Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:46

Кыргызстанда чет өлкөгө жумуш издеп кетип, кулчулукка кабылгандардын саны көбөйүүдө.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматында жылына 5 миңден ашык адам эмгек жана сексуалдык кулчулуктун туткунуна айланат. Ал эми
тартип коргоо органдары башка өлкөгө кетип жаткан ар бир алтынчы кыз-келиндин кулчулукка кабыларын маалымдашты.

- 2010-жылдын 25-августунда мага телефон чалышып, "билет даяр болду, кел" дешти. Мен 26-августта учуп кеттим. Эртең менен таң атпай ал жерге жетип барып, бир үйгө кирдик. Үйгө киргенде эч ким жок болчу. Бир учурда кыска юбка кийген үч кыз кирди. Алар менен таанышып, эмне кыларымды сурасам, “ушундай иш менен алектенесиң” дешти. "Мен кайра кетем" деп ыйлап туруп алдым.

Бул ортомчу фирмалардын бири чет өлкөгө сатып жиберген кыздын баяны.
Белгилүү себептер менен биз анын атын Айгүл деп шарттуу атадык. Ал борбордогу фирмалардын бири чет өлкөдөн жумуш таап берерин тааныштарынан угуп, иштеп келүүгө бел байлайт. Фирманын сыпайы, элпек кызматкерлери Айгүлгө чет өлкөдө жеңил, ошол эле мезгилде маянасы арбын иш барына ынандырып, макулдугун алышкан.

Айгүлдүн иштөөдөн баш тартканын уккан жумуш берүүчүлөр аны сабап, күчкө салып макул кылышат:

- Мени ээн жерге алып барып, аябай токмоктошту. Анан мен аларга “мени коё бергиле, апам жалгыз, бир балам бар. Билетиңерди актаганча иштеп берем" деп айттым. Ошентип иштеп калдым. Үч ай иштеген соң эптеп качып чыктым.

Кыргызстанда Айгүл сыяктуу ортомчу фирмалардын тузагына түшүп, чет жерде кулчулукка кабылгандардын саны өсүп жатат. Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда жылына беш миңден ашык адам кулчулукка кабылат.

Бул уюмдун өкүлү Жанна Салиеванын айтымында, чет өлкөгө жумуш издеп кеткендердин дээрлик көпчүлүгүндө кулчулукка тушугуу ыктымалдыгы бар:

- Адам сатуу маселеси Кыргызстанда өтө эле курч турат. Өткөн жылы биздин уюмдун колдоосу менен бейөкмөт уюмдардын бири кулчулукка кабылгандардын санын аныктоо боюнча изилдөө жүргүздү. Анын жыйынтыктарына ылайык, ар жылы 60 миңге жакын адам кулчулукка кабыла турганы белгилүү болду. Себеби учурда 500 миңден 1 миллионго чейин жаран чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Алардын көпчүлүгү мыйзамсыз жол менен тышка чыккандар. Мындан улам булардын көпчүлүгү кулчулукка кабылуу коркунучунда тургандар, басымдуу бөлүгү болсо кулчулуктун эмне экенин жон териси менен сезгендер. Жалпысынан Кыргызстанда кулучулукка кабылгандардын саны көбөйгөндөн көбөйүп бара жатканын айтсак болот.

Азайды дешет

Адистер чет өлкөлөрдө кулчулукка кабылгандарды эмгек эксплуатациясына жана сексуалдык кулчулукка сатылгандар деп бөлүшөт. Мажбурлап бекер иштегендердин көпчүлүгү Орусия менен Казакстанда катталса, сексуалдык кулчулук Түркия менен Араб өлкөлөрүндө көп кездешет.

Кулчулукка кабылгандар менен иш алып барган “Сезим” кризистик уюмунун төрайымы Бүбүсара Рыскулованын айтымында, адатта каржыдан кыйналып тургандар сыртта акчалуу жумушту убада кылса, кооптуу жагын эске албай эле тобокелге салып кете беришет:

- Биз бир нече жылдан бери эле бул багытта иш алып барып келебиз. Биз кулчулукка кабылгандардан сурасак, "ушул тууралуу уктуңар беле" десек, "укканбыз, бирок мындайга туш болобуз деп ойлогон эмеспиз" деп жооп беришет.

Миграция боюнча эл аралык уюмдун изилдөөлөрү Кыргызстанда жылына он миңдеген жарандар ар кандай жол менен кулчулукка кеткенин көрсөтсө, Мамлекеттик органдардын эсеби боюнча бул сан өтө эле аша чапкандай көрүнөт.

Маселен, Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин маалыматында 2009-жылы адам сатуу боюнча 25 иш ачылса, 2010-жылы 13 жана өткөн жылы 9 гана факт катталган. Ал эми былтыр Орусияга, Казакстанга, Эмираттарга жана Түркияга мыйзамсыз жөнөтүлгөн 62 кыргызстандык мекенине кайтарылган.

Мындан улам аталган департаментте адам сатууну алдын-алуу боюнча иштер жетиштүү жүрүп жатат деп ишенишет. Тышкы миграция департаментинин өкүлү Каниза Иязалиева:

- Адам сатууну алдын алуу үчүн мамлекет тарабынан бир топ эле иштер жүргүзүлүп жатат. Маселен, биздин мекеме эл аралык жана бейөкмөт уюмдар менен биргелишип иштеп, чет өлкөгө кете тургандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Себеби кулчулукка кабылган жарандардын көпчүлүгү маалыматтын жоктугунан ушундай абалда калышууда.

Мыйзамсыз бизнес

Адистердин маалыматында, жыл өткөн сайын адам аткезчилигинин жолдору да көбөйүүдө. Маселен, акыркы учурда Бишкектеги көп сандагы нике агенттиктеринин жардамы аркылуу чет өлкөлүк жарандар менен тааныштырып, үйлөнүп кеткендер арасында кулчулукка кабылгандардын саны артып жатат.
Ар жылы 60 миңге жакын адам кулчулукка кабыла турганы белгилүү болду

Мамлекеттик органдарда каттоосу жок туруп, иштеп жаткан нике агенттиктери бул ишти атайын бизнеске айландырышкан.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Нурлан Мурзаевдин маалыматында, бул агенттиктер 1 кыз-келинди чет өлкөгө жөнөткөнү үчүн 10-15 миң долларга чейин пайда табышат экен:

- Аялдардын чет өлкөгө турмуш куруу үчүн кетип жатканы да опурталдуу маселе болуп турат. Расмий эмес маалыматтар боюнча, чет өлкөгө кетип жаткан ар бир алтынчы кыргызстандык кыз-келин адам сатуунун туткуну болуп жатат. Алардын көпчүлүгүн алдап алып барып, бала багуучу катары иштетүү менен бирге сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлашат. Мындан улам Кыргызстандын жарандарын четке турмушка узатып жаткан нике агенттиктеринин жоопкерчилигин мамлекет көзөмөлгө алууга тийиш. Ал үчүн ИИМ башка министрликтер менен бирдикте нике агенттиктерин каттоодон өткөрүүнү милдеттендирген мыйзам кабыл алууну сунуштап жатат.

БУУнун маалыматтары боюнча, дүйнөдө 12,3 миллиондон ашык адам кулчулукка кабылган. Мунун ичинен 25 пайызын КМШ өлкөлөрүнүн жарандары түзөт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG