Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Орусия миграция саясатын катаалдантканы Кыргызстан да бул багытта мамлекеттик саясат иштеп чыгууну көздөп жатат.

Миграция, иммиграция маселесин жеңилдетүү үчүн президенттик аппараттын алдында түзүлгөн жумушчу топтун жетекчиси Айгүл Рыскулованын “Азаттыкка” айтымында, миграция Бажы биримдиги, анын пайда-зыяны сыяктуу эле ар тараптуу талкуулануусу зарыл. Мамлекет саясатында дүйнөдөгү процесстерден тарта демографияга чейинки маселелер камтылышы керек.

- Миграциялык саясат дүйнөдө болуп жаткан процесстерди, келечекти камтыш керек, демек демографияны ойлошубуз зарыл. Өзүнө өзү ишенген, күчтүү миллион эмгек ресурсу тышка чыгып кетсе, Кыргыз мамлекети ким менен калабыз деп ойлонушу керек да.

Красноярскта кармалган мигранттар. 7-август, 2013-жыл

Красноярскта кармалган мигранттар. 7-август, 2013-жыл

Август айында Орусиядагы Матвеевск базарында полициячы сабалгандан кийин орус бийлиги сырттан барган мигранттарга чараларын катаалданткан. Өткөн айда Бирюлево базарында орус жараны киши колдуу болуп өлгөн соң, чаралар ансайын катаалданып, мигранттардын массалык түрдө өлкөдөн чыгарылуусу күчөтүлгөн.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери Орусиядан чыгарылган жарандардын саны миңге чукулдаган. Ал эми бул өлкөгө киргизилбей турган кыргызстандыктардын тизмеси 60 миңден 250 миңге чейин жетиши ыктымалдыгы айтылууда. Бул сан азырынча эки өлкөнүн тиешелүү мекемелери тарабынан такталып жатат. Ушул окуялардан соң эксперттер мамлекет миграция маселесине жакшы көңүл бурбайт, мигранттардын укугу бузулганда расмий бийлик ооз ачпайт деп сындап келишкен.

Учурда эксперттер Кыргызстанга миграция саясаты керекпи, керек болсо ал кандай болууга тийиш - деген суроого жооп издөөдө. Мигранттардын укугун коргоочу атайын саясат иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленүүдө.

Бул багытта Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кыргызстандыктар көбүрөөк жүргөн мамлекеттерге өкүлчүлүгүн ачууну көздөп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин алдындагы жарандарды ишке орноштуруу борборунун жетекчиси Нурдин Тынаев билдирди.

- Эмки жылдан баштап Москвада, Түштүк Кореяда, Алматыда жана башка чет мамлекеттерде өзүбүздүн өкүлчүлүгүбүздү ачалы деп жатабыз. Дипломаттык макамдагы эмгек атташелер кыйынчылыкка туш болгон жарандардын проблемаларын чечкенге жардам берип, укугун коргошу керек.

Анткен менен Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Надежда Калинина мигранттарга мыйзамдарды алдын ала түшүндүрүп, маалымат берүүнү сунуштады.

- Кыргызстандан барган мигранттар көбүнчө тобокелчиликке бараары айтылып атат. Белгилүү болгондой Орусияда жарандар 90 күн жүргөнгө уруксат. Эгер 120 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетпесе ага Орусиянын аймагына кирүүсүнө бир нече жылга бөгөт коюлат. Бул биринчи кезекте эмгек мигранттарына тиешелүү. Албетте көптөрү мыйзамды билбейт. Бирок мыйзамды билбегендик жоопкерчиликтен бошотпойт. Ошондуктан муну саясий, илимий эмес жөнөкөй тилде мигранттардын үй-бүлөлөрү менен сүйлөшүп, тушүндүрүү керек. Ар бири керек болсо атасынан, жолдошунан, туугандарынан "сен Орусияга мыйзамдуу жол менен барып атасыңбы, жумушка орношууга уруксат алдыңбы?" - деп сураш керек.

Абакандагы кыргыздар. 29-сентябрь, 2013-жыл

Абакандагы кыргыздар. 29-сентябрь, 2013-жыл

Кыргызстандын ишке жарамдуу курактагы миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Алар жыл сайын Кыргызстанга 2 млрд. доллардан ашуун каражат жөнөткөн.

Казандагы кыргыз диаспорасынын жетекчисинин орун басары Закир Сариевдин айтымында, мигранттардын кыргыз экономикасына кошкон салымы чоң болгону менен, мамлекет аларга шарт түзүп берген жери жок:

- Мигранттардын 80% Орусияда иштейт. Убагында бизде миграция маселесин көзөмөлдөгөн атайын министрлик болгон. Анда түзүлгөн шарт менен сырттагы эмгек мигранттарынын укугун коргогонго мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Азыр кыйраткан министрлик жок, атасы жок жетим баладай калдык. Миграция маселесин министрлик же агенттик деп өзүнчө бөлүп, сырткы жана ички миграцияга бөлсө натыйжасы жакшырак болмок жана салым да кошот эле.

18-ноябрда Москвада Орусиянын миграция саясаты талкууланат. Шериктештик өлкөлөр бул үчүн Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский менен жолугушат. Анда шериктештикке мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү акыркы убактарда орус бийлигинин мигранттарга мамилесинин катаалданышы боюнча пикирлерин айтышмакчы. Бул жыйынга Кыргызстандан да өкүлдөр катышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG