Жапон элчилигинин маалыматы боюнча фестиваль 26-октябрда башталат. Анда Жапониядан келген чеберлер кэндо, дзюдо, иайдо аскер искусствосу менен тааныштырат. Ошондой эле Спорт сарайында жапондордун улуттук сумо оюну боюнча турнир өтөт. Ал эми 5-ноябрда улуттук драма театрында да жапон музыкасынын фестивалы болот.(ZKo)