Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:59

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жарандарды Орусиянын “кара тизмесинен” чыгарып берүүнү убада кылган фирмаларга алданып калбоого чакырды.

Аталган министрлик ушундай кызмат сунуштаган көз боёмочу ортомчу фирмалар пайда болгонун эскертти.

Чыңгыз "кара тизмеге" кирип, андан кайра чыгуунун амалын издеп жүргөн ондогон кыргыз жарандарынын бири. Ал жайында Орусиядан келип, кайра кетер алдында "кара тизмеге" илинип калганын билген экен. Эми Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине бул тууралуу арыз менен кайрылып жатканын айтууда:

- Баарын эле мыйзамдуу жасап атам. Министрликтин миграциялык кызматына бардым. "Кара тизмеге кандайча түшүп калдым, мени туура эмес киргизип коюшкан жокпу?" деп арыз жазып кеткем. Эскертүү келет, ал келгенде Орусияга "Эмне себептен "кара тизмеге" илинген, кайра чыгарса болобу?" деген кат жөнөтүшөт экен. Орусияда жүргөндө менин административдик айып пулдарым бар болчу. Бирок муну менен "кара тизмеге" киргизбеш керек эле деп жатышат. Анын баары төлөнгөн. Мен Орусияда бир жылдан ашык жүрүп келдим, патент алгам, баарын убагында төлөп, мыйзамдуу эле иштеп жүргөм.

"Кара тизмеге" илинген кыргыз жарандарынын саны 60 миңге жакын.

"Кара тизмеге" илинген кыргыз жарандарынын саны 60 миңге жакын.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Чыңгыздай болгон жарандарды "кара тизмеден" чыгарып берүүнү убада кылган ортомчу фирмаларга алданып калбагыла деп эскертип жатат. Маалыматка караганда, мындай компаниялар көрсөтө турган кызматын 20 миң сомго чейин баалашууда.

Ал арада “кара тизмеге” кирген айрым жарандар аты-жөнүн өзгөртүп, кайра Орусияга жөнөп жаткан учурлары көп. Ош облусунун тургуну Мураттын бир тууганы да ушундай жол менен кеткен экен:

- Орусиядан келгениме бир жыл болуп калды. “Кара тизмеде” бар-жогумду текшерте элекмин. Ал жакта документтерди маалында эле жасатып жүргөм. Менин байкем документтерин убагында жасатпай жүрө берип, бул жакка келатканда “кара тизмеге” кирип калган экен. Бул жакка келгенде фамилиясын эмес, атын өзгөртүп алып кайра кетти. Анын колунун тагын алышкан эмес экен. Менин досум да бул жактан “кара тизмеден” өзүн текшертпей эле кеткен экен, аэропорттон кайра кайтарышты. Фамилиясын өзгөртүп алып кайра кетти. Мындай жол менен кеткендер биздин айылда толтура.

“Замандаш” ассоциациясынын Москвадагы өкүлү Руслан Эшимовдун айтымында, “кара тизмеден” чыгаруу дээрлик мүмкүн эмес.

Москвадагы полициянын рейди. 2013-жыл.

Москвадагы полициянын рейди. 2013-жыл.

- "Кара тизмеден" чыгаруу өтө оор. Биздин балдар ар бир шаарда колдон келишинче, мыйзамдын чегинде көп эле адамдарды чыгарды. Мен Москвада эле 30га жакын адамды "кара тизмеден" чыгардым. Алар жалаң же аялы, же күйөөсү Орусиянын жараны болгон адамдар. Жалпысынан тизмеден 1,5 айда чыгып калат. Мындан башка эч кандай жолу жок.

Башында “кара тизмеден” чыгара коём дегендер 90 миң, 150 миң рубль деп башташып, кийин 20 миңге, эми эл ишенбей баштаганда 5 миң рублга түшүргөнүн айтып жатат. Эч ким чыгара албайт. Мунун жолу өтө оор. Бул үч инстанциядан өтө турган процесс. Ушул үч инстанцияны тең башына кийип алган, үчөөнү бирдей калчаган эч ким жок. Буга карабай эле “кара тизмеден” чыгарып беребиз деп алдап, акча алгандар Москвада толтура.

Эшимов “кара тизмеге” жөндөн жөн эле эч ким илинбесин кеп кылууда:

"Кара тизмеден" эч ким чыгара албайт. Мунун жолу өтө оор. Бул үч инстанциядан өтө турган процесс.

- “Кара тизмеге” туура эмес кирип калган, байкабай кирип калган дегендерге мен ишенбейм. Анткени мен кеминде эле ушундай 400-500 адамды териштирдим окшойт. Ары-бери чуркап, тааныштарга чыгып, каратып, себебин билсең эле бардыгы эле 90 күн деген мөөнөттөн ашып кеткен болот, же “документти баланчанын баласы жасатып берген, ал менин кудам эле, кудам алдабайт” десе, анысы кудасы дагы бир кудасы аркылуу алган, документи жасалма болуп чыгат. Айтор бир нерсеге илешет. Же болбосо бир-эки жыл мурун бир СИМ-карта алат, анысына укмуш музыкаларды кошуп алган болот, ал СИМ-картасы кереги жок болуп калганда, өчүртүп койбостон ыргытып жиберет. Ал жерде музыка колдонулса да, колдонулбаса да акча алына берип, карыз кылып коёт. Мына ушинтип болоор-болбос нерселер менен эле “кара тизмеге” түшүп калгандар чыгып жатат.

Орусия былтыр күздөн тарта миграциялык мыйзамдарын катаалданткан болчу. Расмий маалымат боюнча мыйзам бузду делген, Орусияга кирүүгө тыюу салынып, “кара тизмеге” кошулган кыргыз жарандарынын саны 60 миңден ашты. Кыргыз өкмөтү анын 20 миңге чукулун “кара тизмеге” кантип илинген себептерин тактап, чыгарганга аракет кылып жатат. Сентябрь айында олуттуу мыйзам бузбаган, кокусунан киргизилген жана студенттерден турган миңдей жаран “кара тизмеден” кутулган эле.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG