Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Москва: өз укугун коргогон "баатыр" кыз


Айбарчын Шамшиева
Айбарчын Шамшиева

Москвага жумуш издеп келген Айбарчын Шамшиева эми акыйкаттык издеп чыкты. “Ак жерден күйгүзүп, мени депортация кылууну көздөгөн укук коргоо кызматкери жазасыз калбашы керек”, - дейт Айбарчын ишенимдүү.

Айбарчынды полиция кызматкерлери 23-апрелде жолдошу жана батирде чогуу жашаган адамдар менен бирге камакка алышкан. Таң атпай күтүүсүз кирип келген “коноктор” чет элдик жарандарга документтерин толуктап алууга мүмкүндүк беришкен эмес.

- Жолдошум экөөбүз февралда Сахарового 10-15 жолу каттап, суукта узун кезек күтүп, документ тапшырганбыз. 25-мартта жаңы үлгүдөгү патент алып, бир айлык акысына 4 миңден 8 миң рубль төлөгөнбүз. Ошол акы төлөдү деген квитанцияны шашкалактап таппай калдым. Бардыгын бөлүмдө текшеребиз дешкенде, компьютерден чыгат деген ойдо аларга ишенип кете берипмин. Ал жакта колумдагы патент үчүн акы төлөгөнүмдү зар какшап айтып, чырылдагынымды эч ким угуп дагы койгон жок. Жолдошумдун документтери толук болсо деле аны дагы коё беришпеди. Ал үйгө барып, квитанцияны таап келмек...

Суракта Айбарчынга кысым көрсөтүлүп, “материалдык оор абалга байланыштуу патент алган эмесмин” деген арызга кол коюуну талап кылышкан. Анын айтымында, ишин иликтеген полиция кызматкери тарабынан “керек болсо ур-соккуга алып, зордук-зомбулук көрсөтүлөт” деген коркутуулар болгон.

Айбарчын менен эч айып табылбаган жолдошу жана кошуналары дагы ошол күнү полициянын бөлүмүндө түнөшкөн.

- Баарыбызга бирден отургуч беришти, ошол жерде уктадык. Баарыбыз ачкабыз. Башкалар бир да каяша айтпастан, унчукпай эле кол кой деген жерге кол коюп, кыл дегенин кылып жатышты. Менин айлам кетип турса да айтканыман кайтпадым. Тилим тешилгиче актыгымды айтып, эч жерге кол койбой туруп алдым...

Эртеси Айбарчындын иши сотто каралып, Москвадагы Мещанский райондук соту “Чет элдик жарандардын абалы” тууралуу федералдык мыйзамдын 5-беренеси боюнча тагылган айыптарды негизсиз деп аныктаган.

- Мен жумушка орношуу үчүн бир жерде такшалмада жүргөм. Ошол күнү мени жумушка алышмак. Эми ал жумуштан айрылдым. Мага жөн жерден айып тагып, кысым көрсөткөнү үчүн ал тергөөчүнүн жазага тартылышын талап кылам. Ал "мени эч ким жазалай албайт" деп ойлобошу керек!

Учурда Айбарчын Москвадагы чет элдик жарандарга укуктук жардам көрсөтүүчү “Жарандык көмөк” комитетине кайрылып, кысым көрсөткөн тергөөчүсүнүн үстүнөн арыз жазууда.

“Жарандык көмөк” комитетинин кызматкери Марина Лексина мындай абалга туш болгон чет элдик жарандар көбүнчө укуктук караңгылыктан жана көрсөтүлгөн кысымдын айынан өздөрүнө чыгарылган "жалган өкүмгө” өздөрү кол коюп коюшарын айтат.

- Айбарчын Шамшиева – азамат! Ал жалган жалаа боюнча арыздарга кол коюудан баш тартып, аягына чейин өзүнүн укугу үчүн күрөшкөн. Адатта чет элдик жарандар кысым астында бөлүмдө берилген кагаздарга түшүнүшпөсө деле кол коюшуп, өздөрүнө өкүм чыгарып коюшат. Протокол түзүлүп, иши сотко чейин жеткендиктен, Шамшиеванын иши Орусиядагы чет элдик жарандарды эсепке алчу борбордук базага киргизилип калышы мүмкүн. Ал жакта сотто кандай чечим чыгарылгандыгына көңүл бурулбайт... Биз арыз жазып, Шамшиевага көрсөтүлгөн кысым боюнча керектүү органдарга кайрылууга жардам беребиз.

Москва: өз укугун коргогон өжөр кыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG