Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Сарыгул: Мекенге мигранттын инвестициясы керек


“Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул

“Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул

“Журтташтардын" бул жолку каарманы “Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул.

Айбек Сарыгул Кыргызстан менен Түркия ортосундагы келишимдин негизинде билим алуу үчүн кеткен алгачкы студенттердин бири. Эгемендиктин алгачкы жылдары, 1992-жылы чет жактан билим алууга бел байлаган биздин маектеш учурда Түркиядан орун-очок алып, очор-бачар болуп калган чагы.

- Ошол убакта бизге стипендия да каралган болчу. Бирок түрк лирасы менен төлөнгөндүктөн инфляция, девальвация болуп кетип биздин алган акча башында 150 доллар болсо, кийин 20-30 долларга түшүп калды. Бир-эки жылдан кийин балдардын көбү бош убактыбызда, окуудан сырткары иштеп баштадык. Кийин үй-бүлөлүү болуп, 1996-жылы тун кызыбыз төрөлдү. Ошондон кийин окууну таштап, жумушка толук өтүүгө туура келди. Мен университетти бүтүрө алган жокмун. 1997-жылдан тартып логистика тармагында, Түркиянын товарларын Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Украинага ташып иштей баштадым.

“Биз мамлекетке карызбыз” деген Айбек мырза,“мен өлкө үчүн эмне кылып атам, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн кандай салым кошо алам” деген маселенин үстүнөн көбүрөөк ойлонот экен.

- Эгер Кыргызстан менен Түркия келишимге кол койбосо, биз бул жакка келбесек, азыркы жашыбызда ушундай барчылыкка жетмек эмеспиз. Ошондуктан биз мамлекетибизге карызбыз. Азыр биз мектепте 11-класска чейин окутту, анан өзүбүзчө кеттик деп ойлоп атабыз. Бирок биз ошол берген билимине, таалим-тарбиясына, коомго карызыбыз бар. Ошону төлөп бүтүшүбүз керек.

Айбек Сарыгул экс президент Роза Отунбаева менен

Айбек Сарыгул экс президент Роза Отунбаева менен

Айбек Сарыгул алты жылдан бери “Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коомун жетектеп келатат. Ошонун аркасы менен чет жактагы, өзгөчө Түркиядагы кыргызстандык мекендештердин башын бириктирип, эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө салым кошуу, маданий, экономикалык иш-чараларды өткөрүүгө аракет жасап, жалпы эле коомдук иштерге көбүрөөк аралашууда. Андан сырткары Ысык-Көлдүн Тосор айылынан чыккан идиректүү балдар биригип, башка да айылга жардам берип туруу максатында өзүнчө коом түзүшкөн. Арасында чет өлкөдө, Кыргызстандын өзүндө ийгиликтүү иштегендер бар.

- Айылга жардамдар коом аркылуу берилсе, сиңимдүү болот экен деген ойдо болуп атабыз. Анткени жалгыздан келип жардам берсек, муну Айбек кылган, муну Тыныбек кылган деп көп маани берилбейт, бааланбайт экен. Ал эми айылдын балдары жасаса, биздин балдар жасаган деп жергиликтүүлөр да башкача, өздөрүнүкүндөй кабыл алышат.

“Бөтөн элдин султаны болгончо, өз элиңдин ултаны бол” деген кыргыздын сөзү бар. Айбек Сарыгулов да мекендин, туулган жердин баасын алыста жүргөндө көбүрөөк билип, барктап калат экенсиң дейт. Киндик кан тамган жерге жардам берүү демилгелери да ушундай сагынычтан, кусалыктан улам пайда болгон өңдүү.

- Тышта жүрүп мекенди, айылды сагынганда бул сөздөрдүн туура экенин түшүнөт экенсиң. Жаш болосуң, көп нерсени билбейсиң. Бирок убакыт өткөн сайын чет жерде канчалык зоболоң көтөрүлүп, жакшы иштерди жасасаң да барк албасыңды түшүнөсүң. Мурда деле колдон келсе айылга жардам берсек деп ойлочубуз. Качан колдон келе баштаганда гана жардам бере баштайсың. Башында ирденсем дейсиң, ирденгенде коомдо өз ордумду тапсам деген ой пайда болот. Сыртта жүргөндө коомдо өз ордун табуу оор. Адам өз элине, өз жерине жардам бергиси келет. Экинчиден, кыргыздын эң негизги баалуулуктарынын бири - жерибизге болгон сый-урматыбыз. Кыргыздын сөөгү эч качан талаада калган эмес. Кандай болгон күндө да бир туугандары ата-бабалары жаткан жерге алып барып көмөт.

Айбек Сарыгул Түркиядагы иш чаралардын биринде

Айбек Сарыгул Түркиядагы иш чаралардын биринде

Кыргызда дагы бир салтка айланган, өзгөчө көрүнүш бар. Ал мектепти бүткөн соң 10, 20, 30 жылдан кийин кайра жолугуп, мугалимдерге белек-бечкек берүү, өздөрү көңүл ачып тойлоо. Бирок соңку учурда көп бүтүрүүчүлөр мектебине инвестиция салып, жыртыгын жамап, колдоо көрсөтүүдө. Айбек Сарыгулдун туулуп-өскөн Тосор айылында жардам берүүсү дагы дал ушул билим очогуна колдоо көрсөтүүдөн башталган. Ошол кезде Кытайда жашаган классташы Тыныбек Жукешов менен бирге керектүү буюмдарды: эмерек, доска, парта алып берип, тешилген полун жамап, жалпысынан 1 млн. сомдук жардам көрсөтүшкөн.

- 20 жылдыкка чогулардын алдында, даярдыктан мурда барып көрдүк. Ошондо мектептин өзүнө 20 жыл бою эч кандай жардам берилбегенин, бир да парта алынбаганын көрүп, парталарды жаңылап берели деген пикирге келдик. Азыр мектеп класстарынын көбү жаңыланып калды. Былтыр 5-класстыкын жаңылап бердик. Биздин демилгеден кийин жалгыз эле мугалимдерге ыраазылык айтып кетип калбай, мектепке инвестиция салуу салтка айланып калды. Азыр эми жардам берген балдардын балдары ошол мектептен билим алууда.

Учурда түйшөлткөн маселе катары элдин коомдук иштерге эмес, саясатка өтө көп аралашуусун атады.

- Эң түйшөлткөн маселе – азыр тили чыккан баладан баштап, төшөктө өлүм алдында жаткан абышкага чейин баары саясатты сүйлөп калыптыр. Коомдук ишмердүүлүк, коомдук аң-сезим деген жок. Баарыбыз эле кошунанын, көчөнүн, айылдын жашоосун кантип жакшыртуу керек деп ойлонгондун ордуна баары эле мамлекетти башкаруу керек, президент, депутат болуш керек деп калдык. Жөнөкөй, коомдук ой-пикирдин жоктугунан өнүгө албай жатабыз. Менден да “саясатка келесиңби?” деп сурашат. Мен колумдан келсе коомдук ишмердүүлүк менен кантип эл-жерге жардам берсе боло турганын көрсөтөт элем.

Жыл сайын кыргызстандык мигранттар жөнөткөн акча 1,5-2 млрд. доллардын тегерегин түзөт. Эми бул акчаларды натыйжалуу пайдалануу жолдорун чет жакта жүргөн мекендештер өздөрү да ойлонууда.

- Сыртта жүргөн мигранттар бир нерсени түшүндү десем болот. Алардын алды 20 жылдан ашуун убактан бери чет жакта жүрөт. Көрүнүп жаткан бир нерсе – биз мамлекетибизди акчаны жиберип гана оңдой албай турганыбызды билдик. Анткени тышта жүргөндөр канчалык көп каражат жөнөтпөсүн, өзү таппаган акчанын баркы көп билинбеген үчүн ысырапка, ашка-тойго, машинага, болор-болбос нерселерге короп кетип атат. Ошондуктан мигранттардын көбү муну кандай кылып жакшыраак нерсеге пайдалануу керек, башкача айтканда, табылган каражаттын баркын билдирип, жаңы өндүрүш болсо, жаңы нерсе ачылса деп ойлонуп жатышат. Мигранттар алгач барганда малайдай болуп эле иштейт да. Биз малай чыгарган же үйрөткөн өлкө эмеспиз да, биз өз келечегибизди жасашыбыз керек. Эгер биз мамлекетти оңдой албасак, биздин балдарыбыз, неберелерибиз да кетеби мигрант болуп? Ошону оңдош үчүн көп аракеттер болуп атат. Ошон үчүн сыртта жүргөн мекендештер муну көбүрөөк ойлонушу керек. Азыр балыкчыга балык кармап бербей, балык кармоону үйрөткөн заман.

Айбек Сарыгул башында турган “Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коому бир катар маданий иш-чараларды, кыргыз-түрк экономикалык форумдарын өткөрүп, Кыргызстанга инвестиция тартууга да салым кошуп келатат.

- Инвесторлорду алып келерден мурда бизге кандай инвестиция керек дегенди ойлонушубуз керек. Былтыр Кыргызстанда 111 миң машина алыныптыр, бул деген 1 млрд. доллар. Анын бир жылда жаккан майы болуп жылына 2 млрд. доллар каражатты тышка чачып атабыз. Ал эми тойканаларда канча акча кетип атат, карыздап той өткөрүп жатабыз. Биз кичине мамлекетпиз, ысырапкорчулукту бир аз токтото алсак эле сырттан инвестициянын кереги жок.

Ал эми мамлекет мигранттарга канчалык көңүл бурууда, алардын сырттан алган тажрыйбасын, билимин колдонуп жатабы? Бул боюнча Айбек мырза мындай деди:

- Биз кеч калдык. Биздин мамлекеттин жетекчилери, саясатчылары мурда мигрант, убактылуу көчүп кеткен деп жүрсө кийин тышта жүргөн балдарыбыз, мекендештерибиз бар экен, көрсө алар диаспора болуптур, ошол жакта отурукташып кала турган болуптур деп 20 жылдан кийин гана ойлонуп атат. Көбү үй-бүлөлөрүн алып кеткен, ошол жактын жарандыгын алган. Акырындап алардын бул жакка жиберген материалдык, моралдык жардамы азая баштайт. Ошондуктан аларды көбүрөөк тартуу үчүн мамлекет да колдон келген аракетин кылып атат. Мисалы, азыр курулуш тармагы өстү. Аны ким салып атат десеңиз ошол эле сырттан иштеп келген мекендештер болууда. Биздин жарандардан келе турган инвестиция башка чет элдик инвестордон көбүрөөк жана пайдалуу. Анткени сырттан келгендер белгилүү убакка чейин пайдасын табат анан чыгып кетет. Бизге узак мөөнөттүү инвестор керек. Кыргыздан башка, кыргыздын байлыгынан башка мындай инвестор жок деп ойлойм. Биз абдан шашма элбиз, байысак эртең эле байып кетишибиз керек, үч-төрт жылда эле демократияны куруп алгыбыз келет. Эгемендик тарыхыбыз 24 жыл, бул анчалык деле көп убакыт эмес. Дагы убакыт керек... Кыргызстан өнүгөт деп эсептейм, эгер андай деп ойлобосок, эмнеге жашап жүрөбүз?!..

Материал "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун Мекендештер форуму долбоорунун алкагында даярдалды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG