Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

КСДП коалициядан чыкты


Парламенттеги социал-демократтар.
Парламенттеги социал-демократтар.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыкканын расмий жарыялады. Фракция лидери Иса Өмүркулов бул тууралуу бүгүн билдирүү жасады.

КСДП коалициядан чыгарын депутат Төрөбай Зулпукаров комитет жыйынында айтып, расмий билдирүү шаршембидеги жалпы жыйында болорун маалымдаган эле.

Коалициянын курамына КСДП, “Кыргызстан”, “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары бар болчу.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев КСДП өкмөттүн жана премьер-министрдин ишине баа бербей туруп коалициядан чыгып кетиши туура эместигин айтууда.

XS
SM
MD
LG