Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги "кара тизмеден" чыгып, тазаланып алуу мүмкүнчүлүгү бар мигранттарды 1-ноябрга чейин Орусиядан чыгып, кайра кирип алууга чакырууда.

Орусиянын федералдык миграция кызматынын маалыматына караганда, "кара тизмеге" катталган 77 миң кыргызстандык жарандын ичинен 49 миңи расмий түрдө андан чыгарылган. Мындан тышкары, Орусиянын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн "кара тизмеге" кирип калуу тобокелдиги бар дагы 190 миң жаран катталып, бүгүнкү күндө алардын 10 миңи өлкөдөн чыгып, кайра кирүү жолу менен миграциялык тарыхын тазалап алууга жетишкен.

Элчиликтин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева бул үчүн 10-июлдан 1-ноябрга чейин берилген убакыт чукулдап калганын эскертип, мигранттарды үлгүрүп калууга чакырууда.

- Бүгүнкү күндө маалымат каражаттары, гезиттер аркылуу жана чогулуштарда бул тууралуу айтып эле жатабыз. Июнь айында жетишилген келишимге ылайык, "кара тизмеге" кирүү тобокелдиги бар жана "кара тизмеге" үч жылдык мөөнөткө киргизилип, бирок бир жарым жылы өтүп кеткен жарандар Орусиядан чыгып, кайра кирүү менен миграциялык тарыхын таза барактан баштоого мүмкүнчүлүк алышат. Азыр "кара тизмеден" чыгарылган 49 миң жарандын 10 миңи тууралуу маалыматтар Федералдык миграция кызматынын базасына киргизилди. Калгандары акырындап кирип жатат. Жарандар улам өздөрүн сайттан карап, шашылыш болсо элчиликке кайрылса, алардын Орусияга кайра кирүүсүнө жардам беребиз. Ал эми тобокел топтогулар федералдык миграциянын сайтынан өздөрүн көрө алышпайт. Алар качан гана чек арадан өткөндө автоматтык түрдө "кара тизмеге" илинет. Бирок алар келишимдин шартына жараша кайра Орусиянын аймагына киргенде андан чыгарылат. Азыр жарандар ишенбей жатабы же дагы башка себептери барбы, көп аракеттенбей жатышат. Кыргызстандын аймагында жүргөн жарандар дагы биздин сайт аркылуу байланышса, биз аларга жардам бергенге аракет кылабыз. Бирок, бул жеңилдиктер 5-10 жыл сот чечими же укук коргоо органдарынын тыюусу менен "кара тизмеге" кирген жарандарга тиешелүү эмес.

Орусиядагы мигранттар

Орусиядагы мигранттар

"Кара тизмеге" байланыштуу каралган жеңилдиктер мигранттар тарабынан ар кандай кабылданууда. Социалдык тармактарда айрымдар Орусиядан чыгып кетсек, кайра кире албай калсак эмне болот дегендей кооптонууларын жазса, башкалары шайлоого карата Кыргызстандын жарандарын добуш берүүгө жөнөтүү аракети көрүлүп жатат деген пикирлерин ортого салууда. Дагы бир топ мигранттар турмуш-шарттын айынан жумушка көбүрөөк алаксып, бул жеңилдиктерге анчейин маани бербей жатышкандай.

Москвада иштеп жүргөн Салтанат үч жылдык мөөнөт менен 2013-жылы "кара тизмеге" кирген. Акча-тыйындын айынан бул жаш кыз жеңилдикти пайдалангандын ордуна мөөнөтү бүтө турган 2016-жылды күтүүнү эп көрүүдө.

- Орусиядан чыгып эле кайра келсе эле "кара тизмеден" чыгып калат экен деген нерсеге ишенүү кыйын болуп жатат. Ошентсе дагы жеңилдикти пайдалангым келди, бирок ишиме жана шартка байланыштуу бул жакта эле жүрөм. Бир жагынан карап көрсөң, тизмеден чыга турган болгон соң, кайра чыгып кирүүнүн эмне кажети бар. Мунун максатын түшүнгөн жокмун.

Элчилик "кара тизмеге" кирип калган мигранттар сыртка чыгып-кирүү менен миграциялык тарыхын таза барактан баштоого мүмкүнчүлүк аларын жана Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийинки шарттарды толук кандуу пайдаланууга шарт түзүлөрүн белгилеп жатышат.

Москвадагы мигранттар

Москвадагы мигранттар

Москвада мигранттар менен иштеген “Руспартнёр” юридикалык компаниясынын башчысы Руслан Эшимов өлкөдөн чыгып келе коем деп, кайра эле Орусияга кире албай калган жарандар чындыгында катталып, жарандар үчүн дагы эле "кара тизмеде" өздөрүнүн бар-жогун аныктоо жолу түйшүк жаратып жатканын белгилейт. Ал эки өлкө ортосундагы жетишилген келишимди ишке ашыруу жолдору жакшы каралбай калган деген пикирде.

- Мына, мага көп киши кайрылып жатат. Кара тизмеден өзүбүздү кантип, кайдан көрөбүз деп сурап жатышат. Миграция министрлиги дагы карап бере албай экен. Элчилик деле карап бере албайт экен. Федерадык кызмат болсо карап, так маалымат бере алат. Бирок алар карашпайт. Анан жарандар эмне кыларын билбей жатышат. Азыр мисалы бир жарым жыл мөөнөтү эмес, эки жарым жылы өтүп кеткендер деле кайра чыга албай калып жатышат. Менимче, компьютерден ошол айтып жаткан бардык 49 миң кишини чыгарып жетишпей жатат. Азыр болгону 11 миңге жетпеген кишилердин маалыматы киргизилген экен. Негизи бул иштерди ишке ашыруунун тез жолдорун караш керек эле да.

Ошентип элчилик азыр тобокел топтогу 190 миң кишинин болгону 10 миңдейи гана өлкөдөн чыгып-кирди деп маалымат берип жатса, Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Орусиядан чыгып кирген тобокел топтогу кишилердин саны 45 миңге жетти деп ишендирүүдө.

Министрдин орун басары Алмаз Асанбаев Орусиядан чыгып, миграциялык картасын тазалап алууну көздөгөн адамдар көп эле кайрылып, алардын арасында болгону 50дөй гана киши кайра аталган өлкөгө кире албай калгандыгын, бирок анын себептерин аныктоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

- 45 миңдин ичинен ошол болгону 50 киши кирбей калды. Пайыздык көрсөткүч менен караганда бул бир топ эле аз. Бирок алардын ар биринин себебин карап чыгуу керек. Биз талап коюп жатабыз. 10-июлдан баштап биздин жарандар тоскоолдуксуз кирип чыгат деп сүйлөшүлгөн. Ошол тартип эмнеге бузулуп жатат деп талдап жатабыз. Азыр байкап көрсөк, Орусиянын кээ бир жерлериндеги федералдык кызматтын өкүлдөрү, ИИМдин өкүлдөрү, соттор, ошол президенттин жарыялары жетпей калып, атайын кат түрүндө түшкөн жок деп, шылтоо кылып жатышат. Бул маселе өкмөттүн деңгээлинде каралып жатат. Жакында бизге федералдык кызматтын жетекчисинин орун басары келет. Ошондо "кара тизме" маселеси талкууланат.

Үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарындагы президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский жолугушуп, мигранттардын түйшүгүн жеңилдеткен келишимдерди ишке ашыруу жолдорун талкуулашкан. Анын жыйынтыгында кыргыз жарандарына Орусиянын аймагында мурункудай жети күн ичинде эмес, 30 күн аралыгында каттоого туруу мүмкүнчүлүгү берилген. Мындан тышкары "кара тизмеге" кирип калуу тобокелчилиги бар жарандарга белгилеген мөөнөттө өлкөдөн чыгып кайра кирүү менен миграциялык картасын тазалап алуу шарты түзүлгөн.

Ал эми үч жылдык мөөнөттө карата тизмеге кирген жарандар бир жарым жыл убактысы өткөн соң кара тизмеден чыгуу жеңилдигине ээ болушкан.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG