир байкебиз достору менен ичип, үйгө араң жетелеп келдим. Драма муну менен бүткөн жок. Батирде бир жаш үй-бүлө жашайт. Сыртынан күлүп-жайнап жүрсө "бактылуулар" деп ойлогом. Ойдо жок жерден тамак үстүндө айтыша кетишти. Эрди-катындын көнүмүш урушу дегенсип эч ким деле капарга алган эмес, ажатканда тарс-турс, кыйкырык чыга баштаганда гана баарыбыз мостоюп, кулак түрүп калдык. «Сен досторумдукуна барбай койдуң, мени сыйлабайсың. Башка эркекке жылмаңдап күлөсүң…» Жарым сааттан кийин күйөөсү каалганы тарс ачып, эшикке чыгып кетти. Жеңем баш болгон аялдар канга боёлгон келинчегин алып чыгып жуунтушту. Аны көрүп, жүрөгүм лакылдап, уйкум качты. Ушундан көрө айыл жакшы беле… Карындаштарымды сагындым.

Москвада акча жаабайт

Бүгүн жумуш жок болгондуктан агентке кирдим. Бир кыз менен жакшы сүйлөшөм.
“Кандай ойлойсуң, үй-бүлөдө эмнеге уруш болот?”,- деп суроо узаттым ага.

“Баары акчанын айынан. Көпчүлүгү жетишпестик азабынан ажырашып кетишет го. Жок дегенде бирөөсү иштеп акча табыш керек”, - деп акылдуусунду кыз.

- Акчаны биринчи орунга коёсуңбу?

- Жок, андай деле эмес. Бүгүн дем алышпы?

- Ооба.

- Оо! Сонун го!

- Ооба – деп токтодум. Жумуш болгону жакшы экенин, биздин жасаган жумушубузга гана акча төлөөрүн айткым келген жок. Бир чети акча дегенде жанын берет экен деп ойлоп калбасын деп чочулагам.

- Сен мага акча жөнөтө аласыңбы? Бир көйнөк көрүп койдум. 3 000 рубл жиберсең жетет.

- Макул жиберем, кимдин атына салыш керек, аты-жөнүн жазып кой ээ, - деп тим болдум. Кызык, эки карындашым менен тең кыздын акча сураганына таң калдым. Апам акчаңдын пайдасы канча, өзүңө кара деп айтат. Байкем студент болсо да «Москвада акча жаамак беле» деп сурабайт.

Убактым жок жазбай калдым. Кыргызстан менин келечегим эмес, мен башка өлкөгө кетишим керек деп ойлочумун. Москвага келдим. Шаар кабыл алды. Жеңемдин өзгөргөнүнө таң калганым менен бул шаар менин максаттарымды да өзгөрттү.


Ата-энемдин кадырын билдим. Cүйүү акчанын алдында алсыз экенине ынандым. Бир жыл өтүп күндөлүк жазган адатымдан арылдым. Кош бол Москва! Европа сага баратам, күтүп ал!

Айпери ГАНЫЖАН кызы
XS
SM
MD
LG