Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Жалал-Абадда аты-жөнүн өзгөрткөндөр 70% кыскарды


Облуста быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу аты-жөнүн өзгөрткөндөр дээрлик 70% кыскарды. Шаардык жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Азимбаеванын "Азаттыкка" билдиришинче, 2014-жылдын жарымында 5278 жаран аты-жөнүн өзгөртсө, быйыл 1440 адам өзгөрткөн. Алардын баары Орусияда иштеп жүрүп, Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесине" түшкөндөр. Арзымбаева Кыргызстан Бажы биримдигине кошулуп, "кара тизме" маселеси чечилип жаткандыктан, бул жагдай азайганын белгилейт. Жалал-Абад аймагынан учурда 200 миңден ашык жаран сыртта иштейт.(RsK)

XS
SM
MD
LG