Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:52

Кайрылмандардын кубанычы жана түйшүгү


Чүйдүн Жаңы-Жер айылынын тургундары. Бул айылда Тажикстандан көчүп келген кыргыздар көп.

Чүйдүн Жаңы-Жер айылынын тургундары. Бул айылда Тажикстандан көчүп келген кыргыздар көп.

Кыргызстанда Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун иликтөөсү тарыхый мекенине келген этникалык кыргыздардын коомго аралашуусу ортодон төмөн турарын жана эл арасында жектөө бар экенин көрсөттү.

Ошол эле кезде андай деле пайдасы деле жок деген жүйө менен “кайрылман” макамын жоюу да сунушталып жатат.

Очор-бачар Жусуп Жанжигитов

Жусуп Жанжигитов 1995-жылы Өзбекстандын Ташкен облусунан жубайын, беш уулун жетелеп Кыргызстанды көздөй баса берген экен. Ал азыр бала-чакасы менен Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Мраморное айылында турат жана кыйла ирденип, очор-бачар болуп калган.

- Кыргыз бололу, балдарыбыз ал жакта өзбек болуп кетпесин деп эле келгенбиз. Балдарым дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенет. Беш уулумду тең үйлөдүм, беш келиним, 14 неберем бар. Бир уулум Сауд Арабияда окуйт. Келгениме 20 жыл болду. Бул жакка келгенде кыйналган жокпуз. Ташкен облусунда жашап жүргөндө дыйканчылык кылат элек. Бул жакка келгени кыйналганыбыз жок, келген жылы эле үй сатып алып, жашап калдык.

Өзү тажик, жолдошу кыргыз

Мраморное айылында 460тай түтүндүн 30 чактысын Өзбекстандын Ташкен облусунан келгендер түзөт. Айыл-апа аларды “ташкентскийлер” деп тергешет экен. Бул айылда Тажикстандан келген кыргыздар да бар. Аларды бири тажик кызы Ибодат Сардарова күйөөсү, беш баласы жана 12 үй-бүлөдөн турган кайын-журту менен Кыргызстанга келген:

- Жолдошум кыргыз, өзүм тажик кызымын. Тажикстанда чыр чыкканда жолдошум кетебиз, бизди бул жакта кыйнап коюшат деген. Анан кайын-журтум болуп, беш баламды жетелеп алып келгенбиз. Келгенде батирде жашадык, жумуш жок, дароо тандыр жасап, беш жыл нан саттык. Ошону менен оокат кылдык, өкүнгөн да, кыйналган да жокпуз. Азыр эми дыйканчылык кылабыз, жүгөрү, капуста айдайбыз. Мал кармайбыз, бука, саан уй багабыз. Ошентип оокат кылып жатабыз. Эч ким бизге тийишпейт, эч ким бизди тажик дебейт. Балдарымдын жоро-жолдоштору үйгө келип турат, балдарым да алардыкына барып турат. Тойлордо, жамандык-жакшылыкта катташабыз. Азыр паспортубуз кыргыз, эми каякка барабыз. Тажикстанга төркүндөрүмө барганда чек арадан оңой менен мени өткөрбөйт. Эмнеге мени кыйнайсыңар десем, башыңа кандай таш түшүп кыргыз айылына кетип калдың деп, кайра тамашалашат. Бул жакка келгенде кичүү балам беш жашта эле.

Этникалык кыргыздар көбүнчө документ алууда кыйналышат

Этникалык кыргыздар көбүнчө документ алууда кыйналышат

Гүлкайыр Ниязова - Аламүдүн районундагы Ала-арча айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу. Анын айтымында, Мраморное айылын негизинен ички мигранттар байырлайт. Ошондуктан бөлүнүү, бири-бирин кодулоо көрүнүшү жокко эсе:

- Аз-аздан бир туугандарына каралашып, же бул жак жакшы деп угуп, алардын көчүп келген инилери, туугандары дагы деле бар. Бирок массалык көчүп келүү 1998-2000-жылдарга туура келет. Биздин айылда негизи ички бөлүнүү жок. Сырттан эле келгендер эмес, ички мигранттар да нарындык, оштук, көлдүк деп бөлүнүшпөйт. Элибиз абдан ынтымактуу. Ушуга байланыштуу Ташкенден көчүп келгендер деле дароо эле камыр-жумур болуп, илгертен бери чогуу жашап келаткандай болуп катышып кетти. Жамаат болуп айыл ортосунда жакшы ынтымак бар.

Кайрылмандарды иликтөөнүн жыйынтыгы

Бирок этникалык кыргыздар жашаган бардык эле жерде абал Мраморное айылындагыдай эмес. Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту Кыргызстандагы кайрылмандардын абалын иликтеп чыкты. Иликтөөгө катышкан эксперт Алтын Капалованын билдиришинче, анда этникалык кыргыздардын коомго аралашуусу ортодон төмөн экени, коомдо аларды кодулоо, жектөө көрүнүшү бардыгы аныкталды:

- Иликтөөдө бир катар көйгөйлөр аныкталды. Аларда документ алууда тоскоолдуктар болот. Эң негизгиси жергиликтүү калк менен аралашып, интеграция болууда чоң оорчулуктар бар экен. Негизи мамлекет тарабынан деле иштер жүргүзүлүүдө. Бирок жергиликтүү деңгээлде атайын кайрылмандардын коомго аралашуусу үчүн керектүү иштер жасалбай калат. Балким кагазда бардыгы жазылуудур, борбордук бийлик аракет кылып жаткандыр. Бирок ал чечимдер жер-жерлерге жетпейт. Мындан улам аракеттен майнап чыкпай калып жаткандай.

Мындан эки жыл мурун Кыргызстан элинин ассамблеясынын алдында Этникалык кыргыздар ассоциациясы деп аталган коомдук бирикме түзүлгөн. Бирикменин башчысы Музаффар Абдуллаев кайрылмандардын көйгөйлүү маселелери көп экенин бышыктады:

- Биздин уюм түзүлгөндөн бери абдан көп кайрылуулар болуп жатат. Этникалык кыргыздардын жалпы саны бар, бирок алар кимдер, кайсы айылдарда турушат деген эсеп-кысабы жок. Биз эң ириде жергиликтүү бийлик менен баарын каттоого алып жатабыз. Бизде негизинен паспортту өз убагында алуу маселе жаратууда. Документ тапшыргандан баштап текшерүү органдарына жеткиче созулуп кетип, көп убакыт алып коюп жатат.

Тажикстандагы кыргыздар

Тажикстандагы кыргыздар

Өкмөткө караштуу Миграция кызматынын өкүлү Майрамбек Бейшенов этникалык кыргыздарды коомго аралаштыруу боюнча иштер жетиштүү жасалып жатат деп эсептейт:

- Тажикстан, Өзбекстандан келгендер жаңы бир жайга отурукташып жатканда алгач чочулап, дароо эле коомго аралаша бербейт. Ушундай учурлар бар. Анан өздөрүндө да айрым бир маселелер бар. Алар, мисалы бул жакка келгенден кийин укуктарын билишет, ошол эле учурда милдеттери да бар экенин түшүнбөйт. Балдарын мектепке жөнөтпөй койгон, мектепти бүтүрбөй эле иштетип, кыздарын күйөөгө берип койгон учурлар бар. Биз алардан кабар алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Расмий маалымат боюнча, тарыхый мекенине кайткан этникалык кыргыздардын саны 42 миңге чукул жана алардын басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарында турат. Кайрылмандар тууралуу атайын мыйзам кабыл алынган, бийлик башчыларынын жардык-буйруктары чыккан, программалар жазылган. Бирок аларга каралашуу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнбөйт.

Соңку кездери Ооганстанда оор шартта жашаган кыргыздарды тарыхый мекенине көчүрүп келүү демилгеси маал-маалы менен көтөрүлүп жүрөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG