Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Майлуу-Сууда эки айдан бери изделип жаткан аялдын cөөгү табылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Майлуу-Суу шаарында эки айдан бери изделип жаткан Тамара Гузованын сөөгү кылмышка шектүү деп кармалган кишинин короосунан табылды. 69 жаштагы жалгыз бой аял жоголгону тууралуу былтыр ноябрда коңшулары милицияга маалымдаган.

Облустук ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматта айтылгандай, иликтөөнүн негизинде 50 жаштагы жергиликтүү тургун кылмышка шектүү катары кармалган. Ал берген көрсөтмөгө ылайык, экөө спирт ичимдигин ичип отуруп жаңжалдашкан. Ачууга алдырган шектүү аялды уруп өлтүрүп койгонун жана короосуна көмгөнүн билдирген.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 197-беренеси, “Адам өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголду. (RsK)

XS
SM
MD
LG