Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” аттуу тегерек үстөл талкуусунун кезектеги чыгарылышы мигранттардын коопсуздугу, алардын укугун коргоодо кыргыз бийлигинин аракеттерине арналды.

Талкууга “Замандаш” партиясынын лидери Муктар Өмүракунов, Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын башчысы Айдит Эркин, “Ак шумкар кут” жаштар кыймылынын мүчөсү Анвар Боронбаев жана Москвадан “Ала-Тоо” коомунун төрайымы Жамийла Бегиева катышты.

“Азаттык”: Сиздерге маалым, “Спартак” футбол клубунун тарапкери Егор Свиридовдун өлтүрүлүшүнөн келип чыккан 11-декабрдагы Москвадагы улуттар аралык жаңжал Орусияда иштеп жаткан мигранттар, анын ичинде кыргызстандык мигранттар үчүн да кооптуу жагдайды түздү. Жакында бир мекендешти өлтүрүп кетишти, дагы бири оор жараат алды. Мындай жагдайда Кыргызстандан кандай реакция болушу мүмкүн деген суроо туулат.

Айдит Эркин: Алишер Шамшиев 1970-жылкы Ноокат районунун тургуну, курулушта иштечү. Аны 15тей киши сабап, бирөө бычак менен сайган. Бул окуя 13-декабрга караган түнү болду. Шамшиевдин сөөгү Кыргызстанга келген. Сөөгүн жиберүүгө биздин элчилик жардам берип, “Эдем” деген ритуалдык агенттиктен жеңилдик алып жибергенбиз.

Алишер Шамшиевдин жакындары. 16-декабрь, 2010-жыл
Документ чогултканда, 30-июнь 2007-жылкы өкмөттүн токтому бар, ошондо эгер эмгек мигранты ушундай болуп келсе, Эмгек жана миграция министрлигинде комиссия бар, ошолор документтерин чогултуп, сөөк жеткириш үчүн компенсация төлөп берет делген.

Ушул факт боюнча иш козголгон. Сегиз киши кармалган. Сегизинин жетөө өспүрүмдөр экен, бирөө эле бойго жеткен экен. Бычак сайган бала да өспүрүм экен. Ушул ишти азыр Москва шаарынын ички иштер департаментинин башчысы Владимир Колокольцев көзөмөлдөп атат. Биздин элчилик да көзөмөлдө кармап атат. Андан башка Байзаков деген биздин жаран көчө шыпыруучу, аны пневматикалык мылтыктан атышкан.

“Азаттык”: Байзаковдун аты-жөнү такталбай атат деди. Ал качан такталды?



“Азаттык”: Албетте Тышкы иштер министрилиги, башкача айтканда Кыргыз мамлекети тарабынан фактыларга байланыштуу көрүлгөн камылгалар, камкордуктар экен. Бирок жагдай турукташып калат дегендей түшүндүрбөйт го бул. Азыр ушул кезде жагдай кандай болуп атты экен? Жамийла айым, жагдай ал жерде азыр кандай, дегеле Орусиянын күч кызматкерлери, бийлиги мигранттардын коопсуздугуна кандай мамиле жасап атышат?

Жамийла Бегиева: 22-декабрда саат 12де Колокольцев Владимир Александрович 2010-жылдык отчетун берди, 500дөй киши катышты. Ал жыйында негизинен Москвадагы кылмыштуулук, милициянын иши жөнүндө талкуулар болду, албетте акыркы улуттук кагылышуулар жөнүндө да сөз болду.

Ал жерде Москванын коомчулугу, башка диаспоранын өкүлдөрү келишти, Кыргызстандын диаспорасынын өкүлдөрүнөн мен катыштым. Ага чейин эле Москванын өкмөтүнүн алдында жыйын болгон. Анда да талкуулаганбыз. Ал жерде да улуттар саясатына мыйзамга кандай сунуштарыңар бар дегенде, мен “улуттар аралык жаңжалдан өлтүрүлгөндө, жабыр тарткандарга, үй-бүлөсү багуусуз калгандарга компенсация” деп сурагам. Ошол мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча. Кечээ да ошол суроону бердим.

Москва шаарында Ички иштер башкармалыгынын алдында коомдук кеңеш деген бар, 45 кишиден турган. Ошол жерге келип, талкуулап, ошону чечели дедик. Киийн жооп беришти, "жаңы жылга чейин ушуну чечкенге аракет кылабыз, кабарлайбыз" деп өздөрү айтышкан.

“Азаттык”: Азыр ал жерде кырдаал кандай, кооптонуу дагы эле сакталып атабы, же жай турмуш башталып калдыбы?

Жамийла Бегиева: Дагы эле сакталып турат. Себеби кечээ күнү интернеттерге чыкты, 22-23-декабрда электричкада кагылышуулар болушу мүмкүн деген эскертүү. Же ал чагымбы, же анда кандайыр бир нерсе барбы, биз биле албайт экенбиз. Жаңы жылдын алдында биз мекендештерге эскертип, кеч жүрбөгүлө, этият болгула деп маектешип атабыз.

Ар кандай чечмеленген сөз

“Азаттык”: Кандай дейсиздер, миңдеген мигранттар жүргөн Орусиянын аймагында кооптуу жагдай түзүлүп турган шартта Кыргызстан өзүнүн жарандарын, мигранттарын коргоо үчүн кандай аракеттерди көрүш керек жана эмне көрүлбөй жатат?

Муктар Өмүракунов: Чындыгында ар кандай иш сапар менен мен Москвада, Орусиянын чоң-чоң шаарларында көп болом, “Замандаш” ассоциациясынын иши мигранттар менен байланыштуу. Москвадагы болгон окуя кокустан болуп калган иш эмес. “Спартак” спорт клубунун күйөрмандарынын чогулган жыйынынан пайдаланып, улутчул күчтөр чоң провокация кылды. Мындан эки жыл мурда билесиздер, биздин бир топ жарандар киши колдуу болгон. Ошол эле күчтөр азыр кайра баш көтөрүп атат. Мунун артында улутчул саясатчылар турат.

“Азаттык”: Ушул жерден бир суроо бергим келип атат. Өзүңүздөргө маалым, 21-декабрда Орусия өкмөт башчысы Владимир Путин футбол күйөрмандары менен жолугушту. Ал жерде Свиридовдун көрүстөнүнө гүл коюлду. Жолугушууда сүйлөгөн сөзү азыр ушул тапта дүйнөлүк маалымат каражаттарында, Кыргызстанда, Орусия маалымат каражаттарында ар башкача чечмеленип жатат. Ушуга байланыштуу биз азыр сиздерге Путиндин сөзүнөн үзүндү келтирели деп турабыз.



“Азаттык”: Путиндин сөзүндө ушул өңдүү пикирлер, жериндеги Орусиядагы, анын ичиндеги Москвадагы улутчулдарды шерденткен жокпу?

Муктар Өмүракунов: Албетте ар бир сөздү сүйлөгөндө ар ким өзүнө ылайыктуу кылып түшүнөт эмеспи. Улутчулдар дагы мүмкүн мындан дем алып, “биз туура кылып жатабыз” дегендей ой болушу мүмкүн.

Бирок объективдүү карап көрсөк, чындыгында Москва шаарында мигранттар өтө эле көп. Азыр шаар ичинде унаа менен жүрүү мүмкүн эмес. Эртең менен, кечкисин жумушка барып-келүүдө метродо бир сааттан адамдын кезеги болот. Бул мигранттардын өтө көптүгү. Ошол эле учурда Кыргызстандан барган мигранттар, апрель, июнь окуяларынан кийин миграция 2-3 эсеге чейин көбөйдү. Москвага барып ишсиз жүргөн биздин мигранттар өтө көп. Бул чындыгында жергиликтүү элдин кыжырдануусун көбөйтүп атат. Аны моюнга алышыбыз керек.

Миграциянын көбөйгөнү албетте бул биздеги жумушсуздук, экинчиден, саясий кырдаал. Биздин жаштар өзүнүн келечегин Кыргызстан менен дээрлик байланыштырбай калды, көздөрү жетпей калды. Ошонун артынан миграция абдан күчөп жатат.

Айдит Эркин: Муктар агай айткандай, ким кандай кааласа ошондой түшүнөт. Путиндин сөзүн алып келгенде, сиздер контексттен сууруп койдуңар. Биз да ал кезигүүнү көргөнбүз. Ал Спорт, туризм, жаштар саясаты боюнча министр Мутко мырза менен жана фанаттар менен кезиккен. Ошондо премьер-министр Путин мырза "мен азыр Улуу Ата мекендик согушта өлгөн жарандардын эстелигинен келдим. Биз ошол согушта уттук, себеби улуттун баары бириккенбиз. Мен да кээде стадиондордо болом, кээде улутчул лозунгдарды көрөм. Бирок көп улутчулдук – биздин күч" деген.

“Азаттык”: Каттоо жөнүндө өзүнчө түшүнүк да, регистрация кайра жүргүзө турган шарт түзүлүп калышы мүмкүнбү, кандай дейсиз?

Айдит Эркин: Биз ага кирише албайбыз. Эгерде алар регистрация киргизүүнү туура көрсө, ошондой болот.

“Азаттык”: Путиндин сөзүнөн сиз эмнени түшүндүңүз?

Айдит Эркин: Бул жерде чындыгында Муктар байке айткандай, мегаполис абдан көп мигранттар, кылмыш жасоонун деңгээли чоң. Ошону кичирейтиш керек. Экинчиден, ызы-чууларга жол бербеш керек. Ошон үчүн айтпадыбы “биздин күчүбүз көп улутта” деп.

Муктар Өмүракунов: Биринчиден, Путиндин айтканы боюнча, менимче, бул окуя каттоону кайрадан татаалдаштырууга түрткү болот. Бул мүмкүнчүлүктү Орусиянын өкмөтү пайдаланат деп ойлойм. Орусия негизинен сырттан келген мигранттарсыз экономикасы өнүкпөйт. Булар муктаж. Бирок ошону булар башка жакка багыттайт. Мисалы Сибирь, Орусиянын түндүк жактарына, жумушчу кол жетпеген жактарга мүмкүн регистрацияны жөнөкөйлөтүп, ал эми Москва, Санкт-Петербург сыяктуу шаарларда татаалдаштырат.

“Азаттык”: Анвар, Путиндин ошол жолугушуусу, күйөрмандын көрүстөнүнө барып гүл коюштун өзү улутчуларды шердентти деген да пикирлер айтылып кетти. Сиз ушуга кошуласызбы? Чын эле ушул улутчуларды жана бийлик өзү башкаралбай турган топту шердентип коюшу мүмкүнбү?

Анвар Боронбаев: Премьер-министрдин мындай иш кылганы көпчүлүккө түшүнүксүз болуп калды. Анын ичинде бизге дагы. Анткени Орусия бул славяндардын эле эмес, бир топ Кавказ, түрк тилдүү элдерден турган көп улуттуу мамлекет. Ошон үчүн бул жерде Путиндин андай кылганы бул жактагы адамдар үчүн түшүнүксүз бойдон калды. Анан сөзүндөгү Конституцияны либералдаштыруу деген сөзү дагы бизге түшүнүксүз болуп турат.

Коомдук маанай өзгөрдү

“Азаттык”: Мигранттардын коопсуздугуна мамлекет кандай кам көрүп, колдоо, же камылгасын көрүш керек?



“Азаттык”: Тең ата сүйлөшүү үчүн кандай рычагдар керек?

Анвар Боронбаев: Мигранттар жыргаганынан кеткен жок. Бул жактагы жашоосу канааттандырбай, же айла жоктун айынан кетип атышат. Тең ата сүйлөшүүдө, биринчиден, биз мамлекетибизди күчтөндүрүшүбүз керек, улуттук идеологияны да түптөп алышыбыз керек.

“Азаттык”: Улуттук идеология деп атабыз, бул албетте өзүнчө тема болот. Бизде азыр байланышта Ырыскадыр Иманалиев деген Москвада иштеген мигрант бар. Ырыскадыр, сиз азыр кандай баа бересиз, мисалы Москвадагы жергиликтүү эмес улуттарга карата орусиялыктардын, улутчулардын мамилесине?

Ырыскадыр Иманалиев: Мына азыр Анвар айтып атпайбы, Орусия мамлекети менен тең ата сүйлөшүшүбүз керек деп. 2003-жылы, “Замандаш” ассоциациясы түзүлгөндөн баштап эле ушул суроо көтөрүлгөн. Бардыгы эле укуктарын коргойбуз деп башташкан.

Бул жерде экинчи жагы бар, Орусиянын президенти Медведев, премьер-министри Путин менен жолугуп алып, “укуктары тебеленип атат, тигиндей-мындай болуп атат” дешет. Ооба, алар команданы берет. Анан эмне үчүн биз иш издеп барып алып, анан дагы биздин укугубузду издешибиз керек экен. Биз укугубузду Бишкектен коргошубуз керек, ошол жактан мигранттар кетпеш керек. 100 кишиге суроо берсеңиз, ошондон 99у айтат, “мен эгерде 200-300 доллар алсам, Кыргызстанда эле жашамакмын” деп.

Улутчулдук маселелер боюнча, мурун го биз такырбаш-скинхед дечү элек, алар бир уюм эле, биздин билишибиз боюнча алдарды бирөө каржылачу эле. Азыр болсо ошолордун арасынан фанаттар, фанаттардын аркасынан жөнөкөй эле жергиликтүү элдин да кыжыры кайнап калды. “Эмне үчүн Кавказ улутундагы келип алып Москванын борборунда бири-бири менен атышып, өлтүрүшөт экен, мындай-тигиндей болот экен” деп алардын баары көтөрүлүп, ММКлар аябай апыртып жиберишти. Жөнөкөй элдин да кыжыры кайнап, “бул өздөрүнчө жашап кете берсин, биз өзүбүзчө тынч жашайбыз” деп атат. Бирок булар өтө жаңылышат.

“Азаттык”:
Орусиядагы улутчулдук маанайдын мынчалык резонанс жаратышынын өзүнө Орусиянын бийлиги өзүнүн кооптонуусун билдирди. Путиндин барып жолугушуусу, бийик деңгээлдеги билдирүүлөрдүн бардыгы кооптонуусунан кабар берип турат. Бирок ошол эле мезгилде Орусия бийлиги башкаралбай турган жаштардын агымы, тобу бар деп атышат. Бул өтө жаш, өспүрүм балдар деп атат. Ошол сыяктуу Кыргызстандын өзүндө бийлик көзөмөлдөй албай турган топтор түзүлүп, кандайдыр бир аракеттер жасалып кетпейби, бул эл аралдык жаңжалга айланып кетпейби? Бул боюнча Анвар жакшырак билер, “Ак шумкар кут” коомдук бирикмесинин өкүлү катары, жаштардын күрө тамырын кармап турган жаштар менен иштешип жаткан балдардын бири, азыр жаштардын маанайы кандай?

Анвар Боронбаев: Азыр жаштардын маанайы окуяга өтө берилип, кызуу кандуулукка алдырган жаштар деле байкалбайт. Себеби бул нерсенин түбү барып кайсы жакка такаларын көпчүлүгү билсе керек. Орусиянын премьер-министри В.В.Путиндин футбол клубдарынын фанаттары, лидерлери менен кезигүүсүндөгү сөздөрүнө баяндама берип кетсек. Ал жерде Путин мындай деп айтты, “биздин мамлекет көп улуттуу өлкө, 160тан ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Биз ушул мамлекетти жоготуп албайлы, дүйнөлүк коомчулукка дагы мамлекеттин имиджине доо кетет” дегендей сүйлөдү. Бул Орусиянын коомдук берүүлөрүнөн берилген кайрылуусу.

Муктар Өмүракунов: Бизде улутчулдар жок эмес. Бизде Орусиядагыдай өтө чектен ашкан скинхеддердей улутчулдар жок. Бирок биздин улутчулдар артынан сөзсүз нааразычылыктар болушу мүмкүн. Азыр Москвада болгон окуя бул мигранттарга караганда Орусиянын өзүнө чоң зыян, биринчиден. Анткени Орусияда 200гө жакын улут жашайт. Абдан көп улуттуу өлкө.

Ошол эле учурда биздин Кыргызстан үчүн да улутчулдук жакшы нерсе эмес. Менимче, бизге сабыр керек. Москвада болгон окуянын артынан ага эрегишип бизде улутчулдар баш көтөрбөгөнү туура болор эле.

“Азаттык”: Тышкы иштер министрлиги Шамшиевдин өлүмүнө байланыштуу нота жиберди. Мындан тышкары бийик деңгээлде талкууланып атканда Орусиянын өзүндө бир нече жолу кол салуулар болуп аткан кезде кыргызстандыктардын жалпы мигранттардын коопсуздугун сактоо максатында Тышкы иштер министрлиги дагы бир жолу орус өкмөтүнө кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар беле. Болсо, эмне үчүн кайрылбай жатат?

Айдин Эркин: Эгерде Россия Федерациянын өкмөтү такыр биздин кайрылууларга көңүл бурбай, күнөөлүүлөрдү кармабай, жоопко тартпаса, анда дагы чоң деңгээлде кайрылсак болмок. Бирок азыр Москванын милициянын башчысы өзү көзөмөлдөп атат. Биздин жаранга кол салгандардын баары кармалды. Колунан келгенин кылып атышат. Ошон үчүн эң чоң деңгээлде кайрылыштын азырынча зарылчылыгы жок деп ойлойм.

“Азаттык”: Муктар мырза, бүгүнкү күндө жалпы мигранттардын коопсуздугун камсыздоо максатында дагы бир бийик деңгээлде орус өкмөтүнө кайырлуу зарылчылыгы бар беле? Бул камырабастыкпы, же зарылчылыгы жокпу, Айдин мырза айткандай?

Муктар Өмүракунов: Менимче, сөзсүз кайрылуу болуш керек. Себеби бул маселени козгоп, буга көңүл бурбаса, мүмкүн азыркы убакта 5-6 кишини соттоп койгондон эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Качан талап күчөсө кийин алдын алуу боюнча көп иштерди жүргүзүш керек. Андан сырткары өзүбүз байкап атабыз, Орусияда жашаган орус туугандардан башка улуттар, ошолордун лидерлери, көрүнүктүү адамдар көп нааразычылыктарды билдирип атышат. Бул дагы мындан аркы улутчулдук агымдын уланбашына тоскоол кылганга чоң иш аракет деп эсептешибиз керек. Бул жерден биз да карап турбашыбыз керек. сөзсүз улутчулдукка улутчулдук менен жооп бербеш керек. Бирок бул маселени курч коюп, жогорку деңгээлде коюш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG