Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Тулада он эки мигрант кулчулуктан бошонду


Орусиядагы кыргыз мигранттары
Орусиядагы кыргыз мигранттары

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Тула облусунда 3 айдан бери кулчулукта жүргөн 12 кыргыз жаранды куткарды. Зордук-зомбулукка кабылган мигранттар менен “Азаттык” байланышып, телефон аркылуу ал-акыбалын билди.

12-августта Москвадагы элчиликке жеткирилген мигранттар Орусиянын Тула шаарына чукул жерде үч ай бою талаада жалданып иштеп, жарытылуу эмгек акы алган эмес. Жайдын аптабына, жаан-чачынга карабай керээлден кечке картошка менен капуста өстүргөн кыргыздар аларды иштеткен азербайжан улутундагы адамдар менен эмгек келишимин түзгөн эмес. Мигранттардын бири Асан (аты-жөнү өзгөртүлдү) Тула облусуна кандайча келип калганын жана үч ай бою баштан кечирген азап-тозокту “Азаттыкка” мындайча айтып берди:

- Бизди Жалал-Абад облусунан Махабат деген келин чакырган, ал ушул жердеги азербайжандардан акча алып, келгиле деп жол киребизге салган. Бул жерде орустарда иштейсиңер, тамак-ашыңар жакшы, барып келген билетиңер бекер, эч нерседен кыйналбайсыңар деген. Биз аэропортко (Москва) келгенде эки азербайжан күтүп алды. Бизди 12 миң рубль айлык берилет деп чакырышкан, Тулага жеткенде 10 миң рублдан төлөнөт деп чыкты. Баргандан кийин бир ай жакшы иштедик, аялым үч жарым ай иштеп, беш миң пул салды. Мен болсо үч жарым айда 13 миң пул салдым. Акча төлө десең, кожоюн акча жок деп ызырынат. Аялдарга асылышат. Арабыздагы бир келинге бычак такап, күч колдонуп зордуктайбыз деп коркутту. Дагы бир аялды уруп салышты. Менин аялымдын бир айлык боюнда бар эле, келгенден кийин түшүп калды. Жамгырбы, суукпу, ысыкпы эч нерсеге карабай ишке айдайт, акыркы күндөрү катуу кыйнады.

Асан аялы менен Москвада Кыргызстанга кетүүгө камынып, үйдө калган балдарын сагынып отурат. Тулада талаада иштеп, жарытылуу акча албаганы аз келгенсип, кожоюндун инисинен таяк жеген 47 жаштагы аял азыр дагы башы ооруп турганын, чыр эмнеден чыкканын үшкүрүнө телефондон айтып берди:

- 2-августта эртең менен башталды. Эртең мененки чайды ичкенден кийин башым ооруганынан жата калгам. Кожоюн көрөр замат булар эмне жатат деп бакырып кетти. Андан кийин 1990-жылы туулган иниси келип мени машиненин темири менен коюп ийди. Эмне болуп кеткенин байкабай дагы калыпмын. Анан эсиме келип, милицияга берем деп бассам, артыман келип швабра менен эки жолу башка чапты. Жанымдагы кыздар ажыратып калышты, бөлмөгө барып башым айланып отуруп калдым. 13 күн бою жаттым, догдур чакырып жардам бермек тургай сурап дагы койгон жок.

Бул аялды токмоктогон 24 жаштагы жигитти учурда Туланын полициясы издеп жатат. Кыргыздар элчиликтегилердин көмөгү менен полицияга арыз жазгандан кийин ондон ашуун кишини кулдай иштеткен 40 гектар талаанын ээси, анын зөөкүр иниси, кыргыздарды урган башкалар дагы качып жүргөнү маалым болду. Элчиликтин кызматкерлери 12 кишини алып кеткенден кийин дагы беш кыргыз өз эрки менен Тулада талаада иштегени калды.

Орусияга май айынын башында алданып барган мигранттар кандай шартта иштегенин, анысы аз келгенсип иш бергендердин зордук-зомбулугуна кабылганын Асан мындайча баяндады:

- Таңкы саат 7 жарымда туруп, 8де ишке чыгабыз. Түшкү 1ге чейин эч тыным албай иштейбиз. 2ге чейин бир саат түшкү тамакты ичип алып, кайра кечки 7ге чейин талаада иштейт элек. Бизди бул жакка келерде күнөскананын ичинде иштейсиңер деп чакырышкан. Бирок келгенден кийин 30 гектар картошка менен 10 гектар капуста өскөн талаага ишке салып койду. 40 гектар жерди эктик, үч сыйрадан отодук. Акырында аял кишилерди кордой баштады, биз кол көтөрүп болуша албайбыз. Анткени алар көп, биз аз элек...

Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева Тула облусунан кулчулуктан бошонгон 12 кишини өз мекенине кайтаруу үчүн Эл аралык миграция уюмуна жардам сурап кайрылышканын "Азаттыкка” айтып берди:

- Элчиликке 7-августта кулчулукка кабылган бир эженин сиңдиси Москвадан арыз менен кайрылыптыр. Андан кийин элчиликтин кызматкерлери баарын тактап, кечээ Тулага барып, полицияга арыз жазып кайрылышты. Ал жердеги полиция менен чогуу барып, 12 жаранды чыгарып келишти. Машине менен барып алып келдик, учурда баары элчиликте турушат. Арасында аялдар, боюнда бар келин дагы бар. Бизге кандай шартта иштешкенин айтып беришти. 1-майда Кыргызстандан келишиптир, ошондон бери Тулада жүрүшүптүр, 12-августта Москвага элчиликке алып келдик.

Жай бою азербайжандардын талаасында иштешиптир. Элчилик Туланын расмий органдарына кайрылгандан кийин ушул ишке тиешелүү үч киши суракка алыныптыр. Кыргыз жарандарды сабаган деген жигит менен жердин ээси качып жүрүптүр. Бир топ жаштагы азербайжан эркек күйөөсү бар келинди зордуктаптыр. Ал келин эртең менен ыйлап эмне болгонун айтып берди. Ал келинди алып калам, күйөөңөн, балаңдан баш тарт деп коркутуп, Москвага алып барып Орусиянын жарандыгын алып берем деп алдаган. Бир келиндин боюнан түшүп калыптыр, эми кайра боюна бүткөн аял кыйналып турат. Айрымдарынын туугандары келип, алып кетебиз дешкенинен тил кат менен коё бердик. Кулчулуктан эптеп чыгарып келсек, кайра дагы алданып калышабы деп кооптонуп турабыз. Албетте, ар бир адамдын өз эрки да, биз аларды күч менен Кыргызстанга сала албайбыз. Элчилик Москвадагы Эл аралык миграция уюмуна алардын жол киресине акча сурап кайрылдык.

Айымкан Кулукеева Тулага ондон ашуун кишини алдап жиберген Махабат сыяктуу өз мекендештерин четке кулчулукка саткан шылуундарга Кыргызстанда чара көрүлсө, бөтөн эл, бөтөн жерде зарлап калган карапайым адамдар болбойт эле деген оюн айтты.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG