Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:10

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмеси 27-майда Жерүй боюнча сынактын чечимин жокко чыгаруу тууралуу бийликке кайрылуу жолдоду.

Анда азыркыдай шартта иштетилсе, Жерүйдө Кумтөрдөн начар абал түзүлө турганы айтылган.

Ал арада кыргыз өкмөтү аталган кенди иштетүүгө каршы чыккандарды ынандыра албай келет.

Таласта айрым жергиликтүү тургундар Кумтөр бир жаңсыл чечилмейинче Жерүй казылбасын деген талаптарынан баш тарта элек.

Ушул айдын башында Жерүй боюнча сынакта орусиялык “Восток-геолдобыча” компаниясы утуп алган болчу. Лицензиялык келишимге ылайык, кен уруксат берилгенден кийин 2,5 жылга жетпей казыла башташы керек.

Жыйынтыкталбай калган жыйын

Талас районунда 26-майда Бишкектен барган өкмөт өкүлдөрү жана Жерүйгө келген инвесторлор катышкан жыйын талаш-тартыш менен аяктады. Анда жергиликтүү тургундар Кумтөр чечилмейинче Жерүй ачылбасын деген талап койду. Алардын бири - Көпүрө-Базар айылынын тургуну Бузурман Сабатаров:

- Кумтөрдү чечип алгандан кийин иш кылбайлыбы. Геология агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев юридикалык илимдин кандидаты экен. Эмне себептен ушул убакка чейин чечилбейт? Элдин үмүтү үзүлүп баратат. Кенди казган компания өз кунун алып бүтүп койду. Кумтөрдө экология курудубу? Куруду! Ага карабай кыргыз байкуш “Центерранын” алдында тизесин бүгүп шүмүрөйүп турбайбы. Ошондой таз кейпин бул жерге кийгизбейли. Сиз, Зилалиев, Геология агенттигинин жетекчиси катары Кумтөрдү акырына чыгарыңыз. Анан келип, “мына, элим, момундай болуп чечилди” деңиз. Ошондо гана Жерүй тууралуу сүйлөйлү.

Жерүй иштетилбей турат

Жерүй иштетилбей турат

Жерүйдү иштеткени жаткан орусиялык “Восток-геолдобыча” компаниясынын өкүлдөрү жыйын бүтө электе ызы-чуудан улам чыгып кетти. Чогулгандар Таластын губернаторунун милдетин аткаруучу Байыш Жуманазаровду да сүйлөтпөй коюшту:

- Мына, өзүңүздөр көрдүңүздөр, инвесторлор кыргызча түшүнбөйт экен, жыйындан чыгып кетишти. Булар биринчи жолу келип жатышат. Алар "эл каршы болсо биз кетели" деп жатышат. Мындай кыла бере турган болсок эртең бизге ким келет?

Талас районуна караштуу Арал айылдык кеңешинин төрагасы Аваз Медетовдун айтымында, буга чейин жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйындарында Жерүй казылбасын деген чечим кабыл алынган. Негизги жүйө экологияга гана байланыштуу болуп жатат:

- Жалпы эле экология жактан каршы болуп жатат. Бул жерде саясат, же дагы башка нерсе жок. Бул маселени саясатташтырып, өз кызыкчылыктарына колдонуп да жиберишүүдө. Бул инвестор жагып калды, тиги жакпай калды деген да маселе жок. Же болбосо технологиясы жаман деген деле сөз болгон жок. Болгону эле экология бузулуп кетпесе экен, элге зыяны тийбесе экен деп жатабыз.

Жерүй Кыргызстандагы эң жакшы кен. Чалгындоо иштери жүргөн, баары белен.

Медетов Кумтөрдүн экологиясы боюнча шарт сакталбаганын белгиледи. Таластыктар ушундан улам ар кандай убадага ишенбей жатканын айтты:

- Эми экологияны сактайбыз деп эле убада берип жатышат. Бирок Кумтөрдү көрүп туруп башка жагына кантип макул боло алабыз? Кыргызстан Кумтөрдөн деле жыргагандай пайда көрүп кеткен жок го. Өкмөт Кумтөрдү ырааттап алгандан кийин анан Жерүйгө киришсе болмок. Кумтөрдөн пайда көрүп, элге "ушунча түштү, экология сакталды, эми Жерүйдү иштетели" десе макул болушмак. Азыр андай болбой жатпайбы. Азыркы төбөлдөрүбүздүн мактана турган эч нерсеси жок. Бул шайлоонун алдындагы эле сөздөр эмес. Бул "Жерүй ачылат" деп 2005-жылдан бери эле айтылып жаткан сөз.

Көйгөй көп, мунаса табыла элек

Жергиликтүү бийлик ушул тушта Жерүй иштетилсе, Таластын түшүнө кирбеген акча түшөт, бир топ социалдык маселелер чечилет деп түшүндүрүп жүрөт. Аймактагы өкмөт өкүлүнүн аппарат жетекчиси Байышбек Дүйшөбаевдин билдиришинче, жергиликтүү элдин басымдуу бөлүгү кендин ачылышын күтүп жатат:

- "Ушундай пайда түшөт, ушунча жумушчу орун болот, ушунча пайызы бөлүнсө мынча сом болот, айылдын, райондун, облустун фондуна ушунча акча түшөт, материалдык жардам келет" деп айтып, түшүндүрүп, тилибиз тешилди. Жүздөн ашык маселени камтыган социалдык пакетти түзгөнбүз. Анда жазылган курулуштардын, жолдордун баарынын салынышын талап кылабыз деп айтып жатабыз. Атайын уюшулгандай топтор да болуп жатат. Ошолор эле кыйкырып чыкса, элдин баарынын ою ушундай экен деп жатышат. Бирок жалпы көпчүлүк кендин иштешине макул.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр менен Жерүйдү салыштырганга болбой турганын айтып келет. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиев “Азаттыктагы” маегинде Жерүй Кумтөрдүн тагдырын кайталабайт деп ишендирүүдө:

- Кумтөр боюнча ишти башында эле кыйшык баштап алганбыз. Ал жерде коррупциялык схемалар колдонулган. Лицензия берилген эмес. Кен концессиялык макулдашуунун негизинде берилген болчу. Бюджетке бир да тыйын түшкөн эмес. Ачык-айкын сынак, же тендер өткөрүлгөн эмес. Ал эми Жерүй боюнча биз башында эле бюджетке 100 миллион доллар түшүрүп жатабыз. Мыйзамдын чегинде ачык-айкын сынак өткөрдүк. Андан сырткары Талас элинин бардык талаптарын социалдык пакетке киргизе турган болдук. Бул 50 миллион долларлык социалдык пакет. 100 миллион доллар деген бул адилет баа. Андан сырткары 30-40 пайызын салык катары төлөйт. Жумушчулардын токсон пайызы жергиликтүү тургундар болот.

Орозбек Дүйшеев

Орозбек Дүйшеев

Бирок Тоо-кенчилер бирикмеси өкмөттүн Жерүй боюнча чечимин сынга алууда. Алар 27-майда бийликке атайын кайрылуу жолдошту. Бирикменин төрагасы Орозбек Дүйшеев эгер азыркыдай шартта иштетилсе Жерүйдө Кумтөрдөн да начар абал түзүлөрүн эскертти:

- Мисалы, Кумтөрдү алгач бергенибизде 70 пайыз үлүшү биздики, 30у канадалыктардыкы болчу. Кен Кыргызстандын байлыгы, биздин менчик. Биз аны биргелешип иштеткенге гана берип жатабыз. Кумтөр боюнча башкы келишимде Директорлор кеңешиндеги тогуз адамдын алтоо Кыргызстандан болушу керек деп жазылган. Бирок муну аткарбай койду. Ошонун негизинде Кыргызстан башкарууга катышпай, Канада тарап өз билгенин кылды. Ал эми Жерүйдө Кыргызстандын бир пайыз да үлүшү жок. Башкарууга катышпайт. Биз 100 миллион долларга 3 миллиарддык байлыгыбызды сатып жибердик. Бул адамдын акылына сыйбай турган жорук. Экинчи жактан, биз ал-бул дегенибиз менен Кумтөргө келген канадалыктар адистер болчу. Ал эми Жерүйгө келгендер адистер эмес, алардын жер байлыгын иштетүү боюнча тажрыйбасы жок. Бул чалгындоо иштерин гана жүргүзүп келген, уюшканына 10 гана жыл болгон менчик компания.

Орозбек Дүйшеев өкмөт Жерүй боюнча адистердин кеңеш-пикирин укпай, атүгүл комиссияга да кошпой койгонун белгиледи:

- Жерүй менен Кумтөрдү салыштырып болбойт. Кумтөр татаал кен, казылышы кыйын. Ал эми Жерүй Кыргызстандагы эң жакшы кен. Бардыгы белен, чалгындалып бүткөн кен. Тоо-кен өнөр жайынан түшүнүгү жок адамдар ушундай иштерди жасап жатат. Бир топ катачылык кетти. Адеп баштаганда эле иштетүү шартын туура эмес түзүп коюшту. Экинчиден, комиссиянын курамында бир дагы тоо-кен адиси жок. Бул тармакты түшүнбөгөн адамдар болду. Ошондуктан ушундай абалга алып келишти.

Инвесторлордун көзүн кызарткан кен

Жерүй Кумтөрдөн кийинки эле ири кен. Анда болжол менен 100 тоннага жакын алтын бар. Кен бир канча жолу колдон колго өткөн. Далай инвестор алмашкан. Нааразылык акциялар болуп ал камакка алуулар, куугунтуктоолор менен коштолгон. Анын натыйжасында акцияга чыккан айрым адамдар чет өлкөдөн башпаанек алып кетүүгө да мажбур болгон.

2010-жылы бийлик алмашканга чейин Жерүйдүн 60 пайыз акциясы казакстандык “Визор групп” компаниясына таандык болгон. Жаңы бийлик инвестордук милдетти аткарган жок деген жүйө менен анын лицензиясын жокко чыгарган эле. Казакстандык компания кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берип, 400 миллион доллар доо койгон.

Жерүйдө болжол менен 100 тоннага жакын алтын бар

Жерүйдө болжол менен 100 тоннага жакын алтын бар

Апрел ыңкылабынан кийин келген өкмөт алгач кенди 300 миллион доллар деп баалаган. 2013-жылы биринчи сынак үзгүлтүккө учураган. Анткени сынакка бир гана “Контингент финанс” аттуу британиялык компания документ жөнөткөн. Шарт боюнча кеминде эки инвестор катышууга тийиш эле. Мындан кийин өкмөт кендин баасын 100 миллион долларга түшүргөн.

Экинчи сынак дээрлик эки жылдан кийин, ушул айдын башында гана аяктады. Анда үч компания “Алданзолото”, “Восток-геолдобыча” жана “Кыргызалтын” катышкан. Сынактын экинчи айлампасында орусиялык олигарх Сулейман Керимовго таандык “Алданзолото” катышуудан баш тарткан.

Экинчи айлампада “Восток-геолдобыча” утуп алган. Сынактын жыйынтыгына “Кыргызалтын” нааразы болуп, муну мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш деп баалаган. Жерүйдү “Кыргызалтын” араб ишкерлерине таандык, Британияда катталган Unity Gold Mining компаниясы менен чогуу иштетүүнү пландап жаткан эле.

“Восток-геолдобыча” - бул Орусиядагы “Русская платина” компаниясынын курамына кирген компания жана ээси Чеченстандан чыккан олигарх Муса Бажаев экени белгилүү. Компания Орусияда түстүү металл чыккан кендерди иштетет.

Бажаев мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун кара май боюнча бизнес өнөктөшү болгон. Мындан улам “Восток-геолдобычанын” сынактан утушун Бабанов менен байланыштырган сөз чыккан.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиев кийлигишүү болду деген дооматты төгүнгө чыгарган:

- Бабанов менен Бажаевдин кандай мамилеси бар экенин мен билбейм. Экөөнүн байланышы тууралуу ММКдан окудум, өзү деле иштешип жүргөнүн айтыптыр. Эми иштешсе иштешкендир. Мага Бабанов, же анын достору, же жакындары, кыскасы эч ким чыккан эмес. Мен өзүм үчүн жооп берем.

Тирешүүнүн жаңы толкуну

Келишимдин шарттары боюнча Жерүй боюнча 100 миллион долларды 4-июнга чейин которушу керек. Азырынча анын 10 миллиону гана келди. Компаниянын өкүлү Константин Злотников “Азаттыкка” комментарий берип жатып, Жерүй боюнча бардык милдеттенмелерди аткарууга даяр деп ишендирген:

- Жерүй боюнча бардык милдеттенмелерди моюнубузга алдык. Анын баарын аткарабыз. Бул жаатта кыргыз өкмөтүнүн да, башка тараптардын да кызыкчылыгын эске алуу менен бул маселени чечебиз. Ал эми жергиликтүү тургундардын нааразылыгы боюнча айтсак, биз өз долбоорубузду сунуштап жатканда алардын өкүлдөрү да таанышып, эч кандай каршылыгын билдирген жок. Ошондуктан жергиликтүү тургундар менен тил табышабыз деп үмүттөнүп жатабыз.

Президент Алмазбек Атамбаев кендин айланасындагы талаш-тартыштын артында мурунку президенттин үй-бүлөсү аралашкан атайын күчтөр турарын айткан жайы бар. Былтыр Таласка барганда облус бир канча жылдан бери өкмөттөн жардам алып дотацияда отурганын эскертип, зекип да келген болчу:

- Эки-үч жылдан бери Таласта эч бир кенди иштетпейбиз, 50 жылдан кийин урпактар иштетсин деген сөз жүрүп жатат. Эгемен Кыргызстандын ар бир жылын алсак Таластын бергенинен алганы үч-төрт эсе көп. Бир облустун Кыргызстандын элинин минтип мойнуна минип алганы туура эмес. Муну мен айтпасам, эч ким айтпайт. Манас атанын жери керек болсо бүтүндөй Кыргызстанды бага турган жер. Азыр дагы элүү жыл эч нерсе иштетпейбиз деген эргулдар чыгып жатат. Анда чек ара, аскерлер, мамлекет Таласка кереги жок экен да. Бул уят! Майда кендерди иштетпей эле койсок болот. Бирок Кумтөр, Жерүйгө окшогон кендерди иштетүү керек.

Бирок кенди иштетүүгө каршылар талаптарынан баш тарта элек. “Талас эл ынтымагы” кыймылынын жетекчиси Серен Шейшеновдун билдиришинче, 7-июнда шаардык стадиондо ири жыйын болот жана мөөнөтсүз нааразылык акция башталат:

- Биз үч жылдан бери далай кеңешмелердин чечимин, курултайлардын резолюцияларын кабыл алдык. Талкууларды уюштурдук, ачкачылык акциясын өткөрдүк. Болгон нааразылык акциялардын баарын уюштуруп келдик. Бийликке, кыргыз өкмөтүнө, президентке расмий түрдө бергенбиз. Бирок эл тарапка эч кандай алгылыктуу жооп келген жок. Биз менен эсептешкен да жок. Сырттан тон бычып, чечим кабыл алышканы туура эмес болуп калды.

Ал арада Жерүй жана аны иштетүүдөн түшкөн пайда тууралуу жарнама коомдук каналдан байма-бай көрсөтүлө баштады.

Ага удаа эле кен тууралуу саясий ыр да пайда болду. Өзүнүн саясий ырлары менен таанымал Сагынбек Момбековдун бул чыгармасы Таластагы 6-июнда өтчү жыйында жаңырып, кенди иштетүүгө каршы чыккандардын гимнине айланат шекилдүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG