Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Президент милицияны өзү реформалайбы?


Милиция кызматкерлерине үй тапшыруу аземи (31-октябрь, 2016-ж)
Милиция кызматкерлерине үй тапшыруу аземи (31-октябрь, 2016-ж)

Соңку алты жылда кыргыз бийлиги милицияны үч жолу реформа кылууга аракет жасап, бирок коомчулук күткөндөй жыйынтык берген жок.

Өкмөт милицияны өзгөртө турганын айтып, коомчулук жакында жаңы милицияны көрөт деп ишендирүүдө. Бирок жарандык коом өкүлдөрү милиция бийлик үчүн саясый курал болуп кала бергенин айтып, алдыдагы реформа буга чейинкилерден айырмаланбайт деп күмөн саноодо.

Атамбаев реформага өзү киришет

Соңку алты жылда кыргыз бийлиги милицияны үч жолу реформа кылууга аракет жасап, бирок коомчулук күткөндөй жыйынтыкка келе алган жок. Милиция дагы деле коррупцияга баткан орган болуп келатканын иликтөөлөр гана эмес, президент Алмазбек Атамбаев 31-октябрда өзү дагы айтып өттү.

Мамлекет башчы айрыкча Ички иштер министрлигиндеги жетектөөчү кызматтагыларды сындап, системаны чиритип жаткандарды “келемишке” салыштырды.

- Албетте, азыр деле милициянын ичинде “крысалар” көп. Ички иштер министрлигинин башкы аппараты өтө эле кеңейип кеткен. Канча министр келди, реформа кылгандын ордуна баягы эле жолго салып баратышат. Буга катардагы милициянын күнөөсү жок, реформанын жүрбөй жатышына жетекчилер күнөөлүү. Системаны тазалаш керек, Кашкардын (Министр Кашкар Жунушалиев - ред.) колунан келбесе, мен өзүм тазалайм.

Милициянын реформасын министрден талап кылуу туура эмес экенин айткандар четтен табылат. Мурдагы ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Эгембердиев реформа деген сөз министрлер үчүн саясый упай жасоонун куралы болуп калганын айтат. Ал "ажыдарга айланган" министрге реформаны жүргүзүү тапшырмасын берүүнүн арты жыйынтыксыз бүтөөрүнө терең ишенип, Грузиянын реформа ыкмасына салыштырып өттү.

- Биз Грузиянын системасы менен кеткибиз келет, бирок иш жүзүндө теңирден тетири кылып атабыз. Грузияда министр деген реформа, кадрдык суроого кийлигишпейт. Бул иштерди ал жакта министрдин орун басарлары жүргүзүп, бардыгынан отчетту министр өзү алып турат. Кыргызстанда болсо министр “монстрга” айланып алган. Кадрды да, орун басарларды да, кызматтын бардыгы министрдин көрсөтмөсү менен ишке ашат. Ошондуктан жакшы кадрлар сыртта калып, өз адамдар милицияны чырмап алган.

Милиция кантип жаңырат?

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев быйыл жайында кызматка жаңы дайындалганда алты жылдан бери бүтпөй келаткан милицияны реформалоону толук аягына чыгарарын билдирген эле.

Тартип сакчылардын ишмердигин жаңылоо алкагында Коргоо кеңеши ушул жылдын аягына чейин реформаны ишке ашырууну чечкен. Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров реформанын алкагында ИИМдеги бири-бирин кайталаган кызматтар жоюлуп, коррупциялык жолдор буулуп, жеке ишкерлер текшерүүдөн алыстап, коргоого алынарын билдирген.

Ошондой эле ИИМдин структурасы беш кызматтан туруп, экстремизм менен күрөшүү, мыйзамсыз миграция жана баңги затты көзөмөлдөө кызматтары милициянын курамына өткөрүлүп берилмекчи. Жумакадыров бул иштер акырындап аткарылып жатканын айтып, коомчулук жакында системалуу реформаланган милицияны көрөрүн айткан.

- Бул реформалар ички иштер органдарынын ишин жаңы баскычка көтөрүп, ичинде өзүн-өзү тазалоо механизми ишке кирет. Анын натыйжасында коомчулуктун терең ишенимине ээ болууга шарттарды түзүп, милициянын алып барып жаткан ишин жаңы, эффективдүү деңгээлге чыгарууга жол ачылат.

Реформа болбой, саясый упай болот

Анткен менен талдоочулар реформалоо деген түшүнүктүн мааниси кеткенин белгилешип, ички иштер органдарындагы күрдөлдүү өзгөрүүлөргө көп ишенишпейт.

2008-жылы “милицияны реформалоо концепциясын” иштеп чыгууга жигердүү катышкан жарандык коомдун өкүлү Калича Умуралиева бул маселеде ишти ордунан жылдырбай, эски система менен жашагысы келген күчтөр милициянын өзүндө көп экенин айтат.

Калича Умуралиева
Калича Умуралиева

- Реформа - милицияны аскер адамынан ажыратып, саясаттан алыстатканда гана ишке ашат. Бизде дагы деле реформа жүргүзүүгө саясый эрк бышып жетиле элек. Реформа кылам деген киши – эч жар салып, элге улам айтпай эле акырын жасайт. Эң негизгиси милициянын айлыгын көтөрмөйүнчө реформа жемишин бербейт. Айлыгы аз МАИ кызматкери башкалардан кайра эле акча алат, коррупция гүлдөй берет.

2010-жылдан кийин кыргыз милициясын реформалоо концепциясын иштеп чыгуу үчүн ЕККУ техникалык колдоо көрсөтүү долбоорун каржылаганы менен бул иштер кийин солгундап, милицияны реформалоо аксаган.

ИИМди реформалоонун алкагында “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашып, Бишкек, Ош өңдүү ири шаарлардын көчө-бурчтарына видео камералар орнотулмак. Бирок бул жаатта ар кандай ызы-чуу ишти азыркыга чейин үзгүлтүккө учуратып келет.

"Азаттыктын" сурамжылоосу: Сиз милицияга ишенесизби?

Сиз милицияга ишенесизби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

XS
SM
MD
LG