Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

Адистер Кыргызстанда ички миграция, анын маселелелери көз жаздымда калды деп коңгуроо кагууда.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, Ош жана Бишкек шаарларында эле бери дегенде жарым миллиондон ашуун ички мигрант бар. Алардын көбүнүн каттоосу да, үйү да, жумушу да жок, ошондуктан кадыресе укуктары чектелүү.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева, Оштогу Адам укуктары боюнча Эдвокаси борборунун координатору Улан Бекмуратов, эксперт Гулзат Шамсутдин.

“Азаттык”:
Элеттен шаарларга, чек ара аймактардан ички агымдарды токтотуунун кандай жолдорун сунуштайсыз?

Гүлзат Шамсутдин: Миграциянын эң негизги көйгөйү – балдар жана алардын абалы. Алардын психологиялык, физикалык, руханий жактан көйгөйлөрү биздин коомубузга чоң таасир тийгизип жатат.

Азыр шаарга келгенден кийин көптөрү балдарын иштетип жатат. Ошонун негизинде балдар окубай калып, ден соолугу начарлап атат. Келечекте ал кандай инсан болору белгисиз.

Негизинен өлкө келечеги 20 жылдан кийин кимдин колунда болот деген суроо турат. Бул суроону бийлик эле эмес, ар бир адам ойлонушу керек. Балдарды таштаймынбы, жокпу, мен эмне кыла алам деп чоң кишилер ойлонуш керек, ошолордун аң-сезимин өзгөртүш керек. Мыйзам түрүндө коркутуп, үркүткөндө эч нерсе чыкпайт. Бийлик аларга багыт бериш керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Өлкөгө акча жөнөтүп жатканы үчүн мамлекет тышка чыгып кеткен мекендештери менен аздыр-көптүр эсептешет. Бирок ички миграция көз жаздымда калды деген сындар көп айтылат. Урмат айым, мамлекет ички миграция маселесин жөндөбөй калды дегенге кошуласызбы?

Урмат Аманбаева: Бул маселени абдан туура көтөргөнсүздөр. Бүгүнкү күндө мамлекет Кыргызстандагы ички миграция маселесине такыр эле көңүл бурбайт десек жаңылышпайбыз. Миграциянын агымынын токтобой жатышына айыл жерлеринде иштин, шарттын жоктугу себеп болууда. Ошол себептүү Бишкекке, Ошко жана башка шаарларга ички мигранттар агылып келип атат.

Бул кош бойлуу келиндердин ден соолугуна, балдардын окуусуна таасирин тийгизүүдө. Үйү жок, көчөдө калгандардын саны көбөйдү. Бул учурдун көйгөйлүү маселеси болууда. Аны жер-жерлерде жумуш орундарын ачуу, шарттарды түзүү менен чечсе болот. Азыр дагы бул маселени кантип чечебиз деген суроо ачык бойдон турат.

Каттоо системасын алып коюш керек. Кыргызстандын ичинде кайсы жерге барбасын катталбай эле ошол жерде жашаганга мүмкүнчүлүк бериш керек. Андан сырткары жер жерлерде кандай иш алып барса боло турганын иликтеп, ошого жараша иш алып баруу зарыл. Тилекке каршы бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Булардын бардыгы каржыга келип такалууда, азыр жок дегенден башканы айтпай калганбыз. Ошондуктан бул маселе бүгүн-эртең чечилет деп айтуу кыйын.

Улан Бекмуратов: Ош шаарында да ушундай эле көрүнүштө маселелер бар, андан да оор десек болот. Расмий маалыматтар боюнча Ошто 250 миңдей адам катталган, бирок андан да көп адам шаарда каттоосу жок жүрөт. Элетте иш жок, балдарынын контрагын төлөйм деп шаарга келип, 10-15 жылдан бери жүргөн ички мигранттардын укуктары корголбойт.

“Ички мигранттар жөнүндө” мыйзам менен жарандарды каттоо деген жобо бири-бирине карама-каршы келет. Мисалы, жарандардын үйү жок болсо, жергиликтүү бийлик катташ керек деп жазылган менен анын жол-жобосу жазылган эмес. Ушул маселелерди чечмейин Кыргызстанда стабилдүүлүк болбойт.

Биз Ош шаарындагы 22ден ашуун жатакананы кыдырып чыктык. Элдин жашаган абалын көрдүк. Каттоо маселеси чечилбегендиктен адамдардын мамлекеттик тейлөөдөгү укуктары чектелип жатат. Мисалы, айылдан шаарга келип, 10-15 жыл жашагандар жер ала алышпайт, айылга барса тескерисинче "силер ушунча жылдан бери шаарда жүрөсүңөр" деп ал жактан жер бербейт. Алар орто жолдо калып, оорукана, мектептерге барганда да чектөөгө туш келип жатышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG