Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Өкмөт программасы жеке кызыкчылыкка иштейби?


Кыргыз өкмөтү Орусиядагы эмгек мигранттардын социалдык жана пенсиялык камсыздоосу боюнча атайын программа сунуштады. Ага ылайык, мигранттар пенсиялык фонддор менен келишим түзүп, иштеп тапкан айлыгын кайсы бир бөлүгүн которуп турат.

Өкмөт иштеп чыккан программа Орусияда эмгектенген мигранттарды пенсия менен камсыз кылуу максатын көздөйт. Өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурила Жолдошеванын айтымында, бул программаны ишке ашыруу үчүн Орусиянын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча өнөктөштөр катары орусиялык “Биринчи улуттук пенсиялык фонд” жана “Кыргызстан” мамлекеттик эмес пенсиялык фонду чыгып жатат:

- Биз мигранттар сыртка чыгаарда, “сен тапканыңды күнүмдүк нерселерге корото бербей, өзүңдүн пенсияң үчүн кам көр. Ага акчанын кайсы бир бөлүгүн сактап кой” деп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Мына ушул долбоорду ишке ашырууга эки мамлекеттик эмес пенсиялык фонд өнөктөш болуу сунушу менен келип, биз аны кабыл алдык.

Жолдошеванын айтымында, Социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөн сыяктуу аталган жеке пенсиялык фонддорго мигранттар тапкан кирешесинин бир бөлүгүн которуп турса болот. Кийин ал пенсия болуп төлөнүп берилмекчи. Ошондой эле бул пенсиялык фонддор аркылуу медициналык камсыздандыруу иштерин да бүткөрсө болот:

- Бул төлөмдү сөзсүз түрдө төлөгүлө деп эч ким мажбурлабайт. Мигранттар кааласа Социалдык фондго, кааласа мамлекеттик эмес пенсиялык эмес фондго которсо болот. Бирок биз болушунча түшүндүрүп, келечегин ойлогонго чакырабыз.

Өкмөттүн жаңы долбоору боюнча коомчулукта ача пикирлер жаралды. Социалдык тармактарда эмне үчүн мамлекеттик программадан эки жеке пенсиялык фонд пайдага марышы керек деген суроонун айланасында кызуу талкуулар жүрүп жатат. Мигранттардын маселелери менен иштеп келаткан “Замандаш” ассоциациясы бул долбоор мигранттар эсебинен пайдага туйтунуу максатын көздөйт деп, президентке кайрылуу жолдоду. Аталган ассоциациянын өкүлү Азамат Айтпаев мунун артында жогорку кызматтагылар турат деп эсептейт:

- Мамлекеттин жеке адамдардын кызыкчылыгын колдоп чыкканы элге жакпайт. Бул жөн эле чайкоочулук болуп калууда. Өкмөт мигранттардын акчасын жеке колго берип, алардын пайда табышына көмөктөшпөй, өзү көзөмөлдөш керек эле. Эртең аталган фонддор акчаны алып качып же банкрот болсо кандай болот? Ушул сыяктуу маселелерден улам биз каршы чыгып жатабыз.

Ал эми Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун президенти Абдыганы Шакировдун айтымында, көпчүлүк мигранттар мындай фонддордон чочулашат:

- Менин пикиримде, мигранттардын 70-80 пайызы мындай фонддорго акча сактоодон чочулашат. Себеби “ал акчаны кийин ала аламбы, ала албаймбы?” деген күмөн саноо күчтүү. Экинчиден, жанагы Орусиялык пенсиялык фонддун артынан ээрчий тургандар деле аз болсо керек.

Буга чейин орусиялык басылмалар бул демилге менен мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов менчик фонду аркылуу мигранттардын каражаттарына ээлик кылганы жатканын жазып чыккан эле. Ага ылайык, бул долбоорго өнөктөш катары чыгып жаткан “Кыргызстан” мамлекеттик эмес пенсиялык фонду Шамил Атахановго таандык экени айтылууда. Ал эми фонддун директору Айбек Күрөңкеев Атахановдун катышы тууралуу маалыматты төгүндөгөн да, тастыктаган да жок:

- Азыркы учурда фонддун негиздөөчүлөр курамы жаңыланып жатат. Ошондуктан бул боюнча маалымат бере албайм. Курам жаңыланган соң баарын ачык айтып беребиз.

Ал эми орусиялык “Биринчи улуттук пенсиялык фондду” мурдагы вице-президент, учурда “Кыргызстан менен достошуу тобу” коомдук уюмунун башчысы Борис Силаев өз демилгеси менен алып келгенин Бишкектеги маалымат жыйынында билдирип чыкты.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG