Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Жакында эле Москвада өткөн жылы кургак учуктан каза таап, ким экени аныкталбай, жалпы мүрзөгө көмүлүп калган кыргыз жигиттин сөөгүн туугандары каздырып, Кыргызстанга алып кетишти. Дарыгерлердин белгилөөсү боюнча мигранттар, анын ичинде кыргызстандык мигранттар ден соолугуна тиешелүү деңгээлде кам көрүшпөй, кайдыгер мамиле жасашат. Мигранттар болсо дарылануу кымбат деген жүйөнү карманышат.

Маркумдун жакыны Умарбек Мырзаевдин айтымында, тууганы кургак учук менен ооруп жүргөнү билинген эмес, үйүнө жетпей жыгылган жаранды алгач полиция суукка тоңуп өлдү деген жыйынтык чыгарган. Бирок кийинчерээк сөөктү иликтеген дарыгерлер маркумдун өпкөсү таптакыр чирип калганын белгилешип, өлүм суукка тоңгондон эмес, кургак учук оорусунун натыйжасында болгонун жазышкан:

- Өткөн жылы бул жерде иштеп жүрүп, дайынсыз жоголгон болчу. Мен жети ай издеп таппай кеткем. Кайра келип, сүрөтүн Кимдиги аныкталбаган жарандар тууралуу бюродон көрүп, таап алдык. Бул жерде ал "кургак учук менен ооруп өлгөн" деп жазылыптыр.

Көр оокат деп жанталашып иштеп жүрүп, ден соолугуна тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай, көп учурда экинчи планга калтырышарын мигранттар өздөрү да мойнуна алышат. Көпчүлүгү ооруган жерин убактылуу дарылап, ал эми жакшылап дарыланып, оорудан айыгуу маселесин “Кыргызстанга баргандагыга” калтырышат. Буга эң эле негизги себеп – акча.

Биринчиден, ооруканага кайрылуу үчүн акча керек. Экинчиден, ооруканага кайрылып, дарылануу үчүн мигранттар жумуш убактысын курмандыкка чалууга мажбур, ал эми жумушка барбаган күндөр үчүн акча төлөнбөшү турган иш.

Ден соолукту унутканда...

Биз микрофон сунган мекендештерибиздин көпчүлүгү бир жери оорумайынча дарыгерге кайрылышпай, ооруган учурда да ооруну сездирбөөчү дарыларды ичип жүрө беришээрин айтышты.

Москвада үч жылдан бери иштеп жүргөн Тынчтык толук кандуу медициналык кароодон бул аралыкта бир эле жолу өткөнүн мойнуна алды:

- Көпчүлүгүбүз кайсы жерибиз ооруп жатканын деле билбейбиз. Качан ооруган учурда да “айыгып калат” деп жүрө беребиз. Текшерилген учурда гана катуу ооруганын билгендер дар бар.

"Азаттык": Акыркы жолу өпкөңдү качан текшерттиң эле?

- Бир жыл мурда. Анда да мен спорт залга барып, машыгуу үчүн атайын медициналык кароодон өтүп, ошондо өпкөмдү флюорографиядан өткөргөм.

Ооруган учурларда көбүнчө мурдатан уккан-билгендери боюнча же күн сайын телевизордон реклама болуп жаткан дары-дармектерди ичүү менен өздөрүн дарылашарын айтышат. Өзүн Жаркынай деп тааныштырган бийкеч 25 жашта:

- Көбүнчө өзүбүздү өзүбүз дарылайбыз. Чынында кайсы органы эмне болуп ооруп жатканын билбей эле, ар кимден укканы боюнча дарылана беришет. Мисалы, суук тийди деп эле антибиотиктерди иче беришет, бирок анын деле зыяны чоң турбайбы. Бир жагына пайдалуу болсо, башка органдарга зыяны тиет экен.

Кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү медициналык кароонун жыйынтыгы тууралуу маалымат талап кылган ишканаларда, алсак коомдук тамактануучу жайларда, азык-түлүк дүкөндөрүндө, кондитердик, нан азыктарын даярдоочу комбинаттарда иштешет. Бирок андай жерлерге да саламаттыгы тууралуу кагазды түрдүү жолдор менен жасатып, алып барышарын мекендештер ачык эле айтышат:

- Андай ишканаларга сөзсүз талап кылынат, атүгүл пол жууганы ишке кирсең да сөзсүз түрдө колуңда медициналык кароодон өткөнүң тууралуу кагазың болуусу тийиш. Андай кагаздарды биз жеке медициналык мекемелерден алабыз, алар кандай жолдор менен берээри айтпасак деле түшүнүктүү да... Башка жактан өтөйүн деп, орустардын клиникасына баргандан уялышат, анткени тил билишпейт. Же жакшы мамиле жасашпайт, баары бир “келгин” деп бөлүп турушат. Кыргыздардын клиникаларына барсаң алардын деле биринчи сураганы – акча. “Кайда иштейсиң? Акчаң барбы?” деген суроолор менен тосуп алышат.

Капчыкты каккан ооруканалар

Акча демекчи, Москвадагы медициналык мекемелерге кайрылган оорулууну дарыгердин кабыл алуусу ооруга жараша 500 рублден башталат. Эгер дарыгер оорулууга кеп-кеңеш берип, дарыланууга сунуштама берсе, дагы 200-300 рубль кошулат. Ички органдарды УЗИ аркылуу текшерүүдөн өткөрүү да органга жараша 600 рублден өйдө. Көздү, тишти дарылатуу 1000 рублден жогору. Бул - Москвадагы кыргызстандык дарыгерлер ачкан медициналык борборлордун кызмат акысы. Ал эми жергиликтүү ооруканалардын айрымдарында баалар мындан жогору болсо, айрымдарында тескерисинче арзаныраак, бул кабыл алган дарыгерлердин өзүнө да байланыштуу болоорун айтышат мигранттар.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы 328 кыргызстандык жарандын сөөгү мекенине жеткирилген. Алардын ичинен орто эсеп менен 60% түрдүү оорулардан каза табышкан.

Кыргыз өкмөтү мигранттардын саламаттыгына кам көрүү багытында түрдүү аракеттерди жасап, Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бул багытта бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Эки тараптуу келишимдердин негизинде Орусиянын ооруканаларына Тез жардам кызматы аркылуу түшкөн кыргызстандык жарандар үч күн акысыз дарылана алышат.

Элчиликтин билим берүү жана медициналык маселелер боюнча атташеси Чолпон Исмаилованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги орусиялык кесиптештери менен кыргызстандык мигранттарга медициналык кызмат көрсөтүү жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт:

- Кыргызстандык жарандарга медициналык кызмат көрсөтүү жаатында маселе абдан оор. Ошондуктан элчиликтин демилгеси менен өкмөттүк аппаратка кайрылып, бул маселени өкмөттүк деңгээлде чечүүнү өтүнгөнбүз. Биринчиси – кыргызстандык жарандарга Орусиянын медициналык мекемелеринде дарыланууга мүмкүнчүлүк берүү. Экинчиси - медициналык камсыздандыруу боюнча. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн негизинде биздин жарандар бул жактан медициналык жардамды акы төлөө аркылуу гана ала алышат, ал эми Тез жардам менен ооруканага түшсө, үч күндүн ичинде аларга алгачкы жардам бекер көрсөтүлөт. Андан кийин акы төлөөгө туура келет. Ошондуктан бул маселе боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр дагы талап кылынууда.

Ушул тапта Орусияда болжол менен 1 млн. чамалуу кыргызстандыктар жашап-иштешет. Алардын дээрлик 90% эмгекке жарамдуу. Москвадагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча өткөн жылы мекенине сөөгү жиберилген 328 кыргызстандык жарандардын дээрлик бардыгы эмгекке жарамдуу курактагы же тагыраак айтканда 18 жаштан 60 жашка чейинкилер болгон.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG