Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Төрөбаев БШК президенттик шайлоону калыс өткөрөрүнө ишенбейт


Кыргызстандагы шайлоо.
Кыргызстандагы шайлоо.

Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 27-сентябрда ЖКнын профилдүү комитетинин жыйынында билдирди. Төрөбаев жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурундагы мыйзам бузууларга жол берилгенин жана добуш кагаздары салынчу үкөктөрдү тездик менен алмаштыруу маселесин себеп кылып, мындай курамдагы БШК президенттик шайлоону өткөрө аларына ишенбестигин маалымдады.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери кийинки жумада БШКда көчмө жыйын уюштуруу демилгесин көтөрдү. Анын сунушун “Республика – Ата Журт” фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов колдоого алды. Фракция лидерлери БШКнын жаңы төрайымы, жаңы курамы ишти кантип жүргүзүп жатышканын жеринен байкап көрүшмөкчү.

БШКнын жаңы курамы 28-июндан тарта ишке киришкен. Учурда боршайкомду Нуржан Шайлдабекова жетектейт. Нуржан Шайлдабекова бул кызматка келгенге чейин президенттик аппараттын жетекчи орун басары болуп иштеген.( ZKo)

XS
SM
MD
LG