Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Жалган документ, ойдон чыгарылган окуялар менен АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн башпаанек алган кыргыз жарандары көбөйгөнү айтылып келет.

АКШга виза алып, жердин аркы бетине узак сапарга чыгуу өзүнчө машакат болсо, Америкага жеткенден кийин жан багып кетүү бөтөнчө түйшүк. Кантсе да, ар кыл амал менен Кошмо Штаттарга жетип, ал жактан Грин-карта алган кыргыздар аз эмес.

Бишкектик студент Максат (аты өз өтүнүчү менен өзгөртүлдү) студенттерге жайкысын иштеп, саякаттаганга шарт түзгөн Work&Travel программасы менен эки ирээт Америкага барып келген. Соңку сапарында атайын адвокат жалдап, жалган кейс – кыргызча айтканда, жасалма окуяны ойлоп таап, АКШдан саясий башпаанек алуу аракетин көргөн:

- Бул статусту алгандардын баары өз кейстерин жашырышат. Бардык шарттарын, канча төлөгөнүн айтып беришет. Бирок кайсы окуяны ойлоп тапканын айтпайт. Ар кимден сураштыра келсең, абдан таң калычтуу окуяларды угасың. Мага Нью-Йорктогу адвокат “Кыргызстанда революция болгондон кийин бир нерсе тарта калып, куугунтукка кабылдың” дегендей ойду ишара кылды. Ачык айткан жок. Ал жакта улуттук азчылыктарга көңүл бурулгандыктан, өзүмдү уйгур катары көрсөтүп, баш калка алайын деп көрдүм. Бирок Нью-Йорктон кеткенден кийин адвокат жалдаган жокмун. Бир жыл болгуча келе бердим.

АКШ башпаанек же Грин-картаны диний жана саясий көр караштары үчүн, улуттук теги же кайсы бир социалдык азчылыктын мүчөсү болгону үчүн өз өлкөсүндө куугунтукка кабылган адамдарга берет. Куугунтукка кабылдым деген кыргыз жараны алгач Миграциялык кызматка барып, өз окуясын айтып берет. Эгер ал мекемедеги атайын офицер айтылгандарды жүйөлүү тапса, дароо Грин-картага жол ачылат.

Нью-Йорктогу кыргыздар

Нью-Йорктогу кыргыздар

Болбосо, адвокат жалдап, качкын статусун сот аркылуу алууга туура келет. Бир нече айдан бир нече жылдарга чейин созулган соттук териштирүүлөр үчүн адвокаттар 2 миңден 10 миң долларга чейин акча алышат. АКШга барганга чейин эле документтерин ырастап кеткен адамдар бар экенин Максат мисал кылат:

- Мен өзүм эле ошондой кылбаптырмын деп өкүнүп калдым. “Момундай таяк жегем, мындай иш козголгон” деп калп эле ары-бери гезиттерге жазып, бүт документ кылып алып, тигил жактан сотко көргөзсөң ишенет да. Ал жакта эң негизги максат сотто адамды ишендиришиң керек. Макала, видеолор менен ишендиресиң. Мен керек болсо, мага окшогон баланын сабалган видеосун YouTube сайтына жайгаштырууну да ойлогом. Бирок датасы туура келбей калат экен.

Макаланы толугу менен бул жерден угуңуз:



Бишкектеги АКШ элчилиги Work&Travel программасы менен Америкага барып келүү үчүн былтыр Максатка окшогон 770 кыргызстандык студентке виза берген. Жалпы 3500дөй кыргызстандык жыл сайын иммиграциялык эмес виза алышат. Көпчүлүгү туристтик, бизнес жана студенттик виза менен АКШга аттанат. Бирок алардын канчасы кайтып келгени белгисиз экенин АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин пресс-атташеси Сюзанна Вуд “Азаттыкка” билдирди:

- АКШ элчилиги иммигранттык визалар менен иштебегендиктен, Америкага иммигрант болуп барган Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны жөнүндө статистика жүргүзбөйт. Бул жараян менен Кошмо Штаттарынын жарандык жана иммиграция кызматы алектенет (USCIS). Бул агенттик саясий башпаанек сураган учурларды да карайт.

Бейрасмий эсептөөлөр боюнча, азыр Америкадагы кыргызстандыктардын саны 15 миңге чукул. Нью-Йоркто негизделген “Кыргыз клаб” уюмунун жетекчиси Айбек Хакимов Америкадагы кыргыздар арасында саясий себептер менен Грин-карта алуу көрүнүшү бар экенин тастыктады:

- Чындап эле акыркы мезгилде көп кыргызстандыктар саясий башпаанек жолу менен АКШда документтерге ээ болууда. Булар саясий, диний жана башка ар кыл себептерге негизделген.

Коогадан кийин көбөйгөн көрүнүш

Батыш өлкөлөрүнөн, анын ичинде АКШдан башкалка издөө көрүнүшү Кыргызстандагы 2010-жылдагы апрель, июнь окуяларынан кийин кенен жайылган. Бул жол менен АКШда калып калгандарды Калифорния, Огайо штаттарынан, Чикаго, Филадельфия өңдүү ири шаарлардан көп кездештирүүгө болот. Байкоочулардын айтымында, июнь коогасынан кийин өзгөчө өзбек улутундагы кыргызстандык жарандар Америкада жашап калышкан.

Бул маалыматты Орусиядан АКШга келген Тимур Тажетджинов аттуу активист, жакында “АКШда кантип жашап калса болот?” деген онлайн-семинарында белгилеп өттү:

- Мисалы, азыр Кошмо Штаттарда Кыргызстандан келгендер арбын. Алардын арасында кыргыз жана өзбек улутунун ортосунда карама-каршылык чыккандан кийин башкалка алгандар көп болду. Бул да калуунун жолдорунун бири.

Бирок баш паанек суроо АКШда калуунун жападан жалгыз жолу эмес. АКШ өкмөтүнүн жыл сайын акысыз лотереясына катышып, Грин-карта утуп алган кыргызстандыктар да бар. Ошондой эле штаттарда кайсы бир колледж, окуу жайга тапшырып, жашап калган кыргыздар да аз эмес.

АКШда окумуштууларга, көрүнүктүү искусство адамдарына же спортчуларга артыкчылык берилет. Грин-карта берүүдө алардын жүрүм-турумуна, тил билгенине, кылмышка кириптер болгон-болбогонуна да көңүл бурулат. Мындан тышкары туристтик жана жумуш визасы аркылуу келип калгандар менен катар Миграциялык кызматтын кылтагына илинбей, мыйзамсыз иштегендер да арбын.

Чикагодогу "Жибек-Жолу" рестораны

Чикагодогу "Жибек-Жолу" рестораны

Америкага эки жолу студенттик программа менен барып келген студент Кубаныч (аты өз өтүнүчү менен өзгөртүлдү) АКШ жарандары менен үй-бүлө куруп, үч-төрт жыл аралыгында жарандык алган кыргыздар бар экенин айтып берди.

- Миграциялык кызмат аларды эки-үч этап менен сынайт. Негизи жасалма никеге тургандар абдан көп. Буга чейин КМШ мамлекеттеринен келип, жарандык алып калгандар сунуш кылышат, “мынча акча бересиң, экөөбүз фиктивдүү нике кылып, жарандык аласың” дешет. Мындай жол менен үч-төрт жылдын ичинде жарандык алса болот. Анын баасы 20-30 миң долларга чейин болот. Мындан тышкары сексуалдык азчылыктын өкүлү катары калышат. Мисалы, гейлер. Бирок бул жолго Беларустан, Украинадан келгендер барганын уккам. Кыргызстанда кыларга эч нерсе жок, жумуш жок, өлкө оор абалда деп чынын айтып, ал жакта калуу мүмкүнчүлүгүн алган бир-эки кишини билем.

Кубанычтын айтымында, АКШда ар кыл жол менен жарандык алым берем деген алдамчы топтор да бар. Аларга алданып, акчасынан ажыраган кыргыздар да болгон экен.

Айтмакчы, АКШда чет өлкөлүктүн жалганчылыгы же мыйзамсыз аракети билинип калса, ал адам депортацияланат же жоопко тартылат. Жакында 2010-жылдагы Кыргызстандагы ыңкылаптан кийин АКШга 1 жылдык жумушчу виза менен барган 52 жаштагы кыргызстандык аялдын окуясы дүйнөлүк маалым каражаттарына жарыяланды. Ал кызын АКШда калтыруунун амалын ойлоп, иммиграция офицерине 5 миң доллар пара сунуштаган. 2011-жылдын май айында Нью-Йоркто кармалгандан кийин 4 ай абакта отуруп, анан күрөөгө бошотулган.

Мелдешке кетип, мекенге кайтпаган спортчулар

Кыргызстандын тарыхында ондогон саясатчы, журналист, коомдук ишмерлер саясий себептерден улам чет өлкөдөн башпаанек алган. Алардын катарына спортчулар да кирет. Маселен, 2003-жылы кыргызстандык он чакты эркин күрөшчү АКШга мелдешке барып, кайра келбей койгон. Бул окуя тууралуу Эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев “Азаттыкка” кеп салды:

- Мелдештерге барганда АКШда элчилик калбагыла дейт да. Бул жактагылар калбайбыз дешет. Алып келишкен, бир-эки жолу. Анан бир турнирге кетип, калабыз дешкенинен мен макулдук бердим. Бир четинен биз спортсмендерге жакшы көңүл бура албасак... Болбой эле уруксат бербей койгон зөөкүрлүк болот да. Мени камап салса да мейли дедим. Алардын айрымдары тренер болушту, мугалим, куруучу болуп иштешти.

Жеңиш Дөнбаевдин айтымында, спорттун башка түрлөрү боюнча да АКШ жана Батыш өлкөлөрүнө кеткендер көп болгон:

- Спортчулардын арасында АКШга менин уулум да кеткен. Надырбек уулу Улан деген эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону, Сүймөнкул Табылды уулу деген кадеттер арасындагы чемпиондор кеткен. Грин-картаны бир жылдан кийин берет экен. Менин уулум менен Надырбек уулуна жакпай, келип калышкан.

Спортчулардан тышкары, Кыргызстанда оппозициянын ар кыл нааразылык жүрүштөрүнө катышып, чет өлкөгө чыгып кеткендер да кездешет. 90-жылдардын аягы менен 2000-жылдардын башында “Ар-намыс” партиясынын ондогон мүчөлөрү саясий куугунтукка кабылдык деп башпаанек алышкан. Ал учурда партиянын лидери Феликс Кулов да камакка алынган эле. Партиянын төрага орун басары Эмил Алиев бул кыргыз жарандары жабыла чет жерге чыгып кеткен алгачкы окуя болгонун билдирди:

- Эгерде эсептесек, “ар-намысчылар” эле 200дөн ашык адам болгон. Булар АКШдан баштап, Австралия, Европа өлкөлөрүнө барышкан. Саясий кырдаалдан пайдаланып, чет өлкөгө чыгып кеткендер болушу мүмкүн, бирок көпчүлүгү саясий баш паанек алышкан. Алардын жарымынан көбү кайтып келди.

Европачы..?

АКШда колдонулган амалдар Европанын көп өлкөлөрүндө да кездешет. Швециядан баш калка алууга аргасыз болгон журналист Сыргак Абдылдаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, өзгөчө Скандинавия өлкөлөрүндө ар кыл амалдар менен жашап калган кыргыз жарандары көбөйүп жатат. Маселен, соңку бир жылда эле Швецияга 1,5 миң кыргызстандык келген экен:

Сыргак Абдылдаев

Сыргак Абдылдаев

- Бул жерге бир жигит келди. Ал мыйзамсыз жол менен келген болсо керек. Анан ал "мен саясий куугунтуктун курмандыгымын, Кыргызстанда мени кыйнашкан, сабашкан" деп, жалган айтуу менен калуунун жолун издеген. Өзүн оппозициянын акыркы лидеримин деп атаганга чейин барган. Швециянын миграциялык кызматы ал жөнүндө маалыматтарды текшерип негиздүү себеп табышкан жок. Бул жактагы Германиянын элчилигине чейин чыгышып, ал жигиттин жалган маалымат бергенин аныкташты. Бул окуя жигиттин депортацияланышы менен аяктады.

Мындан тышкары христиан секталарынын өкүлүбүз деп Кыргызстандан бир нече кыздар келишти. Эмне, Швеция ошол сектанын жетекчилигине чалып, ал кыздар жөнүндө сурабайт дейсиңерби? Сөзсүз сурап, такташат. Алар расмий түрдө коопсуздук комитетине чейин өтүнүч жөнөтүшү мүмкүн. Бул да депортация менен аяктады. Бул жерде ушунчалык таң калычтуу окуялар болду. Бул жакка келгендер эптеп жармашып, жашап калуу үчүн ушунчалык калп нерселерди ойлоп табышат. Мындан улам "жөн эле" бул жерге келбегиле деп кеңеш берем. Ашыкча чыгым кетет. Мыйзамсыз жүрсөң кара жумушта эле иштей аласың. Өзгөчө үй-бүлөлүүлөргө өзүңөрдү да, балдарыңарды да кыйнабагыла деп айтаар элем.


Европанын калган өлкөлөрүнө көбүнесе окуу же ар кыл программалардын негизинде орун-очок алган кыргыз жарандары бар. Маселен, Германияда иштеп, немис тилин үйрөнүп жаткан кыргызстандык Айпери Байгазиева:

- Германияда мыйзамсыз жол менен калууга мүмкүн эмес. Бул жерде университетте окуп, жумуш таап калгандар бар. Көп кыргыз кыздары немис тилин үйрөнүү үчүн немис үй-бүлөсүнө келишет. Балдарын карап, үй жумуштарына жардам берет. Бул программа менен келгендердин 80 пайызы окууга тапшырып, андан ары калып калышат. Ошондой эле кээ бир кыргыз кыздары немистерге күйөөгө тийип, бул жакта жашап калышууда.

Ким, кандай көз карашта?

Адистер билдиргендей, кыргыз жарандарын көбүнесе Европа жана АКШдагы жашоонун жогорку сапаты, келечектүүлүгү азгырат. Анткени кыргыз жараны мыйзамсыз жүргүчө атайын статуска ээ болсо, иш табуу, жашоо кыйла жеңилдейт. Андыктан кыргызстандыктардын ар кыл амал менен чет өлкөдө калып жатышын терс баалоого болбойт, дейт АКШдагы Юта университетинин профессору Бактыбек Абдрисаев.

- Анткени глобализация деген ушундай процесс турбайбы. Ар бир адамга мүмкүнчүлүк берилиши керек. Кайда кааласа, ошол жакка бара берсин дегендей. Негизи жакшыраак орун таап, бутуна туруп алса, Кыргызстандын экономикасына жардам бергенге аракет кылышат.

Миграция тармагын тейлеген Жогорку Кеңеш комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева "жасалма жолдор менен АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн башпаанек алгандарга кандай карайсыз?" деген суроого мындайча жооп берди:

- Ар бир адамдын өз элине, өз өлкөсүнө жасаган чыккынчылыгы деп эсептейм. Кыргызда "бөтөн жерде султан болгуча, өз элиңде ултан бол" деген сөз бар. Албетте турмуш-шарттан улам, үй-бүлөсүн багуу үчүн иштеп жаткандарга түшүнүү менен мамиле кылса болот. Бирок башка өлкөдөн жакшы шарттарды алуу үчүн элин-жерин жамандаган адамдарды чыккынчы деп гана эсептейм.

Бирок Америкадагы Түндүк Кентукки университетинде окуган Кубат Кубаналиев эртеби кечпи кыргыздар кайрылып, үйүрүн табат деген көз карашта:

- Бул жерде тескерисинче, патриоттук сезим ачылат экен. Кыргызча билбеген "киргиздер" эне тилинде сүйлөп, балдарын кыргызча тарбиялай башташты. Демек кыргыз тилин унутпаса, мекенин эч качан унутпайт.

Кыргызстандыктардын кимиси, кайсы өлкөдө, кандай статус менен жашап жатканы тууралуу расмий статистика дээрлик жок. Президенттин алдындагы жарандык маселелер боюнча комиссиянын маалыматы боюнча, Кыргызстан эгемендик алгандан бери 20 миңдей адам гана расмий түрдө кыргыз жарандыгынан баш тарткан. Жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча, эми чет өлкөгө кеткен кыргызстандык кандай статус албасын, анын кыргыз жарандыгы сактала бермекчи.

Ал тапта аба майданында адаттыгыдай эл көп. Бир күндө канчалаган кыргызстандык бакыт издеп башка жакка сапар алып жатат дейсиз? Кайда барышса да жолдору ачык болсо экен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG