Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:12

Кыргызстан 2015-жылдан баштап Бажы биримдигине мүчө болууга, ага улай Евразия экономикалык аймакка кирүүгө камынып жатат.

Бирок Бишкек бул уюмдарга кошулгандан кийин Орусиядагы кыргыз мигранттарга берилчү жеңилдиктер тактала элек. Жумушка уруксат кагаз, патент алуу маселелери кандай чечилери белгисиз.

Кыргыз бийликтери Бажы биримдиги эң ириде мигранттардын да түйшүгүн жеңилдетерин билдирип келишкен эле.

Максат Мураталиев Орусиянын Сахалин облусунда курулуш фирмаларынын бирин жетектейт. Анын айтымында, жумушка уруксат берген документтер адатта жаңы жылга чейин даярдалат:

- Жумушка уруксат кагаз жаңы жылдын алдында бир жылга берилет. Жаңы жылдын алдында арзандайт. Беш миң рублга чейин түшүп калат. Анткени эмдиги жылга калтырбай берилген квотанын баарын сатып түгөтүү керек. Эмдиги жылы болсо андан кийинки жылга сатыла баштайт. Азыр Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе деле ишке уруксат берген кагаз, патент дегендер кала берет деп жатышат. Бир гана патент менен бардык жумушка кирсе болот деп жатышат. Мурун болсо патент менен жекече иштегенге гана уруксат берилчү. Мисалы, менде казактар да иштейт. Аларды 5-6 миң рубль коротуп, бир жылга каттатып гана коебуз. Андан башка патент, ишке уруксат деген башка “баш оорулары” жок. Эгер кыргыздарга да ушундай шарт түзүлсө сонун болот. Бирок бул жактагы орустар эгер андай кылып койсо, кыргыздар толуп алат деп да сөз кылып жатышат.

Москвадагы кыргыз диапорасынын өкүлү Руслан Эшимов кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине киргенден кийин мигранттардын абалы кандай болорун ачык айтпай жатканын белгилеп жатат. Анын пикиринде, бул мигранттардын түйшүгүн дагы оорлотушу ыктымал:

- Эмдиги жылы бизге, кыргыз жарандарына ишке уруксат кагазды, же болбосо патентти жасатышыбыз керекпи, же кереги жокпу деген маселе турат. Эгер керек болсо арзан кезинде жасатып алсак жакшы болот эле. Эгер кереги жок десе, анда акчаны коротпой, эптеп дагы эки айдай жата турсак жакшы болмок. Менин көзүм жетип турат, эмдиги жылы январь-февраль айлары жумушка уруксат жасата албай отуруп калабыз. Буга марттан тарта кирише баштайбыз, элибиз дагы эки ай эзилет. Андан сырткары мартта анын баасы былтыркы, мурдагы жылдагыдай 30-35 миң рублга чыгат. Элибизди мында үч-төрт эсе эзип алган болобуз.

“Азаттык” бул маселелер боюнча Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине кайрылды. Министрликтин маалымат кызматы жетекчилери, тиешелүү адистер бош эместигин шылтоо кылып комментарий берүүдөн баш тартышты.

Кыргызстан келерки жылдан тарта Бажы биримдигине эле эмес, Евразия экономикалык аймагына да кирүүгө камынып жатат. Негизги документке эмки айда, 23-декабрда Москвада кол коюлмакчы. Президент Алмазбек Атамбаев Бажы биримдиги ириде мигранттардын түйшүгүн жеңилдетет деп убада кылып келген:

- Бажы биримдигине кирип жатканыбыздын эң негизги максаты – Орусияда жүргөн биздин жарым миллион жараныбыз орустар менен тең укукта болсун деп жатабыз. Бажы биримдигинен башка жолубуз жок.

Атамбаев андан сырткары Кыргызстан Бажы биримдигине улуттук кызыкчылыктары корголгон шартта гана кирет деп ишендирип келет. Бирок буга ынабагандар да арбын.

Бажы биримдигине учурда үч мамлекет: Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG