Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:39

Орусияда жүргөн мигранттардын акчасы экс-вице-премьер тарабынан көзөмөлдөнгөн фондго келип түшөт.

Бул тууралуу биринчи болуп орусиялык “Коммерсант” басылмасы коңгуроо какты. Гезиттин 30-майда жарык көргөн санында мигранттардын пенсиялык которуулары тууралуу маселе көтөрүлгөн. Ага ишенсек, жакын арада ишке кирчү бул программанын кыргыз Соцфондусу үчүн кылдай пайдасы жок. Негизги оюнчулар “Кыргызстан” мамлекеттик эмес пенсиялык фонду жана орусиялык “Биринчи улуттук пенсиялык фонд” экени кашкайта жазылган.

Макалага таянсак, Орусияга барып иштегиси келген ар бир кыргызстандык жаран жеке компаниядан пенсиялык карта алууга тийиш. Ансыз чек арадан өтө албайт. Алдын ала белгилүү болгондой картанын баасы - 9 миң сом. Кызыгы, бул программа кыргыз өкмөтүнүн эмгек мигранттарынын социалдык жана пенсиялык камсыздоо программасы тууралуу токтомунун негизинде ишке ашмакчы.

Ушул жерден күмөн ой туулат: эмне үчүн программадан эки жеке пенсиялык фонд пайда көрүшү керек? Баса, коомчулукта “Кыргызстан” мамлекеттик эмес пенсиялык фонду экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановго таандык экени көптөн бери айтылып келет. Жарым саясатчы, жарым бизнесмен 2010-жылы парламенттик шайлоо алдында берген интервьюсунда мигранттардын проблемасына камтама болгон жайы бар. Бул кезде Шамил Атаханов КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болчу.

“Орусияда иштегиси келген ар бир чет өлкөлүк жаран патент алууга тийиш. Бул боюнча эл аралык келишим түзүп, патенттин акчасы пенсиялык камсыздоого киргендей кылуу керек. Ал каражат кийин Кыргызстанга которулат” деген ал. Бирок ал кезде бул идея жүзөгө ашкан эмес.

Кыргыз тилдүү ММКда Атахановдун кызматтан кетишин ушул маселеге байлап жазгандар да болду. Айтымы, ал мамлекеттик кызматтан бизнес менен шугулдануу үчүн кеткен. Шамил Эсенжанович азырынча бул маалыматты тастыктай элек, ошол эле маалда четке да каккан жок.

“Замандаш” ассоциациясынын эксперти Болот Темировдун айтымында, бул фонддор аркылуу мигранттарды пенсия менен камсыздоо нагыз көз боёмочулук.

- Бул конкреттүү компания менен адамдарды байытууга багытталган. Чоң акча турган жерде чоң күчтөр иштейт. Мен буга Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен жогору жактагы аткаминерлердин катышы бар деп айткандан коркпойм. Парламент комитети “Пенсиялык фонддордун топтому” тууралуу жаңы мыйзам долбоорун жактырды. Муну менен мурда иштеп аткан консервативдүү “Мамлекеттик эмес фонддор” жөнүндө мыйзам долбоорун алмаштырганы жатат. Ошол эле маалда аталган жеке компаниялардын колу чечилип, жоопкерчиликтен бошотулду. Пенсиялык жыйымдарды инвестициялоо тууралуу өкмөттүн токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каржыны көзөмөлдөө кызматы тарабынан даярдалып кол коюуну күтүп жатат-деп белгиледи Темиров.

Түшүнүксүз жагдай: эмне үчүн кыргызстандык мигранттарды пенсия менен камсыздоо жеке, болгондо да орусиялык фонддорго берилип жатат? Муну “Кыргызстан” мамлекеттик эмес пенсиялык фонду орусиялык ММКга “мигрант пенсияны Кыргызстандан да, Орусиядан да алууга укуктуу болуш керек. Бул үчүн жыйымдар эки өлкөдө тең топтоло берет” деп түшүндүрдү.

«Азаттык» «Кыргызстан» мамлекеттик эмес пенсиялык фонду менен комментарий алуу үчүн байланышка чыкты. Бирок ал жактан "кечирээк байланышабыз" дегенден башка жооп болгон жок.

Мигранттарды жеке компаниялар аркылуу пенсия менен камсыздоого каршы чыккандар, "бул демилге чет жерде мыйзамсыз жүргөндөрдүн абалын оордотот" деген пикирде.

“Чындыгында мындай мамиле менен мамлекет өз жарандарын тандоо укугунан ажыратып жатат. Бул “жаңы идея” жаңыдан ачыкка чыгып аткан мигранттарды кайра көмүскө иштөөгө түртөт”-деп жазылган “Замандаш” ассоциациясынын президентке кайрылуусунда.

Кечээ Бишкекте мекемелер аралык социалдык жана пенсия менен камсыздоо тобунун жыйыны өттү. Ага “Кыргызстан менен достошуу коомчулугу” аттуу жалпы орусиялык коомдук уюмунун башчысы Борис Силаев жана орусиялык “Биринчи улуттук пенсиялык фонддун” жетекчиси Виталий Плотников катышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG