Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Август айынын башында "Мекендештер" форумунун үчүнчү жыйыны Ош шаарында өткөнү турат.

Аталган форум кайсы бир уюмду, анын демилгечисин даңазалоо кампаниясыбы же келечектүү жемиштерин берип жатабы? Кыргызстанда туулуп-өсүп, азыр сыртта жүргөн мекендештер өз өлкөсүнүн келечегине салым кошо алдыбы? Алардын материалдык жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн кыргыз өкмөтү натыйжалуу пайдаланып жатабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева, Сингапурдагы InnoPac holdings компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Арслан Койчиев жана "Диалог Евразия" фондунун директору Улук Болушов катышты.

“Азаттык”: Доктургүл айым, Ошто сиздин уюмдун демилгеси менен уюштурулуп жаткан “Мекендештер” форуму мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат, эмнеси менен өзгөчөлүү болууда?

Доктургүл Кендирбаева: Биринчиден, мурдагыларга караганда бул жолку форум аймактарга багыт алды, Ош шаарында өтүп жатканы да жакшы жөрөлгө.

Экинчиден, өкмөт менен биздин чет өлкөдө иштеп жаткан мекендештерибиздин ортосунда инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн тегерегинде баарлашуу аянтчасы болууда. Эки тараптуу диалог түзүүгө жакшы шарт түзүлүүдө. Ал форумга өкмөттүн жетекчилиги, министрликтер, депутаттар, республикада иштеп жаткан ар кандай ири компаниялар, фонддордун жетекчилери, өкүлдөрү катышат. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү да келмекчи.

Сиз айтып жаткандай бул форумда кайсы бир саясатчыны же уюмду даңазалоо болбойт, бул жерде саясат жок. Биздин негизги максат чет өлкөдө аз маяна төлөнүп, жалданып иштеген мигранттар гана эмес, акыл көрөңгөсү терең, материалдык мүмкүнчүлүгү жетишкен мекендештерибизге, алардын өз мекенине жетишкендиктерин бөлүшүүгө даярдыктарына шарт түзүү.

Кыргызстандын түштүк аймагынын экономикасынын кайсы тармактарына инвестициялык кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүбүз керек деген чоң талкуу болот.

“Азаттык”: Доктургүл айым, мурдагы эки форумда “Кыргызстандын келечегине салым” деген темалар көтөрүлдү эле. Мекендештер кандай салым кошту, эмне натыйжа болду? Жыйынтык чыгарсак болобу?

Доктургүл Кендирбаева: Мурдагы форумга 18 мамлекеттен мекендештерибиз келип катышкан. Ошондо сырттан келген мекендештерибиз мамлекеттик органдарга кире албай, маселесин чече албай убара болушат деген сөз болгон. Ошонун негизинде өкмөттүн атайын токтому чыккан.

Ушул кезге чейин чет жерде иштеп жаткан мекендештерибиздин жайгашкан өлкөлөрүн, алардын эмне жумуш кыларын, мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө-иликтөө картасы түзүлдү, бул стратегиялык чоң документ болду.

Андан сырткары ошол мекендештерибиздин ой-пикирлерин, сунуштарын топтоп “Кыргызстандын келечегине салым” деген экинчи китепти да чыгардык.

Мурдагы форумдарда экономиканы өнүктүрүү, инвестиция салуу боюнча бир топ маселелер көтөрүлгөн, ошолордун баарына Экономика министрлигине караштуу Инвестиция агентиги менен иштешүүгө колубуздан келген жардамыбызды бердик.

“Азаттык”: Арслан мырза, сиз көп жылдар бою Англияда жашадыңыз, акыркы жылдары Сингапур менен байланыштуу иштеп жатасыз. Кыргызстанда мекеним деп эсептеген биздин жарандар өз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө салым кошууга даярбы? Алардын материалдык жана интеллектуалдык даярдыгы барбы?

Арслан Койчиев: Чет жерде жүргөн кыргыздардын даярдыгы, алардын билимине, жалпы деңгээлине байланыштуу деп ойлойм. Азыр канча миңдеген кыргызстандыктар четте жүрүшөт, алардын көбүнүн мекенине олуттуу салым кошууга чамасы чектелүү го деп ойлойм.

Биз ошол эле еврейлер же ирландиялыктардай чоң диаспоралардан эмеспиз. Ошого карабай мекендештерибиздин форумга чогулуп жаткандарын улуттук аң сезим ойгонуп, алга умтулган алгачкы кадамдар катары колдоого татыктуу.

Кыргызстанга салым кошолу дегендерди мен да көп эле угуп калам. Бирок, салым кошуу бир эле патриоттук сезимдерге негизделбейт. Салымдарды алып келгенде бул жерде инвестициялык шарт барбы, коопсуздук жагы кандай, мыйзамдар иштейби деген жана башка маселелерди чечүү керек.

“Азаттык”: Улук мырза, сиздин уюмдун демилгеси менен кыргыздын белгилүү жарандары Европаны түрө кыдырып келдиңиздер. Биздин мекендештердин ойлогон ою, күткөн тилеги эмне экен? Өз мекени Кыргызстан менен кызматташууга кандай ойлору бар экен?

Улук Болушов: Биздин "Диалог Евразия" фондунун демилгеси менен акыркы жылдары 25 өлкөдөгү мекендештерибизде болуп, диалог түзүп, баарлашып кайттык. Көптөгөн сунуштар айтылган. Алардын бири илимпоз адамдарды окутуу, кам көрүү максатында атайын фонд ачалы деген ойлору бар. Ага биздин фонд да жардам кылалы деп жатабыз.

Чет жерде акыркы 20-25 жылда кыргыздардын экинчи мууну пайда болду, бала-чакалары четте чоңоюп жатышат. Мына ошолор эне тилин билбей жаткандары да маселе жаратууда. Балдарыбыздан эне тилин унутпай жүрүшүнө, улуттук маданияты, каада-салтты билүүгө биздин өкмөт, Кыргызстан кандай жардам бере алат деген суроолорду коюп жатышат.

XS
SM
MD
LG