Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы Кыргызстандын түштүк аймагындагы тышкы миграциянын абалына арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Бөрүбай Жураев, Эмгек, калкты ишке жайгаштыруу жана миграция министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башкы адиси Салима Исмаилова, Москвадан телефон аркылуу “Кыргыз биримдиги” коомунун башчысы Абдыганы Шакиров катышты.

Кабарчыбыз Эрнис Нурматов Ош шаарынын айрым тургундарынын тышкы миграция боюнча пикирин чогултту:



“Азаттык”: Кыргызстанда миграция өтө талылуу маселелерден экендиги жалпыбызга маалым. Июнь окуясы бул маселени ого бетер тереңдешине алып барды деген маалыматтар азыр көп эле айтылып жүрөт. Жакында өлкөнүн түштүк аймагынан эле чет өлкөгө чыгып кеткен кыргызстандыктардын саны 38 миңге чамалап калды деген маалыматтар тарады. Салима айым, расмий маалыматтар боюнча сиздердин эсепте канча киши чет өлкөгө иш издеп кетти, анын себептерин эмне деп түшүндүрүп атышат?

Салима Исмаилова: Калктын миграциясын биз ар дайым эле терс мааниде түшүнбөстөн, оң жактарын да кошо ала жүрүшүбүз керек. Статистикага токтоло кетейин, мен жалгыз гана Ош облусун айтып атам, Ош шаары кошулбайт, өткөн жылы 80 миң адам биздин облустун аймагынан чыгып кеткен, анын ичинен 48 миңге жакыны Орусияда, 11 миңи Казакстанда, башка чет мамлекеттерге 1 жарым миңи, ал эми республиканын аймагынан башка региондоруна 19 миң киши кеткен. Ошентип быйылкы жылы 80 миң адам кеткен. Ошол 80 миң кишини 2009-жылга салыштырсак, тынч мезгилде деле 70 миң адам облустун аймагынан чыгып кеткен. Быйыл айырмасы 10 миң болуп атат.
Албетте Кыргызстанга кайтып баралы деген оюбуз биринчи орунда турат. Биринчиден, ал жакка барып кантип жашайбыз, эмне жумуш кылабыз деп ойлонот эмеспизби.


Ошол эле мезгилде 2010-жылы облустун аймагына 11 миң киши келип атат. 2009-жылы 14 миң киши келген. Эми Ош шаарына токтолсом, Оштогу миграциялык башкарманын тактаган маалыматы боюнча, 2010-жылы 16 миң киши сыртка чыгып, 600 киши кирген. Биздин Ош аэропортунан алган маалымат боюнча, 37 миң киши чыгып кетип, 31 миң киши кайра келди.

“Азаттык”: Ал жерди сиздер көзөмөлдөп турасыздар. Миграцияга көбүнчө кайсы улуттан кетип атышат, аялдар, же эркектер көппү, өзгөчө кайсы кесиптегилер кетип атышат, ушуну иргеп көрдүңүздөрбү?

Салима Исмаилова: Азырынча канча бала, канча аял кеткени тууралуу маалыматыбыз жок. Жалпы эл жакшы түшүнөт, миграцияга катышып, ары-бери жылган адамдар боюнча бизде каттоо жок. Себеби Орусия жана башка мамлекеттер менен виза аркылуу чыгып кетип аткан болсо, канча виза алганы менен эсептесек болот эле.

80 пайыз Ош облусунун айыл өкмөттөрүндө биздин бөлүмдөрдүн агенттери болгону миң сом айлыкка иштейт, ошолор квартал сайын кайсы айылдан, кимдин үй-бүлөсүнөн ким, кайда кетип атат, келип атат, кол менен эсептеп чогулткан тактообуз. Ал эми статистикалык маалымат буга такыр дал келбейт. Себеби аларда бир гана каттоодон расмий чыгып кеткен, же чыгып келгендерди алган.

“Азаттык”: Улуттук айырмачылыктар боюнча кандай?

Салима Исмаилова: Улуттук айырмачылыктар бирдей эле. Быйыл деле, былтыр деле кетип аткандардан кыргыздар көп. Ал түшүнүктүү, себеби калктын көп пайызын кыргыздар түзөт.

Ишсиздик узак сапарга түртөт

“Азаттык”: Ошол себептер жеке эле экономикалык жардылыкка байланыштуу деп көпчүлүк айтып келатышат. Чын эле ушуну экономикалык жардылыкка байласа болобу, же башка дагы себептер барбы? Улуттар ортосунда тирешүү дагы эле кала берип жатканын, башка улуттардын үй-жайын сатып кетип жатканын айтып атышат. Сиз Ошто жашаган тургун катары ушуга байкоо жүргүздүңүзбү, ушуга ишенсе болобу?
Жалпы эле Орусия, же борбордук региону Москва, же тегерегине келип иштеп, кайра кетип аткан кыргызстандыктардын саны июнь окуясынан мурда, же кийин экөөнүн айырмасы андай деле чоң эмес.


Бөрүбай Жураев: Акыркы жылдары Ошто жашап атам. Бул жерде иш жоктугунан көптөрү Орусияга, Казакстанга кетип жүрүшкөн. Быйыл көп соода түйүндөр, кичи бизнес, базарчылардын товары күйүп кеткенден кийин кетип аткан адамдардын саны көбөйдү. Расмий айтканда 10 миң жаран кетти деп атат карындашым, иш жүзүндө мындан да көп адам чыгып кеткен. Биздин билишибиз боюнча, Оштон 50 миңден ашык адам чыгып кетти, көпчүлүгү Орусияга кетти. Орусиянын Сахалининен тарта Ыраакы Чыгыш, Калининградга чейин кетишти.

Ош окуясынан кийин өзбек жаштарын ата-энелери иш барбы, же жокпу, ага карабай Орусияга жөнөтүп жиберишти. Бул жерден баргандарды ал жакта бирөө күтүп турбайт экен да. Ошондуктан декабрдан баштап айрымдар кайра кайтып келип атышат. Ошто 70-80 миң адам ишсиз жүрөт. Ошондуктан көпчүлүгү Орусияда жүрүшөт.

“Азаттык”: Сиз 50 миң киши Оштун өзүндө эле деп айтып атасыз. Улуттук өзгөчөлүккө байкоо жүргүзүп көрдүңүзбү, мисалы бейрасмий булактарга ылайык, көбүнчө өзбек улутундагылар кетип жатышат, буга улуттар ортосундагы карама-каршылык кайра күчөп кетеби деген коркунучтан улам, экинчи жагынан бийликке ишеним жоктугунан улам кетип жатышат деген пикирлерди айтып атышат, аны сиз деле угуп жүрсөңүз керек. Сизде ушундай байкоо барбы?

Бөрүбай Жураев: Эл аралык уюмдардын семинарларына катышып жүрөбүз. Өзбек улутундагылар басымдуулук кылган райондордогу тургундар менен аралашып жүрөбүз. Ушул жерде ата-энелер коркконунан балдарын Орусияга жөнөтүп атышат, 18-30 жаштагы балдардын көпчүлүгү Орусияга кетишти. Эң коркунучтуу нерсе болуп атат, булардын көпчүлүгү жарандык алып атат. Орусия үч айдын ичинде эле жарандык берип атат. Биздин жетекчилерибиз сыналгы, радиодон “чыгып кетпегиле, башка өлкөнүн жарандыгын албагыла, өзүбүз жашайбыз” дебей жатат. Ушундай факты өтө көп.

Коогалаң мамилелерге суу сепкен жок

“Азаттык”: Абдыганы мырза, көп жылдан бери Москвада жашап, “Кыргыз биримдиги” коомун жетектеп келаткан экенсиз. Кыргызстандан барган мигранттарын салыштыра аласызбы, мисалы июнь окуясына чейинки, анан июнь окуясынан кийин көбөйдү деген маалыматтын канчалык чындыгы бар?

Абдыганы Шакиров: Жалпы эле Орусия, же борбордук региону Москва, же тегерегине келип иштеп, кайра кетип аткан кыргызстандыктардын саны июнь окуясынан мурда, же кийин экөөнүн айырмасы андай деле чоң эмес. Себеби көпчүлүк жердештерибиз сезондук жумуштарга келип, күзүндө, кышка жакын жумуштарды бүтүп, айылдарына кайра тартып, үй-бүлөсү менен кыш чыгарып, кайра жазында келип иштеп атышат. Албетте борбордук регионго көп келгенинин себеби, көбүрөөк акча тапсам, үй-бүлөмө жиберсем дейт.
Биздин билишибиз боюнча, Оштон 50 миңден ашык адам чыгып кетти, көпчүлүгү Орусияга кетти.


Чоң мегаполистерде иш көбүрөөк болгондуктан ушул жакка келип атышат. Жакшыбы, жаманбы, элибиз ушунчалык көп санда четке чыгып кетип атканын турмуш эртели-кеч өз жыйынтыгын айтат. Бирок акыркы он жылдын ичинде Москванын тегерегинде мигранттардын саны он эсе көбөйдү. Мындайча айтканда, бүгүнкү күндө 200-250 миңге жакын кыргызстандыктар Москва, Москва облусунун тегерегинде. Албетте элибизде тынчтык, Кыргызстаныбызда элди ойлондурган жаман окуялар болбосо, мындай болбойт эле. Эмгек мигранттардын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы аябай орчундуу деп айтсам болот.

“Азаттык”: Чет өлкөдө, Орусияда, анын ичинде сиз “Кыргыз биримдиги” коомун жетектейт экенсиз. Кыргызстандан барган башка улуттар да көп да, мисалы кыргызстандык орус биримдиги, же кыргызстандык өзбек биримдиги сыяктуу башка биримдиктер барбы? Алар менен силердин алакаңар кандай?

Абдыганы Шакиров: Андай уюмдар бар. Булардын бар экенин июнь окуялары болгон учурларда билдик. Бул жакта өзбек диаспорасынын жетекчилери бар, Кыргызстандан келген орус элдеринин диаспорасынын жетекчилери бар. Алар менен албетте жакшы мамиле кылып, сүйлөшүп, пикир алышып турабыз. Июнь окуясынан кийин да биздин мамилебиз эч өзгөргөн жок.

“Азаттык”: Кийин барган диаспоралар Кыргызстандан барган себептерин эмне менен түшүндүрүшөт адатта?
Ош окуясынан кийин өзбек жаштарын ата-энелери иш барбы, же жокпу, ага карабай Орусияга жөнөтүп жиберишти.


Абдыганы Шакиров: Бардыгы эле өзбек эли болобу, орус эли болобу, кыргыз эли болобу себептери бир – жумушсуздук. Июнь окуясы да таасирин тийгизди десек жаңылышпайбыз. Июнь коогалаңынан кийин өзбек эли көбүрөөк чыгып кеткенин, биз Москва шаары, Москванын тегерегинде жашап аткандыгыбыз үчүн аны сездик. Себеби өзбек элинен келип отурукташып, иш издегендер көп.

“Азаттык”: Кыргызстандыктар көбүнчө Орусиянын жарандыгын алышкан, ошол жерде орноп, жайгашып калышкан. Алардын бири сиз да болушуңуз керек. Сиз жетектеген “Кыргыз биримдиги” көпчүлүгү Орусиянын жарандыгын алгандар болушу мүмкүн менин маалыматым боюнча. Сиздердин кайтып келүү максатыңыздар барбы, кайтып келүүгө эмне тоскоолдуктар болуп атат?

Абдыганы Шакиров: Аябай жакшы суроо бердиңиз. Мен бир сандан баштайын деп атам, бүгүнкү күнгө чейин орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 400 миңден аша баштады. Биздин коомдук уюмдун 90 пайызына чейин орус жарандыгын алганбыз. Албетте Кыргызстанга кайтып баралы деген оюбуз биринчи орунда турат. Биринчиден, ал жакка барып кантип жашайбыз, эмне жумуш кылабыз деп ойлонот эмеспизби. Ошондуктан Кыргызстанда инвестициялык иштин жакшы болушу, Кыргызстанда стабилдүүлүктүн тезирээк келиши, этностор аралык мамилелер жакшырышы, ушул себептер албетте бизди кызыктырат. Ушул маселе чечилген болсо, өзүбүз эле барбай чоң инвестицияны Кыргызстанга алып барууга даярбыз.

Билим жана шарт

“Азаттык”: Буга чейинки маалыматтарда Ош окуясында 25 миң киши иш орундарын жоготуп, көптөрү орто, чакан ишкердиктен ажырап калгандыгы айтылды эле. Жумуш ордун түзүү багытында өкмөттө кандай чаралар көрүлүп жатат?

Салима Исмаилова: Жумуш ордун түзүү боюнча мен сизге так маалымат бере албайм. Бизде экономикалык тескөө деген башкарма бар, ошолордон сурасаңар болот. Себеби алар кайсы жерде кандай ишкана курулат, кандай инвестиция тартып келет ушул боюнча маалымат бере алат. Биз жумушка жайгашканга жардам бере турган мамлекеттик органбыз. Бирок убактылуу жумуш таап берип, коомдук кыска-кыска иштей турган жумуштардан таап берилип турду.

Кесипти кайра даярдоо, окутуу, жумуш табалбай калса биз кесиптик техникалык окуу жайларына бекер окутуп, аларга сертификат, диплом алып берүүгө жардам беребиз, ал болуп турган иш, ал мындан кийин боло да берет. Бул жерде чек жок, эгерде жумушсуздар “мен сантехник болуп иштейин десем кесибим жок экен, же маляр болоюн десем албай атат” десе окутабыз.

Мен өзүм да Красноярск, Сибирь, Ыраакы Чыгыш боюнча өкүлчүлүк ачып эки жыл иштеп келгем. Кыргызстандан баргандар айрыкча курулуш иштеринде иштей албай калышат. Вьетнам, Корея, башка мамлекеттерден келген куруучуларга салыштырмалуу кыйналып калышууда, себеби кесиптик билими жок барат.
Акыркы он жылдын ичинде Москванын тегерегинде мигранттардын саны он эсе көбөйдү.


Мына азыр Москвадагы жигит айтып кетти, Бөрүбай Жураевич да айтып атат, барганда жумуш табалбайт деп, ушунун бардыгы кесиптик-техникалык билими жоктугунан болуп атат. Орусияда сөзсүз түрдө алар сурашат, “малярсыңбы, сантехниксиңби, стажың, кесибиң болсун” дейт. Бүгүнкү күндө биздин мамлекет кесиптик-техникалык окуу жайларын өркүндөтүп, өстүрүшүбүз керек. Кааласа кийин жогорку билимди ала берсин. Ошондо алар башка жерге барганда талапка ылайык жумушчу болуп иштей алат. Бул боюнча биздин министрлик канча каалайм десе, кайсы жерге окуйм десе мамлекет тарабынан кыска курстарга бекер окутуп бералат.

“Азаттык”: Бөрүбай мырза, адатта чет өлкөгө чыккан кыргызстандыктар өз өлкөсүнө өтө көп экономикалык пайда алып келип берип атат деп айтып атышат. Мисалы, мигранттар былтыр эле 1,2 млрд. доллар пайда киргизген экен. Ошол эле учурда бүгүн парламентте депутаттар талкуулап атышат, ал жерде айтып атышат, кыргызстандык жаштар, айрыкча эркек жаш жигиттер кетип калып жатышынан коопсуздук маселеси, айрыкча түштүк аймагында опурталдуу жагдайга кириптер болуп атат. Ошого байланыштуу мигранттарды кайра кайтаруу маселесине өтө көңүл буруш керек деген маселени айтып атат. Сиз кандай деп ойлойсуз, кыргызстандыктарды кайра мекенине кайтарыш үчүн өкмөт, мамлекет тарабынан кандай кепилдиктер керек?

Бөрүбай Жураев: Кайсы жерде иштесе да анча-мынча акча таап келип, бул жерде таштап кеткен бизнесин ордуна коюш керек да. Көптөрүнүн кичине бизнеси болгон бул жерде. Базарларда, ресторандарда, соода түйүндөрдө көп жаштар иштечү эле. Булардын баары күйүп кеткенден кийин азыр мажбур болуп Орусияга кетип атат. Ошол жактан пул таап келип үй салып, бизнесин ордуна койсок деген ойлору бар. Азыр биздин Башкы дирекциянын саноосу боюнча Ошто 1700 үй курулуш керек. Ал үчүн кирпич заводдор иштеши керек, керектүү нерселерди ташыган транспорт иштеш керек.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG