Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Өткөн жылдагы апрель, июнь окуяларынан кийин чет өлкөгө иштегени кетип, кулчулуктун курмандыгы болгон кыргызстандыктардын саны көбөйгөн. Бул тууралуу миграция маселелерине арналган Х эл аралык конференцияда айтылды.

“Көз карандысыз Кыргызстандагы миграциялык процесстер: 20 жылдык тажрыйба” деп аталган иш-чарада Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки миграциянын абалы жана мигранттардын көйгөйлөрү талкууга алынууда.

“Замандаш” ассоциациясынын менеджери Бакытбек Жумагулов Кыргызстан эгемендикти алгандан бери адам аткезчилиги маселеси оор көйгөйгө айланганын белгилөөдө.

Жумагуловдун айтымында, өткөн жылдагы 7-апрель жана июнь окуяларынан кийин да адам сатуунун курмандыгына айлангандар саны кыйла өскөнү байкалган.

Маселен, аталган ассоциация 2010-жылы Орусияда адам сатуунун курмандыгы болгон ондон ашуун адамды Кыргызстанга алып келсе, быйыл алардын саны жүзгө чукулдаган.

- Быйыл 80ге жакын адамга жардам берилди.

Булар көбүнчө иштейм деп барып шылуундарга алданып калган, паспортторун алдырып алган, айлыктарын ала албай үйлөрүнө кайра кайтып келе албай жүргөн адамдар. Жыл башында Пермден 40тан ашуун Кыргызстан жарандарына жана Хабаровсктан 30дан ашуун, Владивостоктон 10дон ашуун жарандардын өз мекенине кайтуусуна жардамдаштык.


Бардар жашоону эңсеп...

Эл аралык эксперттердин айтымында, мыйзамсыз миграциянын айынан кылмыштуу топтордун торуна түшүп, кулчулукка кабылып жаткан жарандарыбыз жүздөп саналат. Арасында кыз-келиндерди атайын сексуалдык кулчулук үчүн өздөрүнө билдирип да, билдирбей да саткан учурлар бар.

Мына ушундай жол менен Түркияга иштейм деп барып, сексуалдык кулчулукка кабылган Роза аттуу айым мурдарак "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүгө макул болгон эле. (Каармандын суранычы боюнча анын аты өзгөртүлдү).

Розаны Бишкекте иштеп жүргөн кезинде кошуна жашаган келин эки айдай көндүрүп, Түркияга жакшы жумушка орноштурам деп алып барып бейтааныш адамдардын колуна өткөрүп берген.

"Биз жашаган үйдүн маңдайындагы үйдө бизден улуурак, отуз жаштардагы аял турчу. Биз менен жакшы мамиледе болуп, майрамдарда чогуу отуруп калчубуз. Бизге Түркияга барып, ошол дүкөнгө сатуучу болуп иштөөнү сунуш кылып калды...

Ал эже мага эки айдай айтып жүрдү. Ошентип акчасына азгырылып, макул болдум. Менин документтеримди деле өзү бүтүрөм деди. Ошентип Түркияга кеттим.

Биз караңгыда бардык. Мени алып барган Назира эже бир кеңсеге алып барып, "сүйлөшүп чыга койоюн", - деди. Анда деле эч жаман ойлогон жокмун. Ал мага келишим түзүп чыгаарын айтып, мени бирөө менен тааныштырды.

Камал деген түрк киши экен. Экөө бирдемелерди сүйлөштү. Мага кагаз беришти, "кол кой" деп. "Сен сатуучу болуп орношуп атасың, товарлар жоголбойт деп кол коюп беришиң керек”, - дешти. Мен кол коюп бердим.

Анан Назира эже: "паспортуңду бер, мен каттоодон өткөрүп келейин, болбосо милициялар көрүп калса депортация кылып жиберет", - деди. Ошентип паспортумду алып коюшту. Анан Назира эже кеткенден кийин эле эки бала кирди, колу-бутумду байлап, көзүмдү таңып, үнүңдү чыгарсаң өлтүрөбүз дешти. Алар бир үйгө алып барышты. Бир жолу качам десем Түркияда аябай сабашты, иттерин алып келип коркутушту".


Түркиядагы Кыргызстан маданият жана достук коомунун өкүлү Данияр Аматов жакшы жашоону көрсөткөн кинолордон таасир алып, көп кыздар торго өздөрү илинүүдө деп эсептейт. Ал мамлекет да чет өлкөгө чыгып аткан жарандардын максатын, алар кетип аткан өлкөдө иши бар-жогун текшерсе дейт. Ошондой эле ата-энелерди кыздарын сыртка чыгууда жакшылап ойлонуусун эскертет.

- Жакшы жашоо, бай жашоо тууралуу тасмаларды көрүп алып чет өлкөгө чыксам эле байым дегендей идеалисттик ойлоруна ал жакта жептей калат. Ал жерде ою башкача чыгып, туура эмес жолго, туура эмес кишилерге жолугуп калганга өздөрү күнөөлүү деп ойлойм.

Экинчиден, мамлекеттин ушул маселеге көңүл бурбаганы өкүнүчтүү. Анткени “Түштүк Кореяга, Түркияга кыздар керек” деген жарыялар турат. Ал жерде аларды эч ким күткөн жок. Алар барары менен эле дарыгер, банкир же менеджер кылып эч ким албайт.


Адам саткандар корккудай мыйзам керек

АКШнын Мамлекеттик департаментинин быйылкы баяндамасына ылайык, дүйнө жүзүндө 27 миллион эркек, аял жана бала кулчулуктун ар кыл формасынан жабыр тартат. Документке ылайык, Кыргызстандын 60 000 жараны өлкө ичинде да, сыртында да адам сатуунун курмандыктары болгон.

Кыргызстан эмгек, жумуштуулук жана миграция министри Алмаз Абытов адам сатууга катышты деген адамдардын жазасын күчтөндүрүү зарылдыгын белгилейт.

- Мисалы, кимде ким адам сатууга тиешеси болсо, ал оор жаза кылмышына тартылыш керек. Ушул нормаларды киргизгенбиз. Буга чейин 3 жылдан 8 жылга чейин болчу. Бирок 3 жылдык норма деген оор кылмышка кирбейт экен. Ошондуктан 5 жылдан 8 жылга деп өзгөрттүк.

Бул кылмыш аябай латенттик, жашыруун түрдө өтөт. Мисалы, Американын Мамлекеттик департаментинин отчетуна караганда, ушул багытта 32 миллиард доллар акча жүгүртүүдө жүрөт экен. Ошондуктан бул ишке барардын алдында бардык адамдар корко тургандай иш-чараларды кабыл алышыбыз керек. 2010-жылы 500 адам кайрылган. Ал эми Жаза кодекси боюнча адам сатуу факты менен былтыр 13 кылмыш иши козголгон.


Миграция маселелерине арналган Х эл аралык конференцияда Бажы биримдигинин Борбор Азиядагы миграция агымына тийгизген таасири жөнүндө да кеп болмокчу.

Конференцияга Кыргызстандын Орусиядагы, Казакстандагы жана башка чет өлкөлөрдөгү диаспораларынын, эл аралык жана коомдук уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрү катышууда. Иш-чара 23-июль күнү Ысык-Көлдө уланмакчы.
XS
SM
MD
LG