Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:10

Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттары өздөрү тууралуу "Мекендештер" аттуу көркөм тасма тартты.

Тасмадагы ролдорду тажрыйбалуу актёрлор эмес, мигранттар өздөрү ойноду. Фильмдин режиссеру да тажрыйбалуу киночу эмес, өмүрү кино тартып көрбөгөн ышкыбоз мигрант. Ошентсе да бул тасма Сеулда өткөн кинофестивалда мактоого арзыды.

Тасманын сценарийин жазган Нурбек Кожобаевдин айтымында, фильмдин башында күнүмдүк турмуштан алынган окуялар көрсөтүлгөн. Бул чыгыш өлкөгө иштегени Кыргызстандан келгендердин аягы үзүлбөйт. Албетте, алар толтура кыйынчылыктарга дуушар болушат: бири жергиликтүүлөр менен тил табыша албайт, ич ара урушмай боло калат, туулган жерин, үйүн сагынат...

Корей жигитке турмушка чыккан кыргыз кыздын арманы, бул сырдуу өлкөгө окууга келген студенттердин турмушу. Кыскасы ойдон чыгарылган эч нерсе жок.

Таалайбек Айталиев жана Алия Түмөнбаева

Таалайбек Айталиев жана Алия Түмөнбаева

Тасманын режиссеру Тагай Өзүбеков көптөн бери ушул оюн ишке ашырсам деп белсенип жүргөн экен. Нурбек Кожобаев менен жолуккан соң, ою акырындап ишке аша баштайт:

- Ушундай кино жараттык. Идея биздин жүрөктө эки жыл жашап жүрдү, анан бул жерде жалгыз кино тартуу кыйын, шерик таба албай кыйналып жүргөм. Кореяда мени сценарист Нурбек Кожобаев менен тааныштырып калышты, анан анын идеясы менен меники төп келишип калып, ойлорубузду кагазга түшүрө баштадык. Ошентип эки ай иштедик.

2012-жылы апрелден июнга чейин сценарий жазылып, андан кийин кышка чейин тартылып, декабрдын аягында тасма даяр болуптур. Кинонун авторлорунун айтымында, режиссердон баштап актерлоруна чейин атайын адистиги жок адамдар болуп, бири да гонорар сурабай мындайча айтканда, ашар жолу менен тартылган.

Сөз тасмадагы каармандардын бирин ойногон Таалайбек Айталиевде:

- Фильмге катышуу процесси жакшы эле таасир калтырды. Бир эле үч-беш мүнөттүк көрүнүштү үч-төрт саат тарткан учурлар болду. Ар бир тартылган учурду кечинде үйгө алып келип, бул жерин мындай тартсак болмок экен деп кайрадан тартып жүргөн кездер болду. Кээ бир жерлерде биринчи сүйлөгөндө эле сонун кетип, оңой болуп жаткан учурлар да болду.

Таалайбек Айталиев кыргыз кыз менен никелешкен корей жигитинин ролун аткарды. Бул өлкөдөгү кыргызстандыктар негизинен мигранттар, студенттер жана ошол жактан бактысын тапкан кыргыз кыздар.

Корей жигитине турмушка чыккан кыздын ролун аткарган Алия Түмөнбаева беш жылдан берки жашоосунда көргөн-баккан тажрыйбасына салып, образга кирип, кыздардын чыныгы турмушун көрсөтүүгө аракеттенди. Ал бул ролду аткаруу анчалык деле кыйын болбогонун айтат:

- Менин каарманым бул жерге корей балага турмушка чыгып келет, башында кыйынчылыктар болот: тил билбейт, маданияты башкачараак, мекенин сагынат, бирок кийин кыйынчылыктарды жеңип, оңолуп кетет. Адамдын башына кандай кыйынчылыктар түшпөсүн – ар бирин жеңе билиши керек деген кепти түшүндүрүүгө аракеттендик. Күйөөсү жакшы бала, негизи жакшы кыздын ролу. Менин көптөгөн тааныштарым бар да: турмушка чыккан, кыйналган, ажырашкан, бактылуу жашап аткандар. Ошолорду көрүп, салыштырып, ошол адамдын тагдырына туш болгонсуп элестетип ойнодум. Кызыктуу болду. Негизи мен үчүн эле эмес, бул фильмде ойногондордун баары үчүн кызыктуу болду десем жаңылышпайм го.

Тасмага тартылгандар жумуштан бошобогондуктан тартуу иштери ишемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлүптүр.

Таалайбек Айталиев

Таалайбек Айталиев

Тасманын режиссеру Тагай Өзүбеков буга чейин кино тартып көргөн эмес. Түштүк Кореядагы бир заводдо иштеген кадимки мигранттардын эле бири. Ал бул тасмада Түштүк Кореяда жашап жүргөн кыргызстандыктардын турмушун гана чагылдыруу максаты болбогонун айтат:

- Бул жакта биз өзүбүз сезген сезимди Кыргызстанга да жеткирели деген максат менен тарттык да. Мекенден чет жакта жүргөндө патриотттук сезим күчөйт экен. Анан экинчиден, идеология болсо, кичине болсо да биздин экономикага салым кошолу деген ниетибиз бар. Кинодо бизнес-план дегендер көрсөтүлгөн.

Башынан толтура азапты кечирип, акыры ийгиликке жетишкен мекендештерибиздин андан аркы тагдыры кандай болот? Сценарист Нурбек Кожобаев жооп берет.

- Тасманын ортосунда балдар биригип, кыз болсо күйөөсү менен тил табышып, ал эми мекендештер болсо бизнесин өнүктүрө баштайт. Акырында Корея менен Кыргызстандын ортосунда экономикалык алака-катыш түзүп, анан кайра мекенине кайтышы менен аяктайт. Ал убакытта Кыргызстанда жумуш орундары пайда болуп калат. Биздин максатыбыз ушундай болчу да. Негизи биздин өлкөдө иш орундары пайда болгондон кийин мигранттар мекенине кайра кайтып келишет деген ой болгон да.

Ушундай “хэппи энд” менен аяктаган кыргыз-корей тилдүү кинотасма 2012-жылдын декабрь айынын аягында Түштүк Кореянын борбору Сеулда өткөн фестивалда тартууланып, кыргызстандыктардын жана корейлердин жакшы баасын алыптыр.

Кореядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Мирлан Мазеков тасма тууралуу биз менен ой бөлүштү:

- Бул фильм мага өткөн күндөрдү эске салды. Төрт-беш жыл мурун келип, башыман өткөргөн күндөрдү кайра көргөндөй таасир калтырды. Канчалык профессионалдык түрдө тартылганына адистер өз баасын берсин, бирок менин жеке өзүмдүн пикиримде, тасма жакшы болду.

Кинотасмага 45 миң доллардын тегерегиндеги акча сарпталган. Анын көбүн тасмага катышкан адамдар өз чөнтөгүнөн чыгарса, калганын жергиликтүү ишкерлер кошкон. Бул тасманы эми Кыргызстанда да көрсөтүү пландаштырылып жатат.


"Мекендештер" тасмасынын трейлери

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG