Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Орусия: Борбор Азияга виза киргизүү талабы


Орусиядагы борборазиялык мигранттар.
Орусиядагы борборазиялык мигранттар.

Орусия оппозициясы Борбор Азия мамлекеттерине виза режимин киргизүү демилгесин көтөрүп, кол топтоого киришти.Талдоочулар муну ашынган улутчулдардын демилгеси деп, расмий бийликтен колдоо табаарына анча ишенишпейт.

Орус оппозициясы эмгек мигранттары басымдуулук кылган Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен визасыз каттамды жоюу маселесин коюп жатканы оппозициянын координациялык кеңеши 11-февралда тараткан билдирүүдө айтылган. Мунун себеби миграция жагдайындагы киши чыдабай турган абал менен түшүндүрүлгөн.

Борбор Азиядан миграциялык агым күчөп, алар арзан, шарты жок иштерге макул болуу аркылуу жумушчу күч рыногунун баркын кетирип жатат, тил, дин, экономика, маданият тоскоолдуктарынын айынан коомго жуурулуша албай, кылмыштын жана диний радикализм пропагандасынын курмандыктарына айланып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирип жатат деп айтылат долбоордо.
Оппозициянын ишениминде, Борбор Азиядан ээ бербей агылган миграция ошондой эле Евробиримдик алкагында визасыз каттам киргизүүгө тоскоолдук кылып, Орусиянын көп жылдык аракети текке кеткени турат.

Орусиялык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору Сергей Абашин демилгени колдобогон орусиялык талдоочулардын бири. Окумуштуу муну расисттик, ксенофобиялык идеяларга азгырылган демилге, ал ишке ашса Орусиянын саясатын неофашисттик жолго багыттайт деп жазды. Абашин “Азаттыкка” берген интервьюсунда оппозициянын аргументтерин, анын ичинде Евробиримдикке байланыштырылышын негизсиз деди:

- Бул аргументте эч кандай негиз жок. Орусия менен Евробиримдиктин ортосунда визаны алып салуу Борбор Азиядагы виза проблемалары менен эч байланышы жок. Себеби маселен, Кыргызстандан же Өзбекстандан Орусияга барган жарандар Европага жетиш үчүн баары бир виза жана паспорттук текшерүүдөн өтүшү керек болот. Бул байланышы жок, жасалма ойлонуп табылган байламта.

Кыргызстандык эксперт Кабай Карабеков орусиялык оппозициянын бул аракетин расмий Москва колдооруна ишенбейт. КМШ, ЕврАзЭШ сыяктуу шериктештиктик аркылуу өзүнүн геосаясий абалын бекемдөөгө ынтызар азыркы жетекчиликтин кызыкчылыгына виза киргизүү демилгеси төп келбейт:

- Эгер бул кадамга Орусия барса Борбор Азия Кытай, Европа менен кызматташып, Орусия менен кол үзүшүүгө туура келет. Бул жол – Орусияны да, бизди да туңгуюкка кептейт. Анда Орусия менен кызматташтыктын бардык түрүнөн баш тартыш керек болот.

Абашиндин баамында болсо, Борбор Азия мамлекеттерине виза киргизилсе биринчи кезекте Орусия экономикалык соккуга кабылат, курулуш бизнеси аксайт, турак жайлар кымбаттайт:

- Эч болбоду дегенде короо шыпыргычтарды кайдан табышат? Москвада эле он миңдеп саналат. Башка коңшу облустардан алып келишсе, ал жакта ким жашап, иштейт?

Кыргызстандык мигранттардын өкүлдөрү оппозициянын бул демилгесин Орусия коомчулугундагы улутчул маанайдын көрүнүшү катары баалашууда. Москвадагы кыргызстандыктар биримдигинин башчысы Абдыганы Шакировдун пикиринде, виза киргизүү демилгеси мыйзамсыз миграциянын күчөшүнөн чыгып жатат:

- Легалдуу эмес көп мигранттар жүрүп атпайбы, Кыргызстан эле эмес башка көп мамлекеттерден. Орусияга, Москвага керек болгон квотадан бир канча эсе көп мигранттар жүрүп калып, алар чындыгында эле коомго зыян келтирген учурлар болуп жатат. Оппозициянын кылып жаткан иши ошого байланыштуу го.

Абдыганы Шакиров виза киргизилген шартта да, анын кыргызстандык мигранттарга залакасы тийбейт, анткени Бажы биримдигине кирсе, анын алкагында жаңы жолдор ачылат деп эсептейт.

Орус оппозициясынын координациялык кеңеши виза киргизүү демилгеси боюнча билдирүү таратканга чейин “Жаңы күч” жана Улуттук-демократиялык саясий партиялары виза киргизүү боюнча кол топтоого киришкендиги кабарланган. Орусиялык маалымат булактары келаткан дем алыш күндөрү аталган партиялар миграцияны токтотуу, виза киргизүү талаптарын коюп, пикетке чыкканы жатканын жазышты. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, оппозиция 100 миң кол топтогон шартта мамлекеттик дума бул демилгени кароого милдеттүү болот.

Талдоочулардын баамында, оппозициянын бул аракеттери башкаруудан чыгып бараткан миграциялык агымды иретке салууга бийликке шарт түзүп бериши ыктымал. Орусия президенти Владимир Путин 12-декабрда Коснитуция күнүнө карата Мамлекеттик думада сүйлөгөн сөзүндө мигранттар үчүн тартипти күчөтүү зарылдыгын белгилеген.

Дүйнөлүк Банктын эсеби боюнча, Орусияда азыр 12 миллиондон ашык мигрант бар. Алардын негизги бөлүгүн Борбор Азиядан барган эмгек мигранттары түзөт. Алардын ичинде кыргызстандыктардын болжолдуу саны 500 миңден 1 миллионго чейин жетээри айтылып келатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG