Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

Кыргызстандын аскер бөлүктөрүндө уставдан сырткары мамиледен улам, жоокерлердин токмоктолушу өнөкөткө айланган учурлар катталууда.

Аскердик тартиптин начардыгы жоокерлердин өлүмүнө алып келген фактылар жылдан жылга көбөйүп, укук коргоочулар бул үчүн аскер жетекчилигинин жоопкерчилиги каралбай жатканына тынчсызданышууда. Кыргызстандын Акыйкатчы институту “Кылым шамы” укук коргоо борбору менен биргеликте аскер бөлүктөрүндөгү адам укугун бузган фактыларга мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгына бийлик менен коомчулуктун көңүлүн бурууга далалат кылууда.

Аскер бөлүгүндөгү ур-токмок

Кара-Көл шаарындагы Улуттук гвардияга караштуу аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн 19 жаштагы жоокер Бегалы Шамшидинов оор жаракаттан улам каза тапты. Анын өлүмүнүн себебин башында аскер бөлүгүнүн жетекчилиги жашырып, жоокердин жүрөгү кокустан кармап калды деп жарыялаган. Бирок маркумдун жакындары аны соттук-медициналык экспертизадан өткөргөндө жоокер токмоктолуп, алынган жаракаттын кесепетинен жан бергени аныкталган.

Маркум жоокердин тууганы Аттокур Сабиров аталган аскер бөлүгүнүн жетекчилигинин бул окуяга карата кайдыгер мамилесине нааразы:

- Адегенде бизге "балаңардын жүрөгү токтоп калды" деген кабар келди. Биз ошого ишенип бардык. Барсак, аскер бөлүгүндө бизге көңүл бөлүп, кандай жагдайда ошондой иш болгонун түшүндүрүп бере турган бирөө болбоду. Эч нерсе болбогонсуп, кайдыгер мамиле жасагандары бизди шектентти. Текшертсек эле баланын кекиртеги үзүлүп, сабалган экен.

Кечиккен тастыктоо

Аскер бөлүгүндөгү бул окуя боюнча ата-энесинин арызынын негизинде териштирүү учурунда катардагы жоокер Бегалы Шамшидиновдун токмоктолгону аныкталган. Буга чейин аскер бөлүгүндөгү уставдан сырткары мамилени жөнгө салуу боюнча жетекчилик тарабынан алдын ала кандай тарбиялык иштер жүргөнү белгисиз. Аталган аскер бөлүгү мурда ички аскерликке карап, бир жыл мурда Улуттук гвардиянын курамына өткөрүлгөн болчу.

Улуттук гвардиянын тарбиялык иштер боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Таалай Мырзабаев бул окуяга карата көрүлгөн чаралар боюнча төмөндөгүлөргө токтолду:

- Аны кекиртекке урганын азыркы күндө камакка алынган жоокер мойнуна алган. Башында окуя ошондой болгону айтылган эмес. Ошондуктан алгач ал жоокердин жүрөгү токтоп калды деген версия чыккан. Анткени окуяга күбө болуп турган жоокерлер ошондой маалымат беришкен. Кийин териштирүү учурунда окуянын башкача болгону аныкталган. Аскер бөлүгүнүн командиринин тарбия иштери боюнча орун басары жана ротанын командири кызматынан алынды. Ал эми аскер бөлүгүнүн командирине катуу сөгүш берилди.

Кара-Көлдөгү бул аскер бөлүгү Нарын дарыясын бойлой курулган ГЭСтерди көзөмөлдөп, анын коопсуздугуна жооп берген куралдуу күчтөрдүн түзүмүнө кирет. Укук коргоочулар тобу андагы түзүлгөн шарттын жана аскердик тартиптин начардыгы боюнча абалды өткөн жылы эле атайын мониторингдин жүрүшүндө көрсөткөн. Бирок андан бери деле аскер бөлүгүндө абал өзгөрбөй, аскерлер арасындагы бейбаштыктын аягы адам өлүмүнө алып келди.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова бул жагдай туурасында мындай дейт:

Азиза Абдирасулова

Азиза Абдирасулова

- Ички иштер министрлиги аларды ГЭСтерди кайтарткандан башка, пикет-митингдерге каршы колдонуп, бирок андагы шартты карабай эле аскердик тартипти караганга көңүл бурулбай калган экен. Анан күзгү жана жазгы чакыруу боюнча кызмат өтөөгө келгендер бирине бири зомбулук көрсөтүп, жаңыдан келгендерди уруп-сабоолор күчөгөндүгү айкын көрүндү. Мындай абалды биз былтыр эле мониторинг учурунда байкаганбыз. Бирок быйыл деле мына ошол абал өзгөрүүсүз бойдон калыптыр.

Дайынсыз жоголгон жоокердин иши

Бул окуяга куйрук улаш эле, Чоң-Алайдагы чек ара бекетинде кызмат өтөгөн жоокер Бексултан Бааридинов куралы менен дайынсыз жоголгон. Аны башында Чек ара кызматы чек ара тилкесин бакылоого чыккан боюнча кайрылып келген эмес деп жарыялаган. Бирок териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча Ош гарнизондук аскер прокуратурасы катардагы жоокер аңчылыкка чыгып, ошондон нары дайынсыз жоголгонун тастыктады. Чоң-Алайда жоокерди издөө иштери 26 күндөн бери уланууда.

Дайынсыз жоголгон жоокердин апасы Майрам Бакирова жоокерди аңчылыкка жөнөткөн аскер жетекчилигин жазага тартууну талап кылууда:

- Бизге ал жактан “уулуңар аскерден качып кетиптир” деген кабар келди. Биз уулубуз кызматын өтөп бүтөөрүнө болгону бир жарым ай калса, эмнеге качсын деп ишенген жокпуз. Анан биз ал жакка барып, биздин бала менен чогуу чыккандарга жолугуп, эмне болгонун сураганыбызда эле алар “бизди кийик атып келгенге чыккан болчубуз” деп айтып жиберишти. Анан эле аларды командирлери урушуп, сүйлөтпөй коюшту. Эми командирлери жоокерлерди кийикке жөнөтүп жүрүшсө, анда бул кандай армия болот?

Аскердик мыйзамдарда катардагы жоокер куралы менен жоголгон учурда бир эле чек ара бекетинин эмес, бүтүндөй аскер жетекчилигинин жоопкерчилиги каралган. Бирок Чек ара кызматы өз алдынча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аталган чек ара бекетин карагандарды гана кызматтан четтетүү менен чектелди. Ошол эле учурда аскер прокуратурасы жоокердин жоголуп кетишинин чыныгы себептерин ачыктай элек. Ага жана аны менен кошо аңчылыкка чыккан жоокерлерге ким андай буйрук бергени дагы белгисиз бойдон турат.

Чек ара кызматынын чек араны кайтаруу башкармалыгынын башчысы Саиджан Эратов издөө иштери улантылып жатканын айтты:

- Учурда ошол чек ара бекетинин башчысы жана башка бир топ жетекчилер кызматынан алынып, мына ошол Кара-Мык жергесинде жоголгон жоокерди издөөгө жөнөтүлгөн. Бардыгыбыз биргеликте ал жоокерди аман-эсен таап алсак экен деп, издөө иштерин ушул күнгө чейин токтото элекпиз. Эми бул окуянын чоо-жайы тергөө учурунда дагы такталат.

Аскер жетекчилери жооп береби?

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө катталып, коомчулукка ачыкка чыгып кеткен бул эки факты боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок буга окшогон ондогон кылмыш фактылары жабылуу бойдон калган учурлар байкалган. Акыйкатчы институту менен укук коргоочулардын изилдөөсүндө жоопкерчиликсиздиктин жана башаламандыктын жыйынтыгы аскерлер арасындагы бейбаштыкты шарттаган.

Кой-Таштагы аскердик бөлүк

Кой-Таштагы аскердик бөлүк

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова жоокердин бөөдө өлүмүнө алып келген шалаакылык боюнча ушул күнгө чейин бир дагы аскер жетекчиси жоопко тартылбаганын белгиледи:

- Колунда куралы менен жоокер жоголду. Кара-Көлдө ырайымсыздык менен сабалган жоокер каза тапты. Майлы-Сууда жоокерди уруп өлтүргөн окуя болду. Анан эми мына ушундай окуялар болуп жатса, аскер жетекчилери ал жоокерлер өзүнүн жанын өзү кыйды же болбосо кокустук болду деген сыяктуу шылтоолорду айтып, аягына чейин териштирүүгө көңүл бурбай жатышат. Анан эми аскер бөлүгү деген жабык мекеме. Ал жакка каалаган адам кире албайт. Ошондуктан аскер жетекчилиги ал жакта эгерде жоокер өзүнө-өзү кол салган учурда деле ошол иш боюнча жооп берүүгө тийиш эле да. Бирок чынында андай жоопкерчилик болбой жатпайбы.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча аскер бөлүктөрүндөгү уставдан тышкаркы катаал мамиле күчөп, анын кесепетинен жоокерлер ур-токмокко алынган, өз жанын кыйууга чейин барган же армиядан качкан учурлар боюнча абал өзгөрүүсүз бойдон калууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG