Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:51

Август айында дүйнөнүн чар тарабында жашаган кыргызстандыктардын Бишкекте эки жыйыны өткөнү жатат.

Ошентип быйылкы жай жеке эле туризмдин кайнаган учуру эмес, мекендештердин чогулуу мезгили катары да кыргызстандыктардын эсинде калчудай. Тагыраак айтканда чет жерлерде жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын жоон тобу август айынын башында боло турган салабаттуу эки иш-чарага катышканы Кыргызстанга келатышат.

Алардын бири “Мекендештердин биринчи форуму” деп аталып, аны “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фонду, ал эми “Кыргызстандыктардын жана мекендештердин Биринчи Конгресси” деген аталыштагы экинчи иш-чараны “Замандаш” ассоциациясы уюштуруп жатат. Уюштуруучулардын билдиргендерине караганда, тараптар бири-бирине өнөктөш болуп, аларга өкмөт колдоо көрсөтүүдө.

Форум, конгресс: айырмасы эмнеде?

“Мекендештер” форумун уюштуруучулардын бири Мирбек Токтогараевдин айтымында, Роза Отунбаеванын фонду дүйнөнүн булуң-бурчтарында окуп, ийгиликке жетишип, табылгаларын Кыргызстанды көтөрүүгө жумшагысы келген таланттуу адамдарды, интеллектуалдарды чогултууда:

- Чет өлкөдөгү мекендештер – интеллектуалдык, инвестициялык чоң ресурс. Маселен, Индия, Ирландия, Түркия сыяктуу башка өлкөлөр 8-10 жыл мурда эле түшүнүп, мекендештер менен тыгыз кызматташып келген. Алардын салымы өтө чоң. Акыркы жылдары мекендештер, журтташтар десек эле бул сөздүн мааниси бир аз өзгөрүп, Орусияда, Казакстанда иштеген мигранттарыбыз эске келет. Бирок изилдеп келсек ишкерлер, музыканттар, илимпоздор абдан көп. Көпчүлүгү эле Кыргызстаныма жардам берсем, салымымды кошсом дешет экен, сагынган адамдар көп экен. Ошондой адамдарды 2-3-августта форумга чакырып жатабыз.

Эки күндүк форумдун алкагында мекендештердин бир катар долбоорлорунун бет ачаары болот:

- Мисалы, биздин белгилүү пианист Азамат Сыдыков эртерээк келип, чоң концерт берет. Консерваторияда окугандарга мастер-класс өтөт. Бул кичинекей салымы болот. Түркияда, Германияда күчтүү дарыгерлерибиз иштешет. Алар, балким, келип элдин саламаттыгын кароодон өткөрүшү, же операция жасашы ыктымал. Дагы бир мекендешибиз Кыргызстанда медицина тармагын кантип өнүктүрсөк болот деген долбоорду сунуштайт. Алматыда жашаган мекендештерибиз Ысык-Көлдүн тегерегиндеги чакан пансионаттарды кантип өркүндөтөбүз деген максат менен веложүрүш жасашат.

Мирбек Токтогараевдин билдиргенине караганда, "Мекендештер" форумуна чет өлкөлөрдө ар кыл тармактарда ийгиликке жетишкен 250-300 чамалуу кыргызстандык келмекчи.

Ал эми “Замандаш” ассоциясы уюштуруп жаткан "Дүйнөлүк биринчи конгресс” чет өлкөдө уюмдашкан кыргызстандык жамааттарды чакырып жаткандыгы менен айырмаланат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” ассоциациянын аткаруучу директору Майрамбек Жапанов билдирди:

- Конгресстин форумдан айырмасы – биз жалпы ийгиликке жетишкен кыргызстандыктарды эле эмес, кыйын абалда жүргөн мигранттардын, этникалык кыргыздардын башын кошолу деген оюбуз болуп атат.

Жапановдун айтымында, конгресс Кыргызстандын өнүгүшүнө мекендештердин назарын буруу, мамлекет менен системалуу алака түзүүгө жетишүү максатын көздөп жатат:

- Башка өлкөлөр да уюмдашуу аркылуу өзүнүн экономикасына, социалдык абалына көп жаңылыктарды киргизип, прогрессти алып келген. Мисалы, Азербайжан, коңшу эле турган Тажикстанды, армяндарды, жөөттөрдү, орустарды алалы. Азия мамлекеттери да ушундай конгресс түзүп, көп ийгиликтерге жетише алган. Ошондуктан биз декларативдүү эле кагаздарды кабыл алуу менен чектелбей, дүйнөдөгү кыргызстандыктар системалуу иштейли, бири-бирибиз менен байланышта бололу деп уюштуруп жатабыз.

Уюштуруучулардын эсеби боюнча, 1-августта баштала турган конгресске Орусияда, Казакстанда уюмдашкан 74, Борбордук Европа аймагында уюмдашкан 23, чет жердеги мекендештер менен кызматташуу максатында кыргызстандын өзүндө уюмдашкан 32 бирикмелерден өкүлдөр келет, спортчулар, маданият ишмерлери, окумуштуулар да чакырылган. Келчүлөрдүн сабында тай күрөшү боюнча чемпиондор, эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченколор да бар экендиги айтылууда.

Ошентип, дээрлик бир максатты көздөгөн бул эки иш-чараны уюштурууда кандайдыр бир деңгээлде атаандаштык бар сыяктанат. Уюштуруучулар өздөрү болсо бири-бирибизди толуктабасак, тоскоол болбойбуз деп ишендирип жатышат:

- Биз чет өлкөдөгү диаспоралар менен да кызматташып атабыз да. Мисалы, Америкадагы "Кыргызклаб" бар. Орусия менен Казакстанда кубаттуу “Замандаш” бизге өнөктөш катары өздөрүнүн делегаттарын берип атышат. Мындан тышкары, балким, форумдун алкагында миграция маселеси боюнча блок кылабызбы же баяндама жасайбызбы, ойлонуштуруп жатабыз, - дейт Токтогараев.

Мекендештер эмне дешет?

Ошол эле мезгилде чет өлкөдө жашап жаткан кыргыздар дээрлик аталган иш-чараларды кубаттап кабыл алышууда. Маселен, алардын бири, Брюсселде жашаган кыргызстандык сүрөтчү Ибрагим Бакиров чет жердеги кыргызстандыктардын жыйынына өзү келе албайт, бирок жубайын жиберет.

Бакиров менен “Азаттык” телефон аркылуу баарлашты:

Ибрагим Бакиров: Башка өлкөлөргө караганда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү диаспоралары өтө эле аз. Башкалар менен салыштырсак, мисалы, Армения, Марокко, Түркия өлкөлөрүнүн диаспоралары Европада аябай көп. Кыргызстандыктардын биргелешкен деле күжүрмөн уюму жок.

"Азаттык": Сиз бул демилгеден майнап чыгат деп ишенип атасызбы? Кыргызстандыктарды мекенине чакыруу сырттан кандай көрүнөт?

Ибрагим Бакиров: Бул жакшы демилге. Чет жердеги кыргызстандыктарга мамлекет тарабынан социалдык, укуктук коргоо аз. Бир жагынан ошого жардам берип, экинчи жагынан жергиликтүү калктын маданиятын, билим, социалдык тажрыйбасын үйрөнсө болот. Четте жүргөн кыргызстандыктардын жергиликтүүлөр менен байланыштары бар. Карым-катыш түзсө болот.

"Азаттык": Кыргызстанга четтен жардам пайдалуубу же ичте туруп кол кабыш кылган пайдабы?

Ибрагим Бакиров: Азырынча Кыргызстан оор абалда. Тыштан пайда берүү керек. Өзүнүн үй-бүлөсүнө акча салып турса дагы мамлекетке чоң жардам болот.

Акыркы кездери Кыргызстанга кайтып келген билимдүү адамдардын саны да артып бараткандыгы айтылууда. Алардын бири тоо-кен тармагында иштеп жаткан жаткан - Бакыт Өмүрзаков. АКШда билим алып, Европада иштеп жүрүп кайткан бул адис Кыргызстандын экономикасына жеке эле кара жумушта иштеп жүргөн кыргызстандыктар эмес, интеллектуалдар да олуттуу салым кошуп жаткандыгына бекем ишенет:

- Акыркы жыйырма жылда чыгып кеткен бардык эле улуттагы кыргызстандыктар иштеп, окуп жүрүшөт. Арасында чоң ийгиликтерге жеткен жарандар бар. Алардын Кыргызстанга салымыбызды кошсок деген үмүттөрү бар. Карылуу кыргызстандыктардын тыштан туруп жардам берүүгө кубаты жетет. Мисалы, Казакстанда, Орусияда иштеген мигранттардын тыйынын санап атпайбызбы. Ошолордун арасында интеллектуалдардын да тапканы бар. Кайсы тараптын салымы канча экени анализденген жери жок. Чоң-чоң инвестициялык долбоорлорго каражат салсак, инвестицияларды тартып келсек деген ойлору бар. Платформа керек аларга. Өкмөттөн чогуу иштейли деген кандайдыр бир саясий кепилдик керек. Андай кепилдик ала алат. Анткени өкмөт, президент, парламент – баары көрүп турат, азыр ачык-айкын, элди ортого тартып, бирдиктүү иштейли деген заман келди. Адам ресурстарына, башка каражаттарга өлкөнүн муктаждыгы болуп турат.

Ошентип дүйнөнүн булуң-бурчундагы кыргызстандыктарды, алар түзгөн диаспоралардын өкүлдөрүн чогултуп, баш бириктирип, ал аркылуу өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө салым кошуунун жолдорун издегиси келген бул эки иш-чарага камылгалар кызуу жүрүп жатат.

Уюштуруучулар бул иш-чаралар эгемендик жылдары бир нече ирет өткөн дүйнө кыргыздарынын курултайларынан кыйла натыйжалуу болот деп ишенип турушат. Эки тарап бирдей: форум дагы конгресс дагы мамлекеттин өнүгүшүнө кол кабыш кыла турган туруктуу иш-чарага айланарын убада кылышууда.

Байкоочулар болсо окшош максаты бар дүйнөлүк форум менен конгресс бара-бара Кыргызстандын өнүгүшүнө күч-кубатты топтой турган бирдиктүү платформага айланышы ажеп эмес экенин айтышууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG