Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Кыргызстан жарандардын укуктарын, мамлекеттин кызыкчылыгын коргой турган миграция саясатынын долбоорун даярдоого киришти. Буга Бажы биримдигине кирүү демилгеси да түрткү болууда.

Адистер постсоветтик өлкөлөрдүн катарында Кыргызстанда миграциялык агым 90-жылдардын этегине салыштырмалуу кыйла турукташып калганын белгилешүүдө.

Ошол эле мезгилде мигранттардын укук-милдеттерине байланышкан проблемалар көбөйүүнүн үстүндө. Айрыкча Орусиядагы жаңы миграция саясатынан улам кыргызстандык жүздөгөн мигранттар аргасыз мекенине кайтууда.

Эки тараптуу келишимдерге жана өз мыйзамдарына таянган расмий Орусия азыр барган жерине үч күн ичинде катталбаган, визасыз жүргөнүнө токсон күндөн ашып кеткен, ишке уруксат кагаз албаган, жасалма документ колдонгон ар бир чет элдикти аёосуз чыгарып турган кези. Бул аралыкта мигранттар арасында Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин кандай болот деген сарсанаа да күч.

Кыргызстан болсо башка өлкөлөрдүн мигранттарына караганда кыргызстандыктарга Орусия жылуу мамиле жасайт деп өзүн сооротуп, бирок өз жарандарынын жүгүн жеңилдетүүгө реалдуу кол кабыш кылууга чамасы жеткен жери жок. Жергиликтүү эксперттер миграция саясатынын жоктугу ушундай жагдайды түзүп жатканын айтышат.

“Борбор Азия кыймылда” жарандык өнөктөштөр тобунун башчысы Светлана Баштовенко мамлекет кам көрмөйүнчө мигранттар кыйынчылыктан кутула алышпайт дейт:

- Расмий квоталар болушу керек. Башка өлкөлөргө кетип аткан кишинин даярдыгы болушу керек, барган жагында иши, эмгек маянасы, жашаар жери бар экенине, өзүнүн коопсуздугу камсыздалганына ишеними болушу керек.

Светлана Баштовенко - миграциялык саясатты калыптоо боюнча президенттин алдында жаңы түзүлгөн жумушчу топтун мүчөсү. Бул топ азыр миграция саясаты боюнча документ даярдап жатат. Болжолдуу маалыматтарга караганда долбоордун алгачкы варианты март айынын ичинде жалпы коомчулуктун, анын ичинде мигранттардын талкуусуна коюлушу ыктымал.

Сахалиндеги кыргыз мигранттар

Сахалиндеги кыргыз мигранттар

Анткен менен жумушчу топтун жетекчиси, мурдагы миграция министри Айгүл Рыскулова документ мигранттарга чет жерде иш таап берүү эле эмес, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо максатын кошо көздөөрүн белгилеп, тез бүтүрүү максат эместигин айтканы бар. Светлана Баштовенконун пикиринде, Кыргызстандын башкы максаты өзүндө иш орундарын көбөйтүп, ал аркылуу адам ресурстарын колдон чыгарбай кармап калуу:

- Эмгек миграциясынын Кыргызстан үчүн оң да, терс да жактары бар. Мисалы, ички дүң продукция аткарылып жатат, туугандар жакшы жашап калышты. Бирок өлкөдөн бүт элдин кетип калуу коркунучу жаралып атпайбы. Мына, Бажы биримдигине кирсек дагы эки миллион киши чыгып кетебиз деши мүмкүн деп болжоп жатабыз.

Адистин айтымында, Орусия азыр бош жаткан аймактардын бирине мигранттарды бир кылка, жапырт жайгаштыруу сунуштарын берип жатат. Бул өңдүү долбоорлор ишке ашса, Кыргызстан сыяктуу эмгек мигранттары көп өлкө эмес, Орусия утат дейт адис.

Президент Алмазбек Атамбаев 16-декабрдагы маалымат жыйынында кара жумушту Кыргызстандын өзүнөн тапса болорун айтып, жарандарды чет өлкөгө чыкпай эле коюуга чакырды:

- “Башка жерде султан болгуча өз элиңде ултан бол” деп, колдон келишинче бир жактан бирдеме издебей эле биздин балдар биякта эле калса. Башка жакка барса чоң кызматка же окууга эле барса. Мен биздин жарандардан ушинтип суранат элем.

Ошентип, расмий Бишкек жакынкы келечекте ири ишканалар менен курулуштар ишке киришип, миңдеген жумуш орундары пайда болот деп ишендирүүдө. Кыргыз бийлиги минтип ишке жарамдуу курактагыларды кармап калуу кызыкчылыгын билдирип турганы менен, реалдуулук башканы айтууда.

Жазгы-күзгү жумуштарды эсепке албаганда караламан көпчүлүк өз үй, өлөң төшөгүндө тың жашаганга жеткидей, ырааттуу тыйын табарына ишенбейт. Четте кара жумуштан тапкан акчага бүгүн мигрант кара жанын эле бакпай, үй-бүлөнүн кем-карчын толтуруп, ал аркылуу мамлекеттин жүгүн жеңилдетип отурат. Ошондуктан, тышка кетип жаткан каруу-күчү бар кыргызстандыктардын жакында аягы суюлаары да күмөн.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, азыр Орусияда 300-500 миң, Казакстанда 100 миң, алыскы чет өлкөлөрдө 30 миң чамалуу кыргызстандык иштеп, жашап жүрөт. Кеткендердин ичинен тыңып, өз мекенинен маянасы канааттандырарлык иш таап, кайра биротоло кайткандардын саны азырынча көбөйө элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG