Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Мигранттар: кемигинде да, керкисинде да бар


Сочи олимпиадасынын алдында Орусияда мигранттарды текшерүү жана өлкөдөн чыгаруу чарасы көрүлө баштады.

Ошол эле учурда жергиликтүү элде келгиндерге каршы маанай күчөөдө. Мындай шартта кыргызстандык мигранттардын укуктары жана тагдыры эмне болот?

"Арай көз чарай" талкуусуна мурдагы миграция министри Айгүл Рыскулова, чет жактардагы кыргызстандык диаспоралардын “Замандаш” биримдигинин Москва шаарындагы өкүлү, “Руспартнер” ишканасынын ээси Руслан Эшимов жана бир нече жылдардан бери жалаң мигранттар темасына жазып жүргөн журналист, эксперт Абдыжапар Нурдинов катышты.

“Азаттык”: Орусияда келгиндерге каршы кастык сезимдин курчушу кыргызстандык мигранттардын тагдырына кандай таасири тийгизет?

Рыскулова: Мигранттарга каршы маанайдын күч алышында мамлекеттик саясат жатат деп ойлобойм. Бирок ошондой саясий кыймылдар пайда болгонун көрүп жатабыз.

Ушул тапта Москва шаар башчысын шайлоого даярдык көрүлүп жатат, аны менен чогуу ар бир талапкер өзүнүн программасында мигранттарга каршы аракеттерди камтышууда. Бул өзүнчө бир саясий кыймыл болуп калды. Алардын артынан Орусиядагы маалымат каражаттары, белгилүү саясатчылар Орусия үчүн бир душман таап алышкансып, бардык жаманчылыктын баарын “мигранттар жасады” деп айтып жатышат.

Бир жагынан дүйнө жүзү боюнча тенденция жүрүп жатат: чет жактардан келген мигранттарга терс көз караш күчөдү, Орусияга да жетти. Бүгүнкү күнү мигранттарга скинхеддер гана эмес, саясий күчтөр, коомчулук каршы чыгып жатат. Бул кыргызстандык мигранттарга гана каршы аракеттер эмес, анткени Орусияда саны жагынан эң аз мигранттар – кыргыздар.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

Орусия: саясий күчтөр мигранттарга каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:54 0:00
Түз линк


Эшимов: Кемигинде да, керкисинде да бар. Ар бир өлкө өз аймагында тынчтыкты, тартипти сактагысы келет. Мигранттардын жергиликтүү калктын кыжырына тийип атканына өзүбүз күнөөлүүбүз. Мисалы, атайын кыргыздар үчүн түнкү клуб, кафелер ачылган. Ал жакта биздин жаштар таң аткыча ичишет, жер тепкилеп бийлешет. Анан таң атпай метродо бири-бирин жетелеген, сөгүнгөн, кыйкырынган кыргыздар жайнап калат.

Же болбосо метронун оозуна эле отуруп алып, пиво ичип аткан кыргыздарды көрөсүң. Ичип, кызуу болуп алып, бакылдап сүйлөшөт, кыйкырып сөгүнүшөт. "Жигиттер, бул кылганыңар туура эмес” десең, тескери жооп беришет. Анан ошентип атышса элдин кыжырына тиет.

Биздин Бишкекте деле кытай же түрк же башка жактан келип алып, ушундай мамиле кылса, биздин деле кыжырыбыз келет да. Мигранттарга каршы маанайдын күч алышына мына ушулар себеп болуп жатат.

Нурдинов: Буга бир нече себептер бар. Мисалы, ар бир бийлик өз өлкөсүнүн эмгек рыногун коргойт. Борбор Азиядан барган мигранттар көбүнчө аз айлык акыга макул болуп иштей беришет да, жергиликтүү тургундар жумушсуз калып атышат.

Экинчиден, биздин мигранттарда өздөрүн маданияттуу алып жүрүү, ошол иштеп-жашаган жердин мыйзамына, шартына баш ийип жашоо жагынан кемчилик болуп жатат. Мен Ыраакы Чыгышта иштеп калдым, Кыргызстандан барган мекендештер ал жакта коомдук транспортто айдоочу болуп иштешет. Ошолор да Бишкектеги же Оштогу көрүнүштү жасап, ал жакта да аялдамага эмес, көрүнгөн жерге токтоп, жергиликтүү айдоочулардын да, элдин да кыжырына тийген учурлар бар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG