Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Кыргызстан террорчулук менен күрөшкө даярбы?


4-майда өткөн машыгуудан бир көрүнүш.
4-майда өткөн машыгуудан бир көрүнүш.

Ош шаарында “Бүркүт-Антитеррор-2011” аскердик машыгуусу 4-майда аяктады. Машыгууга катышкан президент Роза Отунбаева Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанда дале терроризм жана экстремизм коркунучу бар экендигин эскертти.

Машыгууга байкоо салган президент Роза Отунбаева сырттан террорчулук тооруп турган азыркы шартта мындай машыгуунун мааниси өзгөчө экендигин белгиледи.

- Тышкы терс таасирлерден жана республиканын түштүгүндөгү улуттар аралык көйгөйдүн курчтугунан улам тыш жактардан террордук коркунуч ого бетер күчөдү.

Бүгүнкү машыгуу террорчул жана сепаратисттик күчтөргө эскертүү катарында эсептелет. Ошондой эле биздин шериктештик ар кандай мыйзамсыз аракеттерге сокку урууга даяр экендигин айгинеледи.

Тилекке каршы Борбор Азияга чектеш Ооганстанда, Пакистанда абал анчалык тынч эмес. Биздин атайын кызматтардын маалыматына караганда, террорчул уюмдардын мүчөлөрү Борбор Азия өлкөлөрүнө дейре кирип келишүүдө.

Бизди өтө кабатыр кылган – террорчул жана экстремисттик күчтөр өз ара биригип, өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүү үчүн улуттар аралык жана социалдык чыр-чатактарды чыгарууга бел байлашууда.


Буга улай мамлекет башчысы тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн эл көп чогулган жерлерде жана мамлекеттик маанилүү мекемелерде айрыкча кыраакылыкты көрсөтүүгө чакырды.

Бул жаатта Кыргызстан КМШ, Жамааттык Коопсуздук Келишими уюму, Шанхай кызматташтык уюму жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму өңдүү шериктерине абдан таяна тургандыгын жашырган жок.

Ошол эле учурда Роза Отунбаева түштүк окуялары боюнча эл аралык комиссия жарыялаган корутундулардан жыйынтык чыгарыла тургандыгына да токтоло кетти:

- Кыргызстанда былтыркы июнь окуясынын кайталанбашы үчүн биз ошол докладда келтирилген бардык сын-сунуштарды, албетте көңүлгө бек тутабыз. Буга бүгүнкү машыгуубуз күбө, биздин бардык аскер күчтөрүнүн кыраакылыгы эми мындан дагы артат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Марат Иманкулов терроризм коркунучу чындап эле Кыргызстанды тооруй турганын бышыктады.

- Терроризм коркунучу бизде эле эмес, бүтүн дүйнө жүзүндө болуп жатпайбы. Бул коркунуч өлкөбүздө мурдатан болуп келген, дагы деле боло бере тургандай. Анткени биздеги маалыматтар боюнча коншу мамлекеттер тынч эмес, демек анын кесепеттери бизге тийбей койбойт.

Ал эми көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги уюмуна караштуу “Антитеррор” борборунун жетекчи орун басары, генерал Молдояр Орозалиевдин баамында, кыргызстандык аскерлер машыгуу мезгилинде террорчуларга каршы күрөшүп, алардын арам ойлуу топторун жок кылууда жарамдуулугун далилдей алышты.

- Мына ушул тажрыйбалардын бардыгы көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагында коопсуздук органдары арасында кенири жайылтылмакчы.

Ошондуктан машыгуунун жүрүшүн кен-кесири баян эткен материалдар атайын китеп түрүндө басылат.


Аскердик машыгууга Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн антитеррордук топтору катышты.

XS
SM
MD
LG