Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:05

Кыргыз Республикасынын экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Роза Отунбаеванын 25-июлда Бишкекте өткөн «Мекендештер 2014: Кыргызстандын келечегине салым» форумунун расмий ачылышында сүйлөгөн сөзү.

ХХ кылымдын аягынан тартып Кыргызстандын тарыхынын баяны сөзсүз түрдө өлкөдөн адамдар улам көп кетип жатканы сыяктуу белгилүү феноменди камтыйт. Кыргызстан жалпы дүйнөлүк миграциялык агымга кошулуп, дүйнөдө саны боюнча төртүнчү болгон өзгөчө популяциянын – мигранттардын бир бөлүгү болуп калды. Тагдыр биздин маңдайыбызга ушуну жазыптыр.

Эгерде Нью-Йоркко барып калсаңар, белгилүү Метрополитан жана Гугенхаймдан тышкары, Тенеман (TenementMuseum) музейине баргыла. Ал жерде Америкага дээрлик 20дан ашык өлкөдөн келген ушул имараттарда 19-кылымдын ортосунан тартып 1935-жылга чейин отурукташкан мурдагы мигранттардын турак-жайлары сакталган. Дал ушинтип, алар – немецтер, ирланддар, гректер, италяндар, голланддар жана башкалар бирге отурукташып, жашап, өз тартибин, турмуш-тиричилигин жана салттарын сактаган. Бул жерде ушул адамдардын татаал турмушунун, алардын баштан кечирген кыйынчылыктарынын, алардын океандын ары жагында калтырып келген мекенин сагынып куса болушунун тарыхын айтып беришет. Менин сапарым Манхэттендеги ирланддыктардын турмушу жөнүндө болду. 19-кылымдын ортосундагы дыйкандар беш жыл катары менен түшүм албай калган ачкачылык мезгилинен кийин дароо эле аралдан тышкары жакта жашай турган жерди издей баштаган. 8 миллион адамдан турган калктын саны дароо эки эсе азайган: ачкачылыктан кырылган, деңиздин, океандын ары жагына кетишкен, көптөгөн адамдар кемелердин трюмдарында – «кеме табыттарында» набыт болгон. Нью-Йоркто иш берүүчүлөр өздөрүнө жумушчуларды катуу тандаган, немецтерге караганда ирланддыктарды жөн гана этибарга алган эмес. Булар негизинен айылдан келген, көп балалуу адамдар болгон, ичкилик ичкен... Ишке кабыл алуу жарыяларында «Ирланддыктарды албайбыз, кайрылбагыла» деп жазылган. Тарыхтын тамашасын кара: туура бир кылымдан кийин 1961-жылы АКШнын 35-президенти болуп ирланддык көчмөн – Жон Кеннеди шайланган.

Түштүк-Чыгыш Азиянын жолборстору деп аталган – Сингапурдан тартып Кореяга жана Малайзияга чейинки өлкөлөр жөнүндө биз көп окудук жана көбүбүз ал жакка барып келдик. Мында мен Кельт жолборсун мисал келтирип жатам. Ирландияда – аянты 80 миң чарчы километр келген аралда азыр 5 миллион адам жашайт, анын чегинен тышкары жакта 70 млн. ирланддык жашайт! Деген менен али 20-кылымдын биринчи жарымында Ирландия начар өнүккөн айыл чарба өлкөсү бойдон кала берген. 1972-жылы ал ЕСке киргенден тартып гана өсүш жана жогорулоо башталган. 1980-жылдын аягынан тартып өлкө дүйнөдөгү экономиканын эң жогорку өсүшүн берди, мында Азиядан жана Чыгыш Европадан келген массалык иммиграция үчүн эшигин кеңири ачты.

Азыр биз миграциялык процессти аңдап-түшүнүүнүн башатында турабыз. Жаш мамлекеттин калыптанышынын, чарбанын рыноктук негиздеринин мезгилинде миграция бизди адамдардын эбегейсиз зор агымына кошо агызып, биздин үйдө да ээлик кылып, өлкөнүн чегинен тышкары жакта иштөө үчүн бүтүндөй айылдарды оп тартып, жаштарды алыскы жерлерге азгырып, үй-бүлөлөрдү бузуп, мекенибизде жалаң балдар менен кары-картаңдарды гана калтырып жатат. Мамлекетибиз үчүн, улут үчүн орточо мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте ушул процесстин натыйжалары кандай болот? Азырынча биз бул процессти начар башкарып жатабыз. Ага ээ боло албай жатабыз. Биздин чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын укугун коргоого кудуретибиз жетпей жатат. Иш билги адамдар, финансылык ресурстар, экспертизалар, өңүттөр жетишпей жатат. Бизде бардык өлкөлүк пландар, программалар 2017-жыл менен аяктайт. Бери болгондо 2030-жылга чейинки болжол, өлкөнү, анын экономикасын өнүктүрүү программасы керек!

Кыргызстан азыркы өнүгүшүндө эмгекчилери ашыкча өлкө болуп саналат жана алдыдагы узак жылдар бою ошондой бойдон кала берет.

Керектөөчүлүк жашоо ыңгайын рекламалоо, тыйылбаган жаңжалдарды жана согуштарды көрсөтүү менен алектенген, бардыгын чагылдырган кубаттуу жалпыга маалымдоо каражаттары менен курчалган глобалдашкан дүйнөдө адамдарды үйгө камап коюу мүмкүн эмес. Жаштар курсагы ток дүйнөнүн кызыктарын жана даамын татууга умтулуп гана тим болбостон, ошондой эле бөтөн баалуулуктар жана кызыкчылыктар үчүн жан берүүгө даяр.

Форбстун барагына чыгуу үчүн Кыргызстанда көп акчаны жөн гана таба албайсың. Грузиянын мурдагы премьер-министри, азыркы «Грузия кыялы» башкаруучу өкмөттүк партиясынын гурусу Бидзина Иванишвили Грузиядагы тамшанткан ири объекттерди жана программаларды (маданий, билим берүүчү, укук коргоо системасын реформалоо) куруунун жана өнүктүрүүнүн башкы демөөрчүсү болуп саналат, ал өзүнүн бардык байлыгын Орусияда топтогон, анын активдери 5 млрд. доллар чамалуу деп бааланат, бул бүткүл Грузиянын ИДПсынын 32 пайызы.

Кыргыз мамлекетинин калыптануусу дүйнөгө аралашуу менен дал келди: биз башка мамлекеттер менен өз мамилебизди түзө баштадык, окуу үчүн, экономика, соода дүйнөсүн аңдап-түшүнүү үчүн сапарга чыктык, ал өлкөлөрдө отурукташып, акча таба баштадык. Бүгүнкү күндө циклдүү миграциянын саны өлкөнүн эмгекке жарамдуу калкынын үчтөн бирин камтыйт. Көп бөлүгү кара жумушта иштейт. Алар Орусия Федерациясында да, Казакстан Республикасында да керек, биздин мигранттар негизинен ошол жактарга барат. Кыргыз Республикасы Орусиянын демографиялык демөөрчүлөрүнүн ичине кирет. Азыркы демографиялык тренддер Европанын жана Япониянын калкы 2000- жана 2050-жылдардын аралыгында 15%, башкача айтканда, 65 млн. адамга кыскара тургандыгы жөнүндө айтып турат. «Демографиялык чуңкур» Орусияга да коркунуч келтирип жатат, ал жакта мигранттарга болгон муктаждык узак мөөнөттүү. Биздин мигранттар өзүнүн ар бир тыйынын, ар бир рублин өз маңдай тери менен таап жатат. Анын үстүнө, Сочидеги олимпиадалык объекттер КМШнын дээрлик бардык өлкөлөрүнөн келген мигранттардын каарман эмгеги менен курулду. Алар инфраструктуралык объекттерди учу-кыйыры көрүнбөгөн Орусиянын бардык булуң-бурчтарында куруп жатат. Соңку учурда эмгек ресурстарынын потенциалын жогорулатууга муктаждык өтө курчуду. Бул жагынан биздин өкмөтүбүз кесипкөйлүк, акыл-эстүүлүк, тактык жана иш билгилик менен иш алып барууга тийиш. Мигранттарыбыздын укугун коргоо күндүн талабы бойдон калууда.

Ушул адамдардын зор агымы менен бирге «акыл-эсибиз» кошо кетип жатат. Кыргыз инженерлери, мугалимдери, врачтары, адистери улуттар аралык ири корпорациялардан тартып, дүйнөнүн батыш борборлорундагы университеттерине жана илим мекемелерине чейин, Орусиянын мектептеринен жана ооруканаларынан тартып аэропортторго жана дүйнөнүн ойго келбеген булуң-бурчтарындагы кендерге чейин тарап кетти. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы кесипкөй эмес, квалификациясы төмөн кызматкерлердин өлкөсүнө айланууда. Кай жакты караба – борбордо да, элетте да – врачтар, мугалимдер, инженерлер, башкаруучулар жетпей жатат.

Азыр биздин көңүлүбүздү тынчтандырып турган нерсе – бул мигранттар жөнөтүп жаткан кыйла зор өлчөмдөгү акча каражаттары. Дүйнөлүк банктын маалыматтары боюнча, 2007-жылы мигранттар дүйнө жүзү боюнча үй-бүлөлөрүнө 250 млрд. доллар жөнөткөн. Ошол эле жылы дүйнө боюнча өнүгүү максаттарына расмий финансылоонун орточо көлөмү 65,5 млрд. долларды түзгөн. 2013-жылы Кыргызстанга бардык жактардан 2,3 млрд. доллар суммасындагы акча каражаты которулган.

Бирок дүйнөдө «braindrain» гана жүрүп жаткан жок. Бардык жерлерде миграцияны үчүнчү дүйнөнү өнүктүрүү факторуна айландыруу, анын артыкчылыктарын өнүктүрүү максатында пайдалануу боюнча күч-аракеттер көрүлүп жатат. Акыл-эстин циркуляциясынын процесси –«braincirculation» өсүп жана күч алып баратат.

Биздин биринчи "Мекендештер" форумубузда 2012-жылы Индиянын чет өлкөлөрдөгү диаспоралардын иши боюнча ведомствосунун башчысы сөз сүйлөгөн. Ошондо эле биз Армениядагы диаспоралар менен иштөөнүн ийгиликтүү тажрыйбасы жөнүндө укканбыз. Бүгүн биз абдан жолдуу болдук: Түркиянын Кыргызстандагы Элчиси Метин Кылыч мырзанын жардамы менен бизге Форумга Түркиянын диаспоралар менен иштөө боюнча өкмөттүк агенттигинин башчысынын орун басары Мехмет Кезе мырза келди. Мындай агенттиктер, министрликтер Түштүк Кавказдын бардык өлкөлөрүндө – Арменияда, Азербайжанда, Грузияда, ошондой эле Молдовада түзүлгөн.

Тажрыйбаны, идеяларды, билимдерди, технологияларды алуу аракетинде чет өлкөлөрдөгү диаспоралардын ишин жана ондогон өлкөлөрдүн мисалында алардын өкмөттөр менен кызматташтыгынын жолдорун Миграциялык саясат институтунун (АКШ) изилдөөчүлөрү изилдеген жана аны «Диаспоралар: өнүктүрүү саясатын глобалдык иштеп чыгуудагы жаңы өнөктөр» деген баалуу китепте баяндаган. Биздин бактыбызга биз Форумга китептин автору, миграция маселелери боюнча кеңири белгилүү эл аралык эксперт Кэтлин Ньюландды чакыра алдык, ал ар кандай өлкөлөрдө диаспора менен бийликтин ортосундагы байланыштар кандай түзүлө тургандыгын, иммиграцияны мигранттар чыккан өлкөлөрдү өнүктүрүү факторуна айландыруу үчүн батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү кандай иштерин айтып берет.

Соңку эки жылда биздин кыргыз диаспораларыбыз, чет өлкөдөгү жердешчилик кыйла жигердешти. Европанын ар кандай шаарларындагы мекендештерибиздин жыйындарынан кийин үстүбүздөгү жылдын май айында Москвада III Дүйнөлүк Форум болуп өттү. Бүгүн экинчи Мекендештер Форумуна дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 300 делегат келди. Бул ишке элчиликтерибиз көп көңүл бура баштады. Стамбулдагы Башкы Консулдуктун (мурдагы Башкы Консул М.Арстанбаев) жана А.Сарыгуловдун жетекчилиги астындагы мекендештердин «Кыргызстан» жамаатынын биргелешкен иши аларды жолдоо үчүн үлгү боло алат. «Өлкөгө кантип пайда алып келүү керек? Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн диаспоралар кандай роль ойной алат?» деген темада мигранттардын укуктарын коргоо боюнча жолугушуулар көп өтүп жатат.

Форумдун иш-аракеттеринин биринен ондогон өлкөлөрдөгү уюшкан бирикмелердин өкүлдөрүнүн башчыларын угуп, жамааттардын жашоо-тиричилигин сезе аласыздар. Форумда убакыт жана орун бар – бул стратегиялык пландаштыруу секциясы – ал жерде өз оюңдагыларды айтууга болот, ал жерде турмушубуздагы эң актуалдуу, көкөй кескен маселелер талкууланат, ал жерде биз силердин чет өлкөдөгү жашоо турмуштан келип чыккан пикириңерди, көз карашыңарды уккубуз келет.

Бул жерде Форумда силер өкмөттүк жана өкмөттүк эмес секторлордун, көптөгөн авторлордун жалпы өңүттү баяндоо, артыкчылыктарды бөлүп көрсөтүү, келечекти көрүү, миграциянын терс аспекттерин азайта турган саясатты иштеп чыгуу жагынан изденүүлөр жана аракеттер жөнүндө биле аласыңар. «2020-жылга чейинки миграциялык саясаттын стратегиясы» жагынан иштеп жаткан өкмөт мүчөлөрү сөз сүйлөйт. Баарыңарга жакшы белгилүү болгон «Замандаш» Ассоциациясы мигранттык чөйрөдөгү күчтөрдүн башын коштуруу жагынан өзүнүн пикирин Жогорку Кеңешке сунуш кылды. Биз Эл аралык миграция уюмунун, «Борбордук Азия кыймылда» региондун бейөкмөт уюмунун, Кызыл жарым Айдын, Ачык Сорос коомунун долбоорлору жөнүндө угабыз.

Бүгүн биз республикабызды өнүктүрүү максаттары үчүн диаспоралар менен Өкмөттүн ортосундагы байланышты, диалогду түзүп жатабыз. Бул жерде залда 25 өлкөдөн келген диаспоралардын өкүлдөрү, жердештер, бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү, жаш адистер, өз ишин билгендер олтурат, алар өз өлкөсүнө билимдерин жана жөндөмдөрүн, рыноктогу ченемдерди жана байланыштарды алып келүүгө даяр, алар жан-дилин жумшоого даяр! Өткөн жайда Түркиядагы ушундай бизнес-форумда өзүнчө түрдөгү биринчи, «Кенч казына» акционердик коому дал ушундай энтузиазм менен түзүлгөн! Биз Форумга чет өлкөлөрдүн жардам агенттиктерин чакырдык. Эгерде бизге консультациялык жардам талап кылынса, биз аларга кайрылабыз.

Эки күн бою кызуу дискуссиялар өтөт. Бирок коомчулук натыйжаларды күтүп жатат. Сүйлөшүп эле тарап кетүү аздык кылат. Бизге кол тамга менен бекемделген милдеттенмелер, келишимдер, байланыштар керек. Антпесе мындай да болот: энтузиасттардын тобу конкурстун жыйынтыктары боюнча балдар ырларынын «Бөбөк ыры» китебин чыгарууну финансылоого убада кылган, бирок кийин андан качкан. Ал китепти чыгарууну АКШдагы диаспоралардын башка тобу колдоду – ал кантсе да жарыкка чыкты!

Өнүгүүнүн формуласы түшүнүктүү: жумуш орундарын түзүү, жаңы объекттерди куруу үчүн инвестициялар керек. Диаспоралар, чет өлкөлөрдө биздин өлкөнүн мыкты инвестициялык аброюн түзүүдө, капиталды тартууда силердин ролуңар зор. Мында биз өзүбүз жагдайды ылайыкташтырууга тийишпиз!

Илимде жана практикада акча которуулар менен катар социалдык которуу түшүнүгү жигердүү киргизилүүдө. Сөз силер коомго алып келе ала турган идеялар, билимдер, дөөлөттөр жана ченемдер, аларды жайылтуу, кыргыздардын турмушунда өзүбүз колдонушубузда турат. Биз чет өлкөлүк тажрыйбанын практикалык, прагматикалык тарабы жөнүндө көп кеп кылабыз.

Алдыдагы кыштын босогосунда биздин коомдо электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу жөнүндө кызуу талаш-тартыштар турат. Өкмөт кышкысын электр энергиясын берүү жагынан үзгүлтүктөр болот деп эскертип жатат. Ал ушунчалык арзан жана жеткиликтүү болгондуктан Ошто «Интербилимден» Гүлгакы Мамасалиева кечээ айткан баа таң калтырбайт: Оштун тургундарын суюлтулган газ менен камсыз кылган учурда да, алар тамак жасоо жана турак-жайды жылытуу үчүн баары бир электрдин арзандыгынан улам электр энергиясына өтөт, бул албетте, шаардын энергия системасында коркунучту пайда кылат. Бул жерде үйүбүздө, ЖМК беттеринен айтып бергиле: өнүккөн өлкөлөрдө бул маселелерди кандай чечет, тапкан каражаты ар башкача болгон ар кандай категориядагы керектөөчүлөр үчүн тарифтер канчалык дифференцияланган, ал жакта ар бир үйдө, ар бир бөлмөдө жылуулукту канчалык катуу үнөмдөйт.

Бизде энергиянын альтернативдүү булактарына өтүү боюнча мамлекеттик саясат жок. Бул тууралуу бир да деңгээлде эч кандай сөз жок! Энергия булактарына бай Казакстанда энергияны үнөмдөчү жаңы технологияларга, күн, шамал энергиясына ырааттуу түрдө, конкреттүү өтүп жатат. Европанын ар бир өлкөсүндө бул азыркы жашоо-тиричиликтин өзөктүү маселеси болуп саналат; Европада соңку эки жылда келип чыккан энергетикалык татаалдыктардын алдында энергия менен камсыз кылуу маселеси алар үчүн күндүн көйгөйү болуп калды. Ошол өлкөлөрдүн тажрыйбасы жөнүндө айткыла, жазгыла. Ушундай кыйчалыш кырдаалдарда алар эмне кылышат? Чакан жана чоң шаарлар кантип жашайт? Шаарды кантип адамдарга ылайыктуу кылуу керек? Бизде Форумда Бишкек Урбан Форумунда – жаңы идеялар жана шаардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн аянтчада бардык маселелерди жана талаш-тартыштарды баяндоо менен кызыктуу секция болот.

Туризм өлкөнү узак мөөнөттүү келечекте багат. Жайкы үч айдан тышкары биринчи планга лыжа сезону улам көбүрөөк биринчи планга чыгууда. Ал эми бул болсо инфраструктура, технологиялар, шаймандар, сервис. Ушул кирешелүү ишти көбүбүз үйрөнүп, өздөштүрүүгө тийишпиз. Чимбулак (Алматы) – Каракол – Үрүмчү «лыжа» үч бурчтугун түзүү керек. Ошондо гана биз региондук туризмди өнүктүрүү үчүн бекем түрткү бере алабыз.

Франциянын жараны болуп калган вьетнамдар (мындайлар аз эмес) мындай долбоорду колдонот: ар бир адам кеминде 10 туристти Вьетнамга барууга үгүттөөгө тийиш. Силердин араңарда «Сосиете Женераль» Париж офисинин банкири Урмат Качаганов олтурат, ал бир нече жылдардан бери вьетнамдардан артта калбай, Кыргызстанга көп адамдарды алып келүүдө.

Мен чет өлкөдө иштеген медиктерге кайрылмакчымын. Балким, силер өлкөлөр аралык кесиптик бирикмени түзсөңөр кандай болот? Саламаттыкты сактоо жагында бизде көптөгөн көйгөйлөр жана милдеттер бар экенине карабастан, алга илгерилөө, бир аз ийгиликтер бар. Соңку жылдары биз немецтик капиталы бар заманбап госпиталды куруу долбоорун талкууладык, ал жөнүндө өткөн Форумда Бакыт Көбөгөнов айтты. Эгерде бардыгы ойдогудай кетсе, жакын арада Түркия Өкмөтүнүн жардамы менен бизде ушундай госпиталь пайда болот! Бизде МУКта, АУЦАда, Борбордук Азия Университетинде Түштүк Азиядан келген 1,500гө жакын чет өлкөлүк студент окуйт – бул ЖОЖдордун кадрларды даярдоо боюнча экспорттук потенциалы жаңыдан гана күч алып баратат! Ушундай жаңы шарттарда иштөөгө кайтып келгиле!

Кыргызстан ООНдун айрым Миң жылдык максаттарын аркалай алган жок. Биздин мекендеш медиктерибиз, дүйнөнүн көптөгөн булуң-бурчтарында диаспоралар жасап жаткандай, өргүү мезгилинде бир жумадан ашыгыраак – 10 күн волонтердук акцияларды жүзөгө ашыра албайбы? Айылдагы, жайыттардагы адамдарга барып, ден соолук комитети менен иштөөгө эмнеге болбосун.

Билим берүүнү түп-тамырынан реформалоо үчүн волонтерлор керек. Азыр биз мектепке чейинки билим берүүгө көп көңүл буруп жатабыз. Мында сөз батыш өлкөлөрүндө бала багып иштеп жаткан жүздөгөн кыздарыбыз жөнүндө жүрүп жатат. Адегенде билим берүү, мектепке чейинки жөндөмдөрдү калыптандыруу өтө маанилүү. Биздин жайлоолордогу балдар бакчаларыбызга келгиле, балдар, тарбиячылар менен баарлашкыла. Тоонун башындагы жайлоолордо жашаган балдар кыргыз тилинен башка тилди уга элек, ал жакта балдарга шахмат ойногонду, музыкалык аспаптарды черткенди үйрөткөн киши жок, алар көптөгөн спорт оюндарын билбейт.

Дээрлик ар бир кыргыз үй-бүлөсүнөн кимдир-бирөө чет өлкөдө жашап жана иштейт. Кээде оор шарттарда, үй-бүлөсүнөн, балдарынан аргасыздан алыста жашайт. Өкмөттүн милдети – өз үйүндө жумуш орундарын түзүү, баарын калыбына келтирүү, реформаларды жүргүзүү, жашоо деңгээлин жогорулатуу, ошондо гана адамдар өз өлкөсүнөн эч кайда кетпей калат. Жумуш орундарын түзүү девиз болуп калууга тийиш, бул борбордогу, ошондой эле жер-жерлердеги бийликтин биринчи милдети. Ар бир жетекчи жаңы жумуш орундарын түзүү жөнүндө ойлонууга тийиш!

Бирок миграция узак мөөнөттүү келечекте өлкөнүн турмушунун бир бөлүгү, анын жарандарынын тагдыры болуп жаткандыгы акыйкат. Биз буга моюн сунууга аргасызбыз. Биз мунун маңызын канчалык эрте түшүнсөк, ушул көрүнүштөн канчалык эрте тыянак чыгарсак, өлкөбүз ошончолук ийгиликтүү өнүгөт. Бул ишти Өкмөттө иштеп жаткан эң жөндөмдүү, күчтүү, мыкты билимдүү кадрлар аркалоого тийиш. Бул маселелерди олуттуу түрдө чечип, аларды артыкчылык катары кароо керек. Анткени сөз мамлекеттеги башкы нерсе – адам ресурстары жөнүндө жүрүп жатат. Эгерде мамлекетибизде ден соолугу начар, билими, квалификациясы жок адамдар жашаса, жаратылыш байлыктарыбыздан, тоо-токойлорубуздан, талааларыбыздан, колдо болгон 200 миң чарчы километрибизден кантип майнап чыксын?! Сингапурдун беш миллион калкы 715 чарчы километр, Гонконгдун жети миллион калкы 1100 чарчы километр аймакта жомоктогудай мамлекетти, жомоктогудай шаарларды куруп жатат!! Ушул маселелерге башка өңүттөн кароо керек. Бул маселелерге көздүн кыры менен кароого болбойт. Адамдык ресурстардын сапатынын маселелерин, миграция маселелерин жалпы улуттук күн тартибине коюу ийги!

XS
SM
MD
LG